ЖАПОНИЯДА ИЙГИЛИККЕ ЖЕТКЕН СТУДЕНТ

  • 16.01.2024
  • 0

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин 4-курсунун студенти Санжар Аильчиевдин Японияда чет тилдүү студенттер арасында япон тили боюнча өткөн  “Чечендик өнөр”сынагында “Прикосновение к мировой культуре в студенческом общежитии” деген темадагы доклады эң жогорку баага татып, биринчи орунга ээ болду.

ЖАПОНИЯДА ИЙГИЛИККЕ ЖЕТКЕН СТУДЕНТ

Санжар Аильчиев окуу жайдын алдындагы Япон таануу институтунун Аймак таануу багытында билим алат. Учурда академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Осака шаарындагы Кансай университетинде билим алууда.

Студенттин айтымында, “Чечендик өнөр”  сынагы «Кансай» жана «Осаки» университеттеринин ортосундагы эл аралык студенттердин арасында өткөрүлгөн. Биринчи этапта студенттер берилген темага байланыштуу текст жазып, алардын маанисине, сапатына жараша он студент өткөн. Экинчи этапта ар бир студенттин туура жана так сүйлөө речи, эл алдында өзүн алып жүрүүсү, сезимдери каралып, алты мыкты студент тандалып алынган.  Чечүүчү турдагы студенттин кыргыз маданияты тууралуу  айтып гана бербестен,  өлкөнүн эң маанилүү болгон баш кийими менен чыккандыгы изюминкасы болгонун айтат.

  • Буга чейин дал ушундай “Чечендик өнөр” сынагына Бишкектен университеттер арасында катышып, тилекке каршы, эч бир орунга илинбей калгам. Бирок жакшы тажрыйба катары кабыл алгам. Чынында, Жапониядан жеңүүчү болом деп күткөн эмесмин. Себеби бардык оппоненттер ар тараптуу күчтүү жана жапон тилин жогорку деңгээлде билген студенттер эле. Анүстүнө, Кытайдан келген студенттер жети жылдан бери биринчиликти бербей келгендигин айтып, жеңүүчү болорума мүмкүнчүлүгүм аз экендигин билдиришкен. Балким мен жаттап сүйлөбөй,  Жапониядагы жашоомду толук өз эмоцияларым аркылуу жеткире алдым окшойт. Мага биринчи орун бергенине сүйүнүчүмдө чек жок, — дейт студент.

ЖАПОНИЯДА ИЙГИЛИККЕ ЖЕТКЕН СТУДЕНТ

Санжар Аильчиевдин институт аркылуу Жапонияга болгон экинчи сапары.  Биринчи ирет Нагоя шаарына үч айга практикага барган. Ошондо Жапонияда окууну кыялданып, чоң үмүт менен кеткен. Ар кандай мүмкүнчүлүктөрдү издеп отуруп, UMAP программасына туш болгон.  UMAP- бул БУУнун 17эрежесине дал келген платформа. UMAP аркылуу дүйнөнүн бардык жерлериндеги ЖОЖдордо билим алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.  Эгерде окуу боюнча маалымат алууга кызыккандар болсо, өзү инстаграм (Ailchiev_sanjar) баракчасы аркылуу маалымат берип турганга даяр.

ЖАПОНИЯДА ИЙГИЛИККЕ ЖЕТКЕН СТУДЕНТ

Санжар Аильчиев буга чейин да окуу жайдын ар кандай иш-чарасында активдүүлүгүн көрсөтүп келген. 2023-жылы эки жумалык Winter Discovery Camp программасына катышкан. Келечекте чет өлкөдө магистратураны улантууну ниет кылат.

ЖАПОНИЯДА ИЙГИЛИККЕ ЖЕТКЕН СТУДЕНТ

  • Жапония менен эле чектелип калбастан, башка өлкөлөрдү да карап, анализ жүргүзүүдөмүн. Албетте, Жапония өнүккөн өлкө болгондуктан, алардан үйрөнүүчү нерселер көп. Чет жерден алган илим-билимимди өз мекенимде туура колдоно алам деп ишенем. Өзгөчө Кыргызстандагы сервисти өнүктүргүм келет. Кудай буйруса, бир нече жылдан кийин дал ушундай интервью менен максаттарымдын кантип ишке ашкандыгы тууралуу маек берем.  Кыргыз эли келечекте жакшы ийгиликтердин ээси болоруна ишенем, — дейт Санжар Аильчиев

АЙГЕРИМ Токтобаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер