ЖАПАРОВ «ЖОГОРКУ НАРЫН ГЭС КАСКАДЫНА» БАРДЫ

  • 09.11.2020
  • 0

Президенттин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров Нарын облусуна иш сапарынын алкагында «Жогорку Нарын ГЭС каскадына» барды.

ЖАПАРОВ «ЖОГОРКУ НАРЫН ГЭС КАСКАДЫНА» БАРДЫ

Белгилей кетсек, «Жогорку Нарын ГЭС каскады» жабык акционердик коому 2012-жылдын октябрь айында Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын өкмөттөр аралык келишимге ылайык катталган.  Бирок кыргыз тараптан келишимдин денонсацияланышына жана анын иштөөсү токтотулгандыгына байланыштуу, 2016-жылдын 9-августунан ушул күнгө үчүн  долбоордук-изилдөө жана курулуш-монтаждык иштери токтотулган.

ЖАПАРОВ «ЖОГОРКУ НАРЫН ГЭС КАСКАДЫНА» БАРДЫ

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров вахталык кыштакчанын жана «Жогорку Нарын ГЭС каскады» жабык акционердик коомунун мүлкүнүн абалы менен таанышты. Учурда аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругуна ылайык, «Электр станциялары» ААКсы коргоого алган.

«Электр станциялары» ААК төрагасы Президенттин милдетин аткаруучуга «Жогорку Нарын ГЭС каскадынын» учурдагы абалы жана анын тегерегиндеги соттук териштирүүлөр туралуу маалымат берди.

ЖАПАРОВ «ЖОГОРКУ НАРЫН ГЭС КАСКАДЫНА» БАРДЫ

Президенттин милдетин аткаруучу «Жогорку Нарын ГЭС каскадынын» курулушу, ириде өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кыла турган маанилүү стратегиялык объект экендигин белгиледи.

Садыр Жапаров энергетикалык объектиге байланыштуу сот ишинин жүрүшү тууралуу маалыматты өз убагында билдирип турууну тапшырып, бул маселе анын жеке көзөмөлүндө экендигин кошумчалады.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер