ЖАПАРОВ «КАЗ МИНЕРАЛЗ БОЗЫМЧАК» КЕНИНИН ИШИ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

  • 05.11.2020
  • 0

Президенттин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Ала-Бука районундагы «КАЗ Минералз Бозымчак» ЖЧКнын ишмердүүлүгү менен таанышты.

ЖАПАРОВ «КАЗ МИНЕРАЛЗ БОЗЫМЧАК» КЕНИНИН ИШИ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Андан соң Президенттин милдетин аткаруучу Ала-Бука районунун Көк-Серек жана Көк-Таш айыл аймактарынын эли менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Жапаров чек ара маселелерин чечүү, коррупцияга каршы күрөшүү жана өлкөнү өнүктүрүү боюнча жергиликтүү элдин суроолоруна жооп берди.

Президенттин милдетин аткаруучунун айтымында, Өзбекстан Республикасы дагы чек ара маселесин тынчтык жолу менен чечүүгө кызыкдар. Ал мамлекеттик чек ара кызматы УКМКга кошуларын, эми чек ара маселеси менен атайын кызмат иш алып барарын кошумчалады.

ЖАПАРОВ «КАЗ МИНЕРАЛЗ БОЗЫМЧАК» КЕНИНИН ИШИ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Садыр Жапаров жер казынасын пайдалануу тармагы боюнча берилген суроолорго жооп берип жатып, бул тутумдун мамлекеттин экономикасында олуттуу орду бар экенин белгиледи.

«Бир эле мисал — „Эти Бакыр Терексай“ ЖЧКсы боюнча маалымат менен бөлүшө кетейин.  Компаниянын божомолу боюнча, толук кандуу иштеп баштаганда бюджетке 63 млн доллар берип турат. Бул чоң сумма. Чаткал районуна 3 млн 570 миң доллар берүү милдетин алган. Мындан тышкары, 20 млн доллар „Кыргыз алтын“ дивиденд катары алат. Бул мамлекеттик ишкана. Менин пикиримде, мыйзамдуу иштеген компаниялардын ишине тоскоолдук жаратпоо керек», — деди Президенттин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров.ЖАПАРОВ «КАЗ МИНЕРАЛЗ БОЗЫМЧАК» КЕНИНИН ИШИ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

 

Жолугушууда ошондой эле жол маселеси дагы көтөрүлүп, бул боюнча Президенттин милдетин аткаруучу тармактык мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына конкреттүү тапшырмаларды берди.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер