ЖАПАРОВ БАТКЕН, ОШ ЖАНА ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСТАРЫНА ИШ САПАР МЕНЕН БАРАТ
- 02.11.2020
- 0
Президенттин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров 2-4 ноябрда Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарына иш сапар менен барат.
Иш сапардын алкагында Президенттин милдетин аткаруучу, Премьер-министр облустардагы инфраструктуралык объектилердин курулушу менен таанышат. Мындан тышкары Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынан, ошондой эле Ош шаарынан эл менен жолугушат.
КР Өкмөтүнүн басма сөз кызматы
Бөлүшүү
Комментарийлер