ЖАЛПЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК ТЕСТИРЛӨӨ 18-МАЙДА БАШТАЛАТ
- 08.05.2024
- 0
Билим берүү жана илим министрлигинин “Жалпы республикалык тестирлөөнү өткөрүү жөнүндө” буйругу бекиди. Ага ылайык, 2024-жылдын 18-майынан 25-июнуна чейинки убакыт ЖРТ өткөрүү мезгили деп белгиленип, төмөнкү мөөнөттөрдө өткөрүлөт:
- I этап: 18, 19, 20-майда;
- II этап: 22, 23, 24-майда;
- III этап: жүйөлүү себептер менен тест тапшырбай калган бүтүрүүчүлөр үчүн 2024-жылдын 21, 22, 23-июнунда.
Мындан сырткары, 17-май, 21-май, 20-июнь тест борборлорун даярдоо күндөрү деп эсептелинет.
Эскерте кетсек, каттоого жетишпей калган бүтүрүүчүлөр үчүн 2024-жылдын 17, 21-май жана 20-июнь күндөрү тест борборлорунда кошумча каттоо жүргүзүлөт.
Бөлүшүү
Комментарийлер