ЖАЛАЛ-АБАДДА «МЫКТЫ МУГАЛИМ» СЫНАГЫ

  • 10.05.2023
  • 0

ЖАЛАЛ-АБАДДА "МЫКТЫ МУГАЛИМ" СЫНАГЫ

Жалал-Абад шаарындагы №13 Р.Азимов атындагы орто мектебинде «Жылдын мыкты мугалими 2023» кароо сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү. Ага Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад шаардык комитетинин төрагасы Максат Мамасыдыков,  мектеп директорлору жана мугалимдер катышты.

“Жылдын мыкты мугалими” сынагына шаардагы 20 мектептен 19 мугалим катышып, алардын арасынан баш байгени №13 Р.Азимов атындагы орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Айнура Асылбекова жеңип алды. Ага ноутбук жана диплом тапшырылды. Эми ал сынактын облустук турунда Жалал-Абад шаарынын намысын коргойт.

Ал эми калган байгелүү орунду камсыздаган жана сынакка катышкан бардык катышуучуларга белектер, номинациялар жана дипломдор тапшырылды.

Жалал-Абад шаар мэри Эрнисбек Ормоков “Жылдын мыкты мугалими” сынагында ийгиликке жетишкен мугалимдерди куттуктап, жергиликтүү бийлик билим берүү тармагын ар дайым колдой турганын белгиледи.

Төрага Максат Мамасыдыков “Жылдын мыкты мугалими 2023” кароо сынагына катышкан жалпы мугалимдер Ысык-Көл облусундагы эс алуу жайына эс алышарын айтты.

 Белгилей кетсек, “Жылдын мыкты мугалими” сынагына жергиликтүү бюджеттен 300 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Мындан сырткары 700миң сом акча каражаты «Алтын сертификат», «Алтын тамга» алган бүтүрүүчүлөргө, алардын мугалимдерине жана ата-энелерине сыйлык катары берилмекчи.

 Эске салсак, 2022-жылы өткөн жылдын мыкты мугалими сынагына шаар бюджетинен бир миллион сом акча каражаты бөлүнүп, баш байгеге автоунаа коюлган болчу.

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад шаардык комитетинин төрагасы Максат Мамасыдыков маек берген.

Бөлүшүү

Комментарийлер