ЖАЛАЛ-АБАДДА МЕДИАСАБАТТУУЛУК БОЮНЧА ОКУТУУ ӨТТҮ

  • 21.11.2022
  • 0

ЖАЛАЛ-АБАДДА МЕДИАСАБАТТУУЛУК БОЮНЧА ОКУТУУ ӨТТҮ

«ММК колдоо борбору» фонду «BRYCA» долбоорунун алкагында, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даядоо институту менен биргеликте Жалал-Абад облусундагы Тарых, Адам жана коом предметин окуткан мугалимдер үчүн медиасабаттуулук боюнча үч күндүк семинар-тренинг уюштурду. Бул тууралуу Ош билим берүү институтунун кызматкери, «МедиаСабак» Фондунун Түштүк боюнча координатору Тынчтыкбек Досмуратов билдирди. 

ЖАЛАЛ-АБАДДА МЕДИАСАБАТТУУЛУК БОЮНЧА ОКУТУУ ӨТТҮ

Медиа-маалыматтык сабаттуулукту билим берүү аркылуу жайылтуу, маалыматтык доордо жаңы кыйынчылыктарга туруштук берүү, ошондой эле өз багытындагы медиа сабаттуулугун окутуу жаатында кесиптик билимин кеңейтүү, бул жааттагы долбоорлорду уюштуруучуларга көмөк көрсөтүү максатында уюштурулган бул семинар-тренинг «Медиа сабаттуулуктун компетенцияларын калыптандыруу жана баалоо» деп аталып, анда Жалал-Абад облусуна караштуу райондордон келген жалпы 30 мугалим сертификатка ээ болду.

Аталган иш-чарада тренерлик кылган Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даядоо институтунун ага окутуучусу Матлюба Азимова медиасабаттуулукту жайылтуу жараянын дагы да тездетүү керектигин айтып, “Биз бул окууну буга чейин Ысык-Көл, Нарын, Ош облусунун, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарынын мугалимдери үчүн уюштурдук. Ал эми алдыда Талас, Баткен, Чүй облусунун мугалимдери үчүн уюштурмакчыбыз. Жалал-Абад облусундагы тренингибизге көмөктөш болгон “ММК Колдоо Борборуна” ыраазылык билдирүү менен, учурдун талабы болгон медиасабаттуулук көндүмү айрыкча тарых, адам жана коом предметинин мугалимдери үчүн абдан маанилүү экендигин айткым келет”, – деп кошумчалады.

ЖАЛАЛ-АБАДДА МЕДИАСАБАТТУУЛУК БОЮНЧА ОКУТУУ ӨТТҮ

Тренингдин катышуучусу, Жалал-Абад облустук усулдук борборунун квалификацияны жогорулатуу бөлүмүнүн башчысы Шазада Бегматованын айтуусунда аталган долбоордун негизинде уюштурулган бул окутуу керек болсо башка предметтерди окуткан мугалимдерге да жайылтуу зарыл деп эсептейт. Ал семинар-терингден алган маалыматтарын облустук деңгээлде жайылтууну максат кылат.

Кошумчалай кетсек, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даядоо институту үч күндүк тренингдин катышуучуларына андан ары да онлайн сабактарды өтүп, 72 сааттык программадагы сертификатын ыйгарат. Аталган институт курс угуучуларынын ичинен тренерлерди таптап, алардын медиасабаттуулукту андан аркы жайылтуу иштерине көмөктөшөт.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер