КЕСИПТИК БИЛИМ – ИЙГИЛИККЕ КӨПҮРӨ, КЕСИП ҮЙРӨН – КЕЛЕЧЕГИҢДИ ТҮПТӨ!

  • 30.04.2026
  • 0

Урматтуу абитуриент!

Ысык-Көл облусуна караштуу, Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылында жайгашкан И.Касендеев атындагы №55 кесиптик лицейи сизди чакырат.

Сиз жашоодогу маанилүү тандоонун алдында турасыз. Кесип – бул жөн гана иш эмес, бул сиздин келечегиңиз, мүмкүнчүлүгүңүз жана ийгилигиңиз. Өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошкон мыкты адис болуу сиздин колуңузда! Өз талантыңызга, кызыгууңузга жараша кесип тандап, чоң максаттарды көздөп, ишенимдүү кадам таштаңыз! Биз сизди колдоого даярбыз!

Эгерде сиз, 9-классты бүтүп, кайсы окуу жайга барсам, кесиптик билим алып, бир кесиптин ээси болом деп, ойлонуп жатсаңыз, анда Барскоон айылында жайгашкан, Ильяс Касендеев атындагы №55 кесиптик лицейине эч ойлонбостон келиңиз.

2026-2027-окуу жылына 9-класстын базасында, 2 жылдык жана 10 айлык мөөнөттө, төмөндөгү адистиктерге окуучуларды кабыл алат.

Убакытты текке кетирбе! 2 жыл ичинде кесип + диплом + тажрыйба+ мамлекттик аттестат алып чыгасыз!

Эмне үчүн бизди тандайсыз?

• Дуалдык окутуу – окуу менен ишти бирге үйрөнөсүз;

• Реалдуу практика – чыныгы ишканаларда;

• Тажрыйбалуу, дасыккан мыкты устаттар;

• Кесиптик билим алууга, бир кесиптин ээси болууга мүмкүнчүлүк аласыз;

• Окуу жайды бүтүргөндөн кийин, жумуш менен камсыз болосуз.

Биздин лицейди бүтүргөн студенттер жумушсуз калбайт! Себеби биз заман талабына ылайык кесиптерди үйрөтүп, ар бир бүтүрүүчүбүздү эмгек рыногунда суроо-талапка ээ адис кылып даярдайбыз. Практикалык билим, тажрыйба жана кесиптик чеберчиликтерге ээ болгон бүтүрүүчүлөрүбүз ар дайым ишке орношуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Биздин бүтүрүүчүлөр ар кайсы тармактарда ийгиликтүү иштеп, кесиптеринде өз ордуларын тапты. Кесиптик билим алуу – келечекке жасалган чоң кадам. Биз келечектеги ийгиликтерге жетүү үчүн бизге келген студенттерге жаңы мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайбыз.

2026-2027-окуу жылына карата 9-11-класстын класстын базасында, 2 жылдык жана 10 айлык мөөнөттө, төмөндөгү адистиктерге окуучуларды кабыл алат:

“Ашпозчу-кондитер” кесиби – даамдын устасы, таттуунун сыйкырчысы!

Квалификациясы: III разряддагы ашпозчу, III разряддагы кондитер.

КЕСИПТИК БИЛИМ – ИЙГИЛИККЕ КӨПҮРӨ, КЕСИП ҮЙРӨН – КЕЛЕЧЕГИҢДИ ТҮПТӨ!

Окуу мөөнөтү: 2 жыл ( 9-кл. базасында)

10 ай (11-кл. базасында).

“Ширетүүчү” кесиби – темирге жан киргизген чебер!

Квалификациясы: III разряддагы ширетүүчү, “В”, “С” категориясындагы айдоочу.

“Маалыматтык-коммуникативдик технологияларды эксплуатациалоо боюнча адис” (IT) – келечектин кесиби!

Квалификациясы: Компьютердин оператору.

Окуу мөөнөтү: 2 жыл ( 9-кл. базасында)

10 ай (11-кл. базасында).

КЕСИПТИК БИЛИМ – ИЙГИЛИККЕ КӨПҮРӨ, КЕСИП ҮЙРӨН – КЕЛЕЧЕГИҢДИ ТҮПТӨ!

“Туристтик маршруттарды коштоочу адиси” тереңдетилген англис тили менен – тарыхты жана табиятты тааныткан жол көрсөтүүчү!

Квалификациясы: I, II, III татаалдык категориясындагы туристтик маршруттарды коштоочу, саякат уюштуруучу.

“Автотранспорт каражаттарын оңдоочу слесарь – автоэлектрик” – темир тулпарга жан берген чебер.

Квалификациясы: III разряддагы автослесарь-автоэлектрик, “В”, “С” категориясындагы айдоочу.

Турак-жай коммуналдык чарба устаты (сантехник-электрик) – темирге жан киргизген, үйгө жылуулук алып келген чебер!

Квалификациясы: III разряддагы слесарь-сантехник.

Окуу мөөнөтү: 2 жыл ( 9-кл. базасында)

10 ай (11-кл. базасында).

“Ветеринар” кесиби – жаныбарлардын дарыгери, табияттын камкорчусу!

Квалификациясы: IV разряддагы жаныбарларды ветеринардык кароо боюча оператор.

Окуу мөөнөтү: 10 ай ( 11-кл. базасында).

Токойчу, егерь – табияттын сакчысы, токойдун көзү жана коргоочусу!

III разряддагы токойчу, егерь.

Окуу мөөнөтү: 10 ай (11-кл. базасында)

Окуу жай жөнүндө маалымат

Барскоон айылындагы И.Касендеев атындагы №55 кесиптик лицейи 1983-жылдан бери 10 миңден ашуун квалификациялуу жумушчу кадрларды тарбиялап чыгарды. Учурда эл чарбасына керектүү 10 кесип боюнча окутуу жүргүзүлөт. Окуу-өндүрүштүк иштерди өз деңгээлинде алып баруу үчүн бардык керектүү жабдуулар, шаймандар менен камсыз болгон.

  • Окуучуларга дасыккан, квалификациялуу мугалим, устаттар билим берет;
  • 12 кызматкер “Билим берүүнүн”, “Кесиптик билим берүүнүн мыктысы” төш белгилеринин ээси;
  • Окуучулардын практикасын, ишке орношуусун уюштуруу максатында республика боюнча 30дан ашык чакан жана ири өнөр жай ишканалары, мекеме-уюмдар менен өз ара кызматташуу тууралуу келишимдер түзүлүп, тыгыз иш алып барышат;
  • Бүтүрүүчүлөр мамлекеттик үлгүдөгү аттестат жана кесиптик диплом менен катар эмгек китепчесине ээ болушат. Китепчеге студенттин алган кесиби жана окуу мезгили расмий түрдө белгиленет.КЕСИПТИК БИЛИМ – ИЙГИЛИККЕ КӨПҮРӨ, КЕСИП ҮЙРӨН – КЕЛЕЧЕГИҢДИ ТҮПТӨ!

Биздин лицейде студенттер үчүн эң жакшы шарттар түзүлгөн:

  • Түшкү тамакка кам көрүлүп, жатаканаларда жайлуу шарттарыбыз бар;
  • Жыл бою студенттер арасында маданий иш-чаралар, лицей аралык олимпиадалар, кесиптер боюнча чемпионаттар, интеллектуалдык сынактар, жумалыктар, спорттук оюндар байма-бай өтүп турат;
  • Жакшы окуган студенттерге мамлекет тарабынан стипендия каралган;
  • Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, тоголок жетим, жардамга муктаж окуучуларга социалдык колдоолор көрсөтүлөт;
  • Студенттердин жеке жетишкендигине да ар тараптуу колдоо көрсөтүлүп турат.

Кабыл алуу 2026-жылдын 30-июнунан тартып, онлайн форматта жүргүзүлөт.

КЕСИПТИК БИЛИМ – ИЙГИЛИККЕ КӨПҮРӨ, КЕСИП ҮЙРӨН – КЕЛЕЧЕГИҢДИ ТҮПТӨ!

Төмөндөгү документтер талап кылынат:

  • Директордун наамына арыз;
  • Билими тууралуу документтин түп нускасы;
  • 086/ у формасындагы медициналык справка;
  • 3*4 өлчөмүндөгү 6 сүрөт;
  • Паспорт же туулгандыгы жөнүндө күбөлүк;
  • Жашаган жеринен жана үй-бүлөсү тууралуу маалымдама.КЕСИПТИК БИЛИМ – ИЙГИЛИККЕ КӨПҮРӨ, КЕСИП ҮЙРӨН – КЕЛЕЧЕГИҢДИ ТҮПТӨ!

Байланыш телефондору:
0500 222 030; 0505 040 376

Социалдык тармактар:

Барскоон айылы, кесиптик лицей (Facebook)

KI 55 barskoonik (инстаграм)

№55 лицей Барскоон (Tik Tok)

Биздин дарек: Жети-Өгүз району,

 Барскоон айылы,

 Самак көчөсү, 33/2

Бөлүшүү

Комментарийлер