ЖАКЫНКЫ ЖАНА АЛЫСКЫ ЯПОНИЯ

  • 05.03.2019
  • 0

Бишкек шаарындагы  №10 кесиптик-техникалык лицейде Кыргызстандагы Япония мамлекетинин ыйгарым жана укуктуу элчисинин ашпозчусу Нисия Ясухиро окуу жайдын окуучуларына япон тамак-ашын жасоо боюнча өткөргөн мастер-класста карааге, онигири жана мисо сорпосун  даярдоо ыкмалары, ингридиенттери менен бөлүштү.

ЖАКЫНКЫ ЖАНА АЛЫСКЫ ЯПОНИЯ

Лицейдин директору Саадат Жамангулованын айтымында,  окуу жайда эл аралык кухня деген программа бар.  Анын ичине япон кухнясы да кирет.

  • Көп жылдан бери Япон Эл аралык кызматташуу агенттиги (JICA) менен сүйлөшүп,  “бизде пиццериялар көп, япон тамак ашын биз туура даярдап жатабызбы же туура эмеспи,  ашпозчу жөнөткүлө” деп сурангам. Кыргызстандагы Япония мамлекетинин элчиси Ёсихиро Ямамура өзүнүн ашпозчусун алып келип, мастер-класс өткөрттү. Элчи дагы, анын 2-катчысы дагы орус тилинде жакшы сүйлөшөт экен. Баарлашканга бизге абдан жеңил болду, — дейт директор айым.

Элчи Ёсихиро Ямамуранын айтымында, алардын көз карашында Кыргызстанда япон тамак-аштары көбүнесе туура эмес даярдалат. Ошондуктан Япониянын маданияты менен окуучуларды жакындан тааныштырып, анын ичинен япон тамак-аштарын туура жасоону үйрөтүүнү көптөн бери пландаштырып келишкен. Элчинин экинчи катчысы Сатоши Идзицунун пикиринде, кыргыз тамактары абдан даамдуу. Анын айрымдары, маселен, бешбармак алардын камыр тамактарына окшош.

ЖАКЫНКЫ ЖАНА АЛЫСКЫ ЯПОНИЯ

  • Жылда бир жолу иш-чара өткөрөбүз. Көптөн бери Япониянын кулинариясы боюнча иш-чара өткөрсөк деген планыбыз бар болчу. Элчибиздин ашпозчусу Нисия Ясухиро япон тамак-ашы менен окуучуларды тааныштырды. Бишкек шаарындагы  №10 кесиптик-техникалык лицей  абдан белгилүү окуу жай деп айтышканынан ушул лицейге келдик. Бишкекте деле япон тамак-ашын жасагандар бар экен, бирок япондуктардын көз карашы боюнча кемчиликтер бар, биздин тамак-ашка окшобойт. Ошондуктан накта япон тамак-ашы менен тааныштырууну чечтик. Кыргызстанда япондор абдан аз, — дейт Сатоши Идзицу.

Нисия Ясухиро окуучуларга мастер-класс өтүү үчүн бардык азык-түлүктөрүн өзү ала келиптир. Ар бир тамакты жасап жатып, балдарга тамактын тарыхына чейин айтып берди. Мисалы, онигири тамагын алалы. Ашпозчунун айтымында, онигири күрүчтөн жасалат.

ЖАКЫНКЫ ЖАНА АЛЫСКЫ ЯПОНИЯ

  • Күрүчтүн үч түрү бар. “Жапоника”, “Индика” жана “Жапаника”. “Жапоника” күрүчү Японияда өсөт, ошондуктан ал бизде көп пайдаланылат. Ошондой эле Корея жарым аралында, Кытайдын түндүк-чыгыш тарабында, Тайвандын түндүгүндө жана АКШ батыш жээктеринде өндүрүлөт. Япон күрүчү сууну көп талап кылат, ошондуктан ал жумшак, жалтырап да турат. Бул күрүч жабышкак. Ал эми “Индика” күрүчү Индияда, Индонезия, Бангладеш, Вьетнам, Таиланд, Мьянме, Филиппин, Америка, Бразилия, Кытайдын түштүгүндө өндүрүлөт. Биздин күрүчтөн айырмасы жабышкак эмес, уникалдуу жыты бар. Бул күрүчтү көбүнчө пловго же кууруганга пайдаланылат. Онигири тамагын жасаганды көрсөтөйүн, — деди ашпозчу.

Ошентип онигири тамагын “күрүч жаздыкчасы” деп коюшат экен. Бул тамакты жасаардан мурда колду жылуу сууга салып, анан кургаткандан кийин тузду алаканга салып ушалап, бууга бышкан күрүчтү алып, ары-бери оодарып, тийиштүү формага келтирүү зарыл. Эгерде көпкө чейин колдо күрүчтү кармап турса, ал катуу болуп калат. Эгерде былжыраган жумшак боюнча койсо, ал чачырап кетет. Ошондуктан онигирини жасап жатканда бир дем менен бат-бат формага келтирип, орто жерин күрүч менен толтуруп, атайын жалбырак менен деле ороп койсо болот. Ал эми карааге тамагы окуучуларга абдан жакты. Ал тооктун эти менен жасалат экен. Тооктун этине туз, калемпир, чеснок, соя соусы менен имбирди кошуп, аралаштырып, он мүнөткө чылап коюу зарыл. Беш мүнөттөн кийин кукуруз крахмалын кошуп, аралаштырат. Андан соң даяр болгон этти унга оонатып, 180 градустагы ысык майга салып, бышырыш керек. Үчүнчү тамагы — мисо сорпосу болду. Бул япон кухнясынын салттуу тамагы болуп эсептелинет. Илгери бул тамакты жөнөкөй, айылдыктар жесе, кийин бул тамакты бардык япондуктар жеп калышкан. Негизинен бул күрүчтөн, арпадан жасалат экен. Мунун бир нече түрлөрү бар. Айрым япондуктар мисону тамакка даам келтирчү приправа сыяктуу да пайдаланышат. Окуучуларга көрсөткөн мисо сорпосу суюк экен. Ошентип эки сааттык мастер-класста окуучулар япон кухнясы менен таанышып, алардын тамак-ашы адамдын ден соолугуна пайдалуу экенин, сиңимдүү жана тез бышаарын белгилешти.

Окуучулар эмне дейт?

Жанара Чынарбек кызы:

  • Япон ашканасы аябай жагып калды. Ашпозчу тамактарын даамдуу жасайт экен. Тооктун этинен жасаган тамагы жакты. Япондуктар күрүчтү баалап, көп пайдаланышат экен. Мындан ары да мамилебизди чыңдап, дагы келип, үйрөтсө дейм.

Сапаралы Ишенмаматов:

  • Менин максатым – туура, пайдалуу жана таттуу тамактарды жасоо. Кардардын көңүлүнө жаккан тамактарды даярдоо. Кыргыздын улуттук тамактарын Японияга таанытсам деген максатым бар. Ар бир элдин тарыхына жараша тамактары болот. Кыргызстан мал чарбачылыгына басым жасагандыктан, эт тамактары басымдуу кылат. Япондуктар көбүнчө күрүч, балык, жер-жемиштерди көп пайдаланышат. Мастер-класста ашпозчу тез быша турган тамактарды көрсөттү. Сиңимдүү, адамды кыйнабай турган тамактар жасалды.

Азат Манасбек уулу:

  • Мастер-класста үч тамакты үйрөттү. Жасалган тамактар сиңимдүү, анан жасалышы да жеңил экен. Окуу жайды бүткөндөн кийин кафе ачсам деген аракетим бар. Жасалбаган тамактарды чыгарсам деп ниеттенип жүрөм. Кыргыз элинин тамактары даамдуу экенин башка өлкөлөргө чыгып, тааныткым келет.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер