«ЖАКШЫ МУГАЛИМ БОЛУУ ҮЧҮН ОКУТКАН САБАКТЫ ЖАНА ОКУУЧУНУ СҮЙҮҮ ЗАРЫЛ»

  • 11.03.2022
  • 0

Чолпон Таалайбекова, Бишкек шаарындагы А.Токомбаев атындагы №24 мектеп-гимназиясынын кыргыз тили жана адабияты мугалими

"ЖАКШЫ МУГАЛИМ БОЛУУ ҮЧҮН ОКУТКАН САБАКТЫ ЖАНА ОКУУЧУНУ СҮЙҮҮ ЗАРЫЛ"

Жай мезгили. Университетти аяктап, толкунданып, келечектин табышмактары акылга сыйбай, жаштыктын илеби өрт болуп турган учур. Группалаштарымдын бири “диплом менен иштейм, мугалим болом десе, кээ бирлери эптеп “отработка” кылып, диплом алсам болду” деп жатышты. А мен болсо: “Мугалим болом, балдарга билим берем” дегендердин сап башында элем. «Жаштын тилегин берет» дегендей, бала кезимден мугалим болуу кыялым эле. Ошондо эле классташтарым “мугалим эже” деп тамашалап калышчу. Башка кесиптер мени мугалимдик кыялымдан ажырата албады. Кичинемден тартып, мектепти аяктап, жогорку окуу жайды бүтүрүп, мектеп босогосун аттап мугалим болсом дагы, мугалимдик кесип менден алыстаган жок. Келечегимдин даңгыр жолун ушул кесиптен көрүп турдум.

Мугалим болом десем, “эмне кереги бар, койчу” деп, акыл айткандар да болду. Азыркы учурда ошол адамдардын жанында мугалимдик кесипти аркалап, элиме бир аз болсо да салым кошуп, балдарга билим берип, туура багыт көрсөтүп жатканыма кубанычтамын жана орус окумуштуусу В.О.Ключевскийдин “Жакшы мугалим болуу үчүн окуткан сабакты жана окуучуну сүйүү зарыл” — деген сөзүнө толук кошулам.

2014–2018-жылдар аралыгында К.Карасаев атындагы БГУнун филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты бөлүмүндө акысыз билим алдым. Атайын чакыруунун негизинде Сокулук районунун Сокулук №2 орто мектебинде алгачкы мугалимдик кесибимдин барактарын ачтым. Баары жаңы… Баары башкача… Жаңы кадам, жаңы күн, жаңы көз караш…

Кеч күздүн алгачкы күнү. Мына, мен күткөн 1-сентябрь! Түнү бою уктай албай, толкундануу, албетте коркуу сезими да болду. Бирок жан дүйнөмдө “Кетенчиктеп отуруп да чокуга чыгууга болот. Аракет кылып отуруп да мыкты мугалим болууга болот” деп ишенип, өзүмө дем-күч берип турдум.

Окуу процессиндеги алгачкы иш күнүмдү баштап, оң бутум менен үйдөн чыктым. Аялдаманын жанындагы мектеп окуучуларынын ызы-чуусун, көптүгүн, сөздөрүн, көз караштарын көрүп, денемди калтырак басты. Окуучулардан ушунчалык сүрдөйм деп ойлогон эмес элем. Көрсө, окуучулардын да сүрү бар экен. Үйүрүнөн адашкан жылкыдай эле такыр башкача, жан-дүйнөмдө тынчтык болбой мектеп босогосун аттап кирип бардым. Эжелер жылуу кабыл алып, бири “Азамат! Ишиңе ийгилик!” десе, бири “жаш экенсиң” деп, дагы бири “Мугалим болбой эле, тынч эле башка жумуш карабайт белең?!” дегендери да болбой койгон жок. Баарына жылмаюу менен карадым. Бир убакта мүдүрдүн орун басары чакырып, “Бул сиздин насаатчыңыз”, — деп бизди тааныштырды. Бул киши мага багыт берди, мектеп жамааты, мектеп тартиби, окуу процесси менен тааныштырды. Окуу башталганда бир жума насаатчымдын сабактарына катыштым, ал өзүнүн иш тажрыйбалары менен бөлүшүп жатты.

Ошентип, коңгуроо үнү жаңырып, сабак башталды. Класста жымжырттык. Мени тиктеген – окуучулар, окуучуларды тиктеген – мен. Балдардын мени карап, тамак сураган балапандардай болгон көз карашы мени чыйралтып, сабагымды уюштуруп, сөз баштоого түрттү. Берилип кеткендиктен сабак бат эле бүтүп калды. Арткы партада дептер текшерип отурган класс жетекчиси колун чаап, “Азамат!” деди. Сөзгө тартты. Сүйүндүм. Биринчи сабагым көп жылдык иш тажрыйбасы бар мугалим эжеге жагыптыр. Көрсө, ал баарын байкап отуруптур…

Күнүгө кечинде жакшы окуган окуучудай эле үстөл үстүнө китеп, дептерлеримди жайып алып, сабакка даярданам. Күнүмдүк иш планымды жазам. Окуу китебин кайра-кайра окуп, өтүлө турган тема боюнча балдарга көргөзмө куралдарды жасайм. Бул жерден муну кошуп койсом болчудай экен деп, ар бир сабагымды берилүү менен өтүп жаттым. Кыска мөөнөттүн ичинде окуучулар менен да, ата-энелер менен да, мектеп жамааты менен да бат эле тил табышып кеттим. Үйрөтүп жүрүп үйрөнөт дегендей, байкап калган кемчиликтеримдин үстүндө да иштеп, оордон жеңилди издеп жаттым. Балдардын ой жүгүртүүсүнө, иш-аракетине жараша сабагыма максат коюп, койгон максатыма жетүүгө аракет кылдым.

Баарынан жагымдуусу окуучулардын “Саламатсызбы, эже!” дегени болду. Башка окуучулар да менин сабагыма катышкысы келип жүргөнүн байкадым. Сабак учурунда тынбай кол көтөрүп жооп бергендери, сабакка болгон балдардын маанайы мага чоң дем-күч берип, бакытка бөлөп турду. Убакыттын өтүшү менен мындай кылайын, тигиндей кылайын деген ойлор өзү эле келе баштады. “Мугалим — мөмөлүү дарак” экенине чындап ынандым. Мен чындап эле кесип таңдоодон жаңылбаганыма көзүм жетти. Мугалимдик кесип мен үчүн гана жаралгандай сезимде болдум.

Окуу процессиндеги алгачкы эки жылдык педагогикалык иш тажрыйбам эргүү менен өттү. Дипломумду колго алып, андан аркы педагогикалык билимимди өркүндөтүү максатында магистратурада улантууну туура көрдүм.

Жашоо шартыбызга байланыштуу Бишкек шаарындагы №24 мектеп-гимназиясында иштеп калдым. Сокулук айыл тибинде болгондуктан, шаардык мектеп экөөнүн айырмасы билинип турду. Окуучулардын аң-сезими, ой жүгүртүүсү, мектеп атмосферасы менин ишке болгон кызыгуумду арттырды. Ушул мектепте иштөө мен үчүн сыймык болду. Бул мектептеги ар бир мугалимдин чыгармачыл иш-аракети, класс ичиндеги заманбап техникалык жабдуулары, аларды жогорку деңгээлде колдоно билүүлөрү мени ар тараптан шыктандырып турду. Ар кандай платформаларда, техникалык каражаттарды кырдаалга жараша колдоно билүүм, аудио, видео жаздырууларды, кызыктуу видеосабактарды уюштура билгендигим окуу прцессинде чоң таасирин тийгизди. Бул мектептеги менин биринчи иш күндөрүм ошол учурда дүйнө жүзүн каптаган вируска туш келди. Өлкөдөгү бардык мектептер аралыктан билим алууга өткөн. Окуучулар менен онлайн таанышып, алардын келечеги үчүн билимдерин арттыруу максатында видеосабактарды уюштуруп, ZOOM платформасы менен видеожолугушууларды уюштуруп, ачык сабактарды өтүп жаттым. Балдар убагында тапшырмаларды жиберип, мени кубантып жатышты. Биздин мектепте окуучу үчүн да, мугалим үчүн да эң сонун шарттар түзүлгөн. Заман талабына жараша интерактивдүү такталар, интернет баарына жетиштүү. Менин окуучуларым интерактивдүү такта менен өтүлгөн оюн сабактарды жакшы көрүшөт.

Немец педагогу А.Дистервег: “Окуучуга мектептеги эң маанилүү кубулуш, эң үлгү болорлук сабак, эң жандуу мисал бул – мугалим” — деп туура, таамай айткан. Окуу процессинде педагогикалык ишмердүүлүк негизги ролду ойнойт. Ар бир сабакта кырдаалга жараша актёрдук чеберчилик, чыгармачылык, ар кандай кырдаалдан туура чыгып кетүү мугалимдин негизги сапаты. Кырк беш мүнөттүк сабакта ар бир балага өзүнө жараша мамиле кылып, үйрөтүп, билим берген, окуучунун оюн туура жолго буруп, анын багытын түздөп кеткен мугалим – чыныгы мугалим деп ойлойм. Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам.

Азыркы тапта “Кайда иштеп жатасың? Эмне менен алек болуп жүрөсүң?” дегендерге сыймыктануу менен “№24 мектеп-гимназиясында мугалиммин” деп жооп кайтарам. Кээ бири сенин мугалим болоруңду билчүмүн дешет. “Мугалим” десе эле көбү оңой, жеңил ойлошот. А чындыгында мугалим бул – балдарды сүйгөн жана сүйүүсүнө ээ болгон инсан.

Мугалим – бул тажрыйбалуу психолог, кереметтүү акын, даңазалуу актёр, теңдеши жок жардамчы жана башкысы – чыныгы дос. Бүгүнкү күндө мугалимдиктен өткөн, жомоктошкон кесип болбосо керек. Бул кесип адамдан чын дили менен берилүүсүн талап кылып, кээде ден соолугуна зыянын тийгизет, бирок бул кесипти туура алып барууну билген адамга ал өтө чоң күч-кубатты жана энергияны тартуулап, өзүн башкаларга дагы керек экенин сезүүгө жардам берет. Мугалимдик кесип – дүйнөдөгү эң байыркы жана эң мыктыларынын бири. Келечекте дагы билим казынамды толтуруп, иш тажрыйбамды кеңейтип, жаңы өсүп келе жаткан муунга татыктуу билим берсем дейм.

Бөлүшүү

Комментарийлер