ЖАҢЫРТЫЛГАН ЖАҢЫ МЕКТЕП

  • 27.09.2022
  • 0

Бишкек шаарындагы №75 мектеп-лицей кайрадан курулуп, ишке кирди. Ачылуу аземине КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров жана Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров катышты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

ЖАҢЫРТЫЛГАН ЖАҢЫ МЕКТЕП

 

Авариялык абалдагы мектепти 550 окуучулук орунга ылайыкташтырып кайра куруу иштери кыска мөөнөттө аяктады.

«Бүгүн биз жаңы, заманбап мектепти ачып жатабыз, анда өлкө жетекчилигинин, борбордун мэриясынын аракети менен балдардын билим алуусу жана инсандык өнүгүүсү үчүн жакшы шарттар түзүлдү. Билимди алуу жана топтоо гана эмес, алган билимди иш жүзүндө пайдалана билүүнү үйрөнүү керек. Билим берүү тармагында реформаларды баштап, 12 жылдык билим берүүгө өтүп жатабыз. Балдарыбыздын мамлекеттик, расмий жана англис тилдерин эркин билүүсүнө өзгөчө көңүл бурулат. Биздин жарандар өлкөдө жашап, дүйнөнүн бардык булуң-бурчунда эмгектенишине кызыкдарбыз», — деди Акылбек Жапаров, мектептин салтанаттуу жыйынында.

Белгилей кетсек, эки кабаттуу билим берүү мекемесинде 20 окуу классы бар. Мектепте санитардык кабинет, канцелярия, универсалдуу устакана, кыздар үчүн эмгек классы, китепкана, ашкана, окуу залы дарыгердин, техникалык кызматкерлердин, машыктыруучунун бөлмөлөрү ж.б.  бардык керектүү бөлмөлөр балдардын кызматында.

А.Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер