ЖАҢЫ ӨСҮП КЕЛАТКАН ЖАШТАР МЕНИ КУБАНДЫРАТ

  • 11.10.2018
  • 0

Билим берүүнүн ардагери, ардактуу эс алуудагы Баатыр эне Абдынасирова Гүлзуура өз өмүрүнүн теңинен көбүн жаш муундарга билим-тарбия берүү менен өткөрдү. Ал Кемин районундагы Кызыл-Суу айылынан сегиз жылдык билим алган соң, 9-10-классты Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарындагы М.Абдраев атындагы республикалык музыкалык жатак мектебинде окуп, анын алгачкы бүтүрүүчүлөрүнөн болгонун сыймык менен эскерет.

Гүлзуура эжейдин андан кийинки билими Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун музыкалык-педагогикалык факультетинде уланды. 1967-жылы колуна дипломун алган жаш адистин алгачкы эмгек жолу өзү туулуп-өскөн айылында башталган. Андан кийин Кемин райком партияда сектор учетто иштеп жүрүп, үй-бүлөлүк шартка байланыштуу борбор калаага көчүп келишкенде, №50 мектепке орношуп, кайра эле мугалимдик кесиби боюнча кетти.

  • Жолдошум айыл чарба тармагынын адиси болгондуктан, борбордо деле көпкө кармалып турган жокпуз. 1983-жылы кайра эле өзүбүздүн Кызыл-Сууга келип, мен ошол айылдагы М.Өмүралиев атындагы мектепте башталгыч класстын мугалими болуп иштеп калдым. 1990-жылдар баарыбыздын эле эсибизде чыгар, кайра куруунун жел аргысы жүрүп, өлкөдө реформа башталбадыбы. 1994-жылы жаш курагым пенсияга келип калганда, дароо эле эс алууга чыгып, фермердик чарбада иштеп калдык. Бир чети балдар жаш, аларды окутуу керек деген максат менен чалым экөөбүз ижарага жер алып, мал курап дегендей, башкалардай эле фермердик ишти билсек, билбесек да баштап калдык. Далай кыйынчылыктарды башыбыздан өткөрдүк. Көрсө, өткөөл мезгил өзү ошондой болот турбайбы. Азыр кудайга шүгүр, бир уулубуз биз кураган чарбаны улантып айылда, ата-журтунда,-деп эскерет ошол кезин Гүлзуура эжей.

Гүлзуура эжей менен Аалыбек агайдын ошол акыбети текке кетпей, уул-кыздарынын баары жогорку билим алышты. Жогоруда эжей айткандай, жолдошу Аалыбек ата айыл чарба тармагында үзүрлүү эмгектенип жүрүп ардактуу эс алууга чыккан ардагер. Ал учурунда айыл-кыштактарга жол салдырып, арык чаптырып, бел чечпей эмгектенип жүрүп, айылдаштарынын бакубат жашоосуна чоң салым кошкон колхоз активдеринин бири. Экөө жети баланы тарбиялап өстүрүштү. Балдарынын баары үйлөнүп-жайланып, өз туурларына конушкан. Улуу кызы Жылдыз кесиби боюнча экономист, учурда Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин “Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит” кафедрасынын доценти, экономика илимдеринин кандидаты, экинчиси Мээрим — финансист, уулу Бакыт келинчеги Чолпон экөө фармация тармагында жеке ишкерлик менен алектенишсе, Азат ата кесибин улап, жеке фермер, кичүүсү Изат – банк кызматкери, айтор уул-кыздарынын баары өз оокаттарына тың, ата-энесинин жеңилин жерден, оорун колдон алышып, ардактап турушат, ата-энеге мындан өткөн бакыт барбы.

Гүлзуура Абдынасированын агартуучулук жолун жолдогон улуу кызы Жылдыз андан ары да ийгиликтүү улантууда.  Ал 2015-жылы “Кыргыз Республикасынын тоолуу аймактарынын социалдык-экономикалык өнүгүшү” темасында диссертациялык ишин коргогон. Илимий изилдөө иштерин ийгиликтүү улантуу менен бирге илимий макалаларды, студенттер үчүн методикалык пособиелерди жазып жүрөт. Жылдыз Осмонова “Экономика: Системалык “трансформация”. Кыргызстандын 20 жылдык тажрыйбасы” китебинин автору.

Гүлзуура эжей агартуучулук тармагында иштеген жылдарын унутпай, дайыма эстейт. Окуткан окуучуларынын атын угуп калса, сүйүнөт. Андай учур унутулбайт тура. Алдыңкы мугалим-методист катары башталгыч класстын мугалимдерине Кемин району боюнча ачык сабактарды даярдап, башка мектептерди текшерип жүргөнү күнү бүгүнкүдөй эсинде. Айрыкча, балдарынын ичинен анын сыймыктуу кесибин улантуучу чыкканына ыраазы.

ЖАҢЫ ӨСҮП КЕЛАТКАН ЖАШТАР МЕНИ КУБАНДЫРАТ

  • Балдарымдын улуусу Жылдыз менин мугалимдик кесибимди улаганына сыймыктанам. Дегинкиси, мугалимдик кесип кесиптердин кесиби деп бекеринен айтышпаса керек. Бул кесип адамды бекем тартипке, терең жоопкерчиликке тарбиялап коет окшобойбу, азыр да гезит-журналдардан окуган, сыналгыдан көргөн жаңылыктар, ар кандай окуялар бизди аябай түйшөлтөт. Жаштарыбыз билимге кызыкпай баратат дешет. Менин оюмча баланы кичинесинен эле билимге үндөп, туура тарбиялашса, сөзсүз өз жемишин бербей койбойт. Азыр биздин жаштар өтө билимдүү, анткени заман өзү ошондой. Чет өлкөлөрдөгү алдыңкы окуу жайларда окуп, илимий ачылыштарды жасап, бизнесте ийгиликтерге жетишип кыргыздын атын дүйнөгө таанытып жаткан балдарыбыз көп. Биз аларды колдоп, алар менен сыймыктанышыбыз керек,-дейт ардагер агартуучу, Баатыр эне Гүлзуура Абдынасирова.

 

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”    

Бөлүшүү

Комментарийлер