ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ДАЯРДЫК КАНДАЙ?

  • 04.08.2023
  • 0

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Министрлер Кабинетинин тапшырмасы менен Нарын облусунун билим берүү уюмдарынын жаңы окуу жылына карата даярдыктарын текшерип жүрөт. Ошондой эле курулушу жүрүп жаткан Чүй облусундагы жаңы мектептердин иши менен таанышты. Мындан тышкары Тогуз-Торо районундагы билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына даярдыктары менен таанышып чыкты.

ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ДАЯРДЫК КАНДАЙ?

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевдин билим сапары андан ары алыскы, тоолуу Тогуз-Торо районунда уланууда. Быйыл жаңы окуу жылында окуучулар жаңы имараттан билим алып, билим сапатын жакшыртуу үчүн ыкчам чараларды көрүү милдетин койду. Ал быйыл алыскы райондордо жайгашкан билим уячалары өз каалгасын стандарттан тышкары жаңы мүмкүнчүлүктөргө жана билим берүүдөгү өзгөчөлүктөргө ачып, мугалимдерди изденүүгө, жаңыча методдор менен сабак берип, тарбиялык иштерге өзгөчө көңүл бууруга чакырды. Ошондой эле Каныбек Иманалиев быйыл бүтө турган 100 мектептин катарына кирген Тогуз-Торо районунун Чет-Булак айылындагы М.Абдыжапаров атындагы орто мектептин курулушун жеринен көрдү.
Тогуз-Торо районунун Дөдөмөл айылындагы жалгыз бала бакчанын абалы менен таанышты.

ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ДАЯРДЫК КАНДАЙ?ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ДАЯРДЫК КАНДАЙ?

Г.А., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер