ОЛИМПИАДА ТАНДАГАН ТАЛАНТТАР

  • 29.03.2018
  • 0

2017-2018-окуу жылында мектеп окуучуларынын предметтик олимпиадасына Кыргызстан боюнча жалпы 2237 окуучу катышты. Алардын ичинен 318 окуучу чейрек финалга өтүп, жыйынтыгында 53 окуучу жеңишке жетишти. Республикалык этапта алдыга чыккан окуучулар Бишкектеги «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында сыйланып, I даражадагы дипломдорду жана баалуу сыйлыктарды  премьер-министр Сапар Исаков, ошондой эле II жана III даражадагы дипломдорду жана баалуу сыйлыктарды  билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева тапшырышты.

ОЛИМПИАДА ТАНДАГАН ТАЛАНТТАР

Салтанаттуу аземди билим берүү жана илим министри Г.Кудайбердиева ачып, өткөн жылдын сентябрь айынан баштап мектептик, райондук, шаардык, облустук жана республикалык деңгээлде 2237 окуучу катышып, анын ичинен 318 окуучу республикалык этапка келип, булардын ичинен дагы 53 мыкты окуучулар суурулуп чыкканын баса белгиледи. Андан соң ал сөздү премьер-министр Сапар Исаковго узатты.

ОЛИМПИАДА ТАНДАГАН ТАЛАНТТАР

Өкмөт башчы өз сөзүндө келечекти тандоодо аңдап-билүүнүн маанилүүлүгүн, ошондой эле ата-энелери, мугалимдери, мектеби эле эмес, бүтүндөй мамлекеттин алдындагы чоң жоопкерчиликти эске салды.

— Бүгүн сиздердин жашооңуздагы эң толкундануучу күндөрдүн бири. Бул жерге мектеп окуучулардын эң кыйындары келди. Мен сиздерден келечекте өзүн көрсөтө алган балдарды көрүп жатам. Балким, араңарда келечектеги президент, премьер-министр, ишкерлер, жана ошондой эле, инновациялар боюнча адистер бар, анткени биз коомчулукту заманбап коммуникация каражаттары жана санариптик технологиялардын негизинде өнүктүрүүгө ниеттенип жатабыз, – деди Сапар Исаков. — Бир нерсени унутпагыла – акчадан же бийликтен эч качан атыңды жасоого мүмкүн эмес. Адамдын жакшы аты сиздердин башкаларга, досторуңарга жана кесиптештериңерге болгон мамиледен, жасаган иштериңерге жараша калыптанат. Жакшы атты чыгаруу абдан кыйын. Күчтүү адам деген – бул кандай гана кырдаалдар болбосун өзгөрүлбөгөн бойдон калат. Өзүңөргө ишенгиле. Мен 40 жашымда премьер-министр болдум. Мен эч кимден жана эч кимге акча алган да, берген да эмесмин. Ошондуктан алдыңарга максат коюп, ага жеткенге аракет кылгыла.

 

Сапар Исаков ошондой эле мугалимдерге чоң эмгеги жана өсүп келе жаткан жаңы муун жарандарды тарбиялоодогу күч-аракеттерине ыраазычылык билдирди.

— Биздин мугалимдер жашоодогу кыйынчылыктарга карабай өлкөнүн келечегине өзүнүн салымын кошуусун улантып жатышат. Бизге мугалимдердин эмгек акысын 25 пайызга көбөйтүүгө мүмкүн болду жана бул башталышы гана. Жарандардын билимдүүлүгү – мамлекетти өнүктүрүү үчүн эң керектүү пайдубалы.

 

Андыктан, сабак берүүнүн заманбап методикасын колдонуу менен республикабызда билим берүү тармагынын өнүктүрүүнүн таасирдүү принциптери колдонулушу абдан маанилүү, – деп белгиледи Сапар Исаков.

Ал мектеп окуучулардын республикалык олимпиадасындагы жеңүүчүлөрүнө мындан ары дагы ата-энелери сыймыктангыдай ийгиликтерге жетүүнү каалады. Өкмөт башчы өзүнүн жетишкен ийгиликтерине анын атасы кубанып, дайыма телевизордон чыккан сайын анын кадамын телефонго тартып алганын мисал катары келтирип кетти. Анткени ата-энелери чын жүрөгү менен балдары үчүн күйөт.

Салтанаттын жыйынтыгында республикалык олимпиадада жеңүүчү орун алган 70 мектеп окуучусуна диплом жана китептерди сатып алууга сертификаттар тапшырылды. 1-орунга чыккандар 8000 сом, 2-орунга чыккандар 6000 сом жана 3-орунга чыккандар 4000 сомго китептерди сатып алууга сертификаттарды алышты.

 

 Акылай Жусупбекова,  1-орундун жеңүүчүсү, Т.Адыраңов атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу, Ат-Башы району, кыргыз тили жана адабияты предмети боюнча:

— Республикалык олимпиадага биринчи жолу катыштым. Мен төрт этапты тең басып өттүм, абдан кыйын болду. Тапшырмалар абдан татаал экен. Мен өткөн жылдын сентябрь айынан баштап даярдык көрө баштагам, анткени бул сынакка абдан күчтүүлөр гана ат салышат эмеспи.  Ошондуктан күчтүү балдар менен билим таймашына чыгуу бир топ эле кыйын болду, бирок алдыга чыкканыма абдан кубанып жатам. Абдан толкундангам, 4-турду жеңе аламбы деп, көрсө, өзүңө ишеним чоң болуш керек экен. Албетте, аракет абдан маанилүү.  Анан эң башкысы — олимпиадага даярдаган мугалимге дагы байланыштуу. Эгерде мугалим өз предметин жакшы билсе, педагогикалык жөндөмү бийик болсо, ал окуучусун ийгиликке жетелейт. Менин мугалимим Майрамкан Асаналиевага терең ыраазычылык билдирем. Менин жеңишим — мугалимимдин жеңиши.

Экинчиден, менин ата-энем олимпиадага даярданууга бардык шарттарды түзүп беришкен. Анткени алар билимдин баасын жакшы билишет. Экөө тең мугалим. Ата-энем өзүмдүн күчүмө ишенгенге жардам беришти. Ооба, бир эле мектеп программасы менен даярданганда ийгиликке жетмек эмесмин. Сөзсүз кошумча адабияттарды окуганга туура келди. Мен элчилеп интернетке да кире алган жокмун. Анткени алыскы биздин айылдагы мектепте интернет туташтырылган эмес. Мамлекет китепканаларды кошумча окуу китептери менен камсыздаса, электрондук китепканалар болсо жакшы болмок.

 Алтынбек Жапаров, Т.Сатылганов атындагы жатак-мектептин директору, Каракол шаары:

— Т.Сатылганов атындагы жатак-мектептин мыкты окуучуларын математика, физика жана орус тили сабактарынан алып келгенбиз. Облустук турду ББжОУБ абдан жакшы өткөрдү. Ар бир окуучуга пакет даярдалыптыр, волонтерлор келип иштеди. Калыстар тобу түштөн кийин келип, иштерди текшеришти. Апелляция жылдагыдан аябай аз болду. Мурда 10-класстан 3 орун, 11-класстан 3 орун деп берилип келсе, бул сынакта жалпы упайлар эсептелип келинип, рейтинг боюнча тандалып жатат. Эл аралык сынактарда катышып жүргөн бала облустук сынакта катышты. Албетте, ал алдыга чыгат.  Ошондо баарыбыз нааразы болдук. Башка балдар деле республикалык сынакка катышып көрсүн да. Мурда эл аралык сынакка катышып жүргөндөр, республикада 1-орунду алып келгендер облуска катышпай эле  түз республикага кетчү, быйыл болсо облустук деңгээлде да катышты. Баарына бирдей талап коюлуптур. Облустук сынакка биздин лицейден 20 бала катышкан, анын ичинен үчөө республикага жолдомо алышты. Мисалы, математикадан түрк лицейинде окуп, эл аралык сынактарга катышып жүргөн бала чыкты, экинчи болуп биздин кыз келди. Төртүнчү этап деле үчүнчүдөгүдөй эле өттү.

Гүлсара Абдрашитова, Баткен облустук жатак-мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими:

— 2017-2018-окуу жылындагы мектеп окуучуларынын  олимпиадасынын 3-4-этаптарын  ББжОУБ өткөрдү. Мисалы, олимпиадага түзүлгөн конкреттүү тапшырмалары мага абдан жакты.  «Кут Билим» гезитине ар бир предмет боюнча кандай тапшырмалар келээрин, коюлган талаптарын жарыялашты. Алдын ала эмнелерге көңүл бөлүү керек экенине  мугалимдер үчүн мүмкүнчүлүк түзүп беришти. Ошол жобонун негизинде окуучуларды даярдадык.  Облустук турда жогорку 1-, 2-, 3-орундарга рейтинг боюнча тандап бердик. Эч кимдин жардамысыз эле билимдүүлөр өздөрү алдыга суурулуп чыгышты. Мурдагы олимпиадаларда нааразы болгондор аябай көп болот эле, бул жолу абдан аз. Быйылкы олимпиадага аябай ыраазы болдук. Баткен облусу боюнча 37 окуучу алып келгенбиз, жемиштүү кетип баратабыз.

Балдарды даярдоодо бир эле сабак менен чектелбей, окуучулардын ойлоосун өстүрүп, турмуш менен болгон байланышын күчөтүп, саресеп салыш керек экен. Байкашыма караганда, окуучулар күндөлүк турмушта пайдаланган сөздөрдүн лексикалык маанисин түшүнбөйт.  Олимпиадада берилген тапшырмалар  ЖРТда пайдаланчу тесттердей,  окшоштуктары бар экен.

Айнура Ташматова, Өзгөн райондук билим берүү бөлүмүнүн окуу усулдук кабинетинин башчысы:

— Олимпиада айкындуулугу, тактыгы менен айырмаланды. Бул жолу билимдүү, күчтүү балдар өзүнүн билим деңгээлин тастыктай алышты. Маселен, облустук турда төрт окуучубуз апелляцияга кирип, өзүнүн деңгээлинде жоопторун алышты. Айрым учурларда окуучулар 2-3-4 балл кайтарып алган учурлар кездешти. 

Айкөл Абдалыев, Талас «Манас» лицейинин окуучусу: 

— Кыргыз тили жана адабияты сабагы боюнча орус класстар ичинде келгем. Республикалык олимпиада 3-турга окшош эле экен. Кээ бир эле жерлери алмашпаса, түзүлүшү боюнча окшош. Мисалы, 3-турда лексика боюнча келген, бул жолу  сүйлөмдөрдөн текстти ирээттеп коюш керек экен. Ошонусу менен айырмаланды. Мага жакканы эки турда тең тапшырма салынган конверттер биздин көзүбүзчө ачылды. Былтыркы олимпиадага караганда быйылкы тапшырмалар татаал экен. Негизи олимпиада ушундай болуш керек.

 Чынара Батракеева, ББжОУБ өкүлү:

— Биздин мекемеге облустук жана республикалык этаптарды өткөрүү милдеттендирилген. Облустук этапты биз февраль айында өткөргөнбүз. Ар бир облустан жана Бишкек, Ош шаарларынан жогорку упай топтогондор республикага келип, күч сынашты. Жалпысынан алганда биз өзүбүз пландаштыргандай өттү. Биздин мекемеге тапшырмаларды түзүү жүктөлгөн. Ал жерде ар бир предметтин талаптары жазылган болчу. Кандай болот, кантип бааланат, ар бир сабак боюнча кандай нукта өтөөрүн окуучулар, мугалимдер алдын ала билишкен. Республикалык олимпиаданын өткөрө турган жолун айтсак, биринчи күнү жазуу түрүндө, экинчи күнү лабораториялык иштерди аткарышты. Критерийлерди түзгөндө дагы көп нерсени эске алдык. Маселен,  ар бир баланын иши жашырылды (кодировкаланды), ошондуктан бул кайдан келгенин, ким экенин калыстар тобу билген жок. ЖРТдагы системаны ушул жерде колдондук. Иштер кодировкалангандан кийин гана туура жооптору тактага илинди. Анткени балдар көрүш керек, кайсы тапшырма кандай болуп чыгаарын.

— Тарых сабагы боюнча бир топ окуучулар 9-10-тапшырмалардын суроолору түшүнүксүз болуп калганын айтышты? Бул эмнеге байланыштуу деп ойлойсуз?

— Демек, сабак учурунда берилген көндүмдөр иштелген эмес. Тапшырымалар окуу программасынын негизинде түзүлдү, бирок бул сынакта мыкты окуучуларды иргеп алуу болгондуктан, 10-класстын окуучуларына 11-класста келүүчү тема келиши ыктымал. Ар бир сынакта нааразычылыктар болбой койбойт. Кайсы сабак болбосун суроолор болуп жатты. Сынак жогорку билгичтиктерди талап кылат.  Ошондуктан таланттуу гана балдар алдыга чыга алышат.

Таалайбек Дыйканов, математика предмети боюнча калыстар тобунун төрагасы:

—  Математикада башкача эсептөөлөр болот. Ошол эсепти чыгара билген таланттуу окуучулар гана алдыга чыгышат. Математикалык интуция керек. Оригиналдуу ойлор болушу зарыл. Эсепти кыйын чыгарган таланттуу балдар эл аралык сынакка  барып, өлкөбүздү даңазалап жатышпайбы. Биздин балдар Мексикада, Вьетнамда, Колумбияда, Голландияда өткөн олимпиадаларга катышып жүрүшөт. Математика өтө татаал предмет. Бул сабакты жакшы өздөштүргөндөр мектептерде лидер болушат. Анткени математика аналитикалык ой жүгүртүүнү талап кылат жана аны калыптандырат. Быйыл олимпиада  башкача форматта өттү. Калыстар тобу болгону иштерди текшерип бердик, бизден кийин эсептөө комиссиялары конкурсанттардын баллдарын эсептешти. Акырына чейин биз белген жокпуз, кимдин ишин текшерип жатканыбызды. Жогорку упайларды топтогон окуучулар эл аралык олимпиаданын командасына кирет. Команда алты окуучудан, эки лидерден  турат. Быйыл, буюрса июль айында математика боюнча Румынияда өткөн олимпиадаларга барышат.

 Роза Зарымзакова, химия предмети боюнча калыстар тобунун төрайымы:

— Мен биринчи жолу калыстар тобунда иштедим. Балдар апелляцияга келишти, бирок алар кетирген каталарын көргөндөн кийин өздөрүнүн кемчиликтерин моюндарына алышты. Онго чукул балдар апелляцияга кирди.

Омурбек Джамалов,  информатика боюнча 1-орундун жеңүүчүсү, К.Карасаев атындагы лицейдин окуучусу, Каракол шаары:

— Биринчи жолу олимпиадага катыштым. Мен эки-үч жылдан бери даярданып жүргөм. 580 балл топтодум. Тапшырмалар абдан татаал экен. Бирок мен көп даярданган үчүн маселелерди чыгара алдым. Максатым — эл аралык сынаккка чыгып, алтын медаль алуу.

Нургүл Шарапова, Ысык-Көл облустук билим берүү институтунун директорунун орун басары, облустук команданын жетекчиси:

— Олимпиадага Ысык-Көл облусунан 35 окуучу катышты.  Республикалык олимпиада Билим берүү жана илим министрлиги жана Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору тарабынан өткөрүлдү. Уюштуруу комитети тарабына  бардык уюштуруу иштери абдан жакшы жүргүзүлдү. Окуучулардын жайгашуусу, №5 УКГ кызматкерлеринин жоопкерчилигине, маданий программалардын уюштурулушуна   абдан ыраазы болдук.  Олимпиадага катышкан бардык окуучулардын мамлекеттик резиденцияга барып салтанаттуу иш-чарага катышуу, өкмөт башчысы  менен жолугушуу  учуру окуучуларга абдан таасир калтырды. Келечекке карай умтулуусу, жогорку жетишкендиктеги инсандардан болуу  жана мамлекетибизге жигердүү кызмат кылуу максатына зор демилге болду деп ойлойм.

Быйылкы жылы олимпиаданын  министрликтин демилгеси менен көз карандысыз уюм менен биргеликте 3-4-этаптын өткөрүлүшү жогорку деңгээлде болду. Коомдогу өзгөрүүлөр, билим берүү тармагындагы  реформалар менен биргеликте олимпиаданы өткөрүү тартибы, шарты жана тапшырмалардын жаңырып турушу  шарт.  Жаңылануу багытында «Таза коом» үчүн күрөшүү, билим берүү тармагын өнүктүрүү кадамыбыз арбыйт.  «Илим-билимге жетүүнүн ийгилиги – мезгилдин  жана чечкиндүү акылдын иши», — деп белгилүү француз философу Вольтер айткандай, ийгиликтүү билимге жетишүү, илимге сүңгүп кирүү мезгили келди. Учурдагы жаңы багыттар, жаңы чечимдер келечек муунубузду алга үндөө менен билим беруү тармагыбызды өнүктүруү жолун чыңдай алабыз.

Республикалык олимпиаданын жыйынтыгында Ысык-Көл облусу облустук командалар ичинде 2-орунга ээ болду. Ал эми жалпы команда ичинде 4-орунду ээледик. Окуучуларыбызды кийинки жылда олимпиадага жаңы багытта, дагы мыкты даярдап келүү милдетибиз турат.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

 Предметтик олимпиаданын республикалык турунда жеңүүчү болгон окуучулар:

 1-орун

  1. Жусупбекова Акылай, Т.Адыраӊов атындагы орто мектеби, Ат-Башы району, кыргыз тили жана адабияты (кыргыз тилдүү мектеп).
  2. Айбекова Лиза, Кыргызстандын 40 жылдыгы атындагы №16 мектеп, кыргыз тили жана адабияты (орус тилдүү мектеп).
  3. Аринова Айназик, Токмоктогу «Үмүт» лицейи, орус тили жана адабияты (кыргыз тилдүү мектеп).
  4. Эминова Айгелди, Ош шаарындагы «Олимп» мектеп-гимназиясы, орус тили жана адабияты (орус тилдүү мектеп).
  5. Абасова Расмия, Бишкек шаарындагы №12 мектеп-гимназиясы, англис тили (базалык).
  6. Данияров Адилет, Ысык-Көлдөгү Х.Карасаев атындагы лицейи, англис тили (тереңдетилген).
  7. Майрамбеков Арслан, Нарын шаарындагы Э.Ибраев атындагы №4 орто мектеби, тарых.
  8. Касымов Мирхалил, Токмоктогу Ж.Баласагын атындагы лицейи, география.
  9. Калыков Алибек, Нарындагы М.Субакожоев атындагы лицейи, математика (базалык).
  10. Жолдубай уулу Бекжол, Кадамжайдагы «Семетей» лицейи, математика (тереңдетилген).
  11. Сыдыков Эрназар, Аксы районундагы Ж.Мамытбеков атындагы №10 орто мектеби, физика (базалык).
  12. Абыкеев Азамат, Таластагы «Манас Ата» лицейи, физика (тереңдетилген).
  13. Муратова Элина, Бишкектеги №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейи, химия (базалык).
  14. Камалов Айдар, Ош шаарындагы «Олимп» мектеп-гимназиясы, химия (тереңдетилген).
  15. Алиева Ирода, Ош шаарындагы «Олимп» мектеп-гимназиясы, биология (базалык).
  16. Орозалиева Айзирек, Баткен облустук гимназиясы, биология (тереңдетилген).
  17. Джамалов Омурбек, Ысык-Көлдөгү Х.Карасаев атындагы лицейи, информатика.

2-орун

     1.Азамат уулу Нурболот, Бишкектеги Ч.Айтматов атындагы лицейи, кыргыз тили жана адабияты (кыргыз тилдүү мектеп).

2. Ысманова Гүлнур, Баткен шаарындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектеби, кыргыз тили жана адабияты (орус тилдүү мектеп).

3. Арзыматова Айдана, Чаткал районундагы Ю.А.Гагарин атындагы орто мектеби, орус тили жана адабияты (кыргыз тилдүү мектеп).

4. Цыплакова Арина, Бишкек шаарындагы №13 мектеп-гимназиясы, орус тили жана адабияты (орус тилдүү мектеп).

  1. Алтынбек уулу Ыйман, Ош шаарындагы Раззаков атындагы №20 орто мектеби, англис тили (базалык).
  2. Манаева Айжамал, Бишкектеги «Айчүрөк» лицейи, англис тили (тереңдетилген).
  3. Кенжебек уулу Темирлан, Бишкек шаарындагы №19 орто мектеби, тарых.
  4. Жолдошбаев Нуртилек, Кызыл-Кыргызстан атындагы орто мектеби, Кара-Суу району, география.
  5. Бактыбек уулу Нуржигит, Бишкек шаарындагы №72 мектеп-гимназиясы, математика (базалык).
  6. Жекшеев Дослан, Ысык-Көлдөгү Х.Карасаев атындагы лицейи, математика (тереңдетилген).
  7. Бактыбекова Нуржамал, А.Искендеров атындагы орто мектеби, Ат-Башы району, физика (базалык).
  8. Ырымбеков Агдан, З. Сооронбаева атындагы орто мектеби, физика (базалык).
  9. Жолматов Данияр, Кадамжайдагы «Семетей» лицейи, физика (тереңдетилген).
  10. Баймырза уулу Адилет, Бишкек шаарындагы №24 мектеп-гимназиясы, химия (базалык).
  11. Батырбеков Ильяс, Таластагы «Манас Ата» лицейи, химия (тереңдетилген)
  12. Бахаутдинова Саерахон, Токмок шаарындагы А.С.Пушкин атындагы №1 орто мектеп-гимназиясы, Биология (тереңдетилген)
  13. Дилдебеков Азат, Талас шаарындагы Р.Я. Рысаков атындагы №2 орто мектеби, биология (базалык).
  14. Жеңишбек уулу Талант, Кадамжайдагы «Семетей» лицейи, информатика.

3-орун

  1. Жусупбекова Жаркын, Таластагы «Мээрим» лицейи, кыргыз тили жана адабияты (кыргыз тилдүү мектеп).
  2. Акышева Айжан, Алай районундагы Т.Отунчиев атындагы мектеп-гимназиясы, кыргыз тили жана адабияты (орус тилдүү мектеп).
  3. Дүйшеева Жылдыз, Бишкек шаарындагы Анадолу лицейи, орус тили жана адабияты (кыргыз тилдүү мектеп).
  4. Осконбаева Айтурган, Талас шаарындагы №3 мектеп-гимназиясы, орус тили жана адабияты (орус тилдүү мектеп).
  5. Акматова Айдай, №6 орто мектеп-гимназиясы, Жайыл району, англис тили (базалык).
  6. Ибрагим кызы Зейнеп, Бишкек шаарындагы №37 мектеп-гимназиясы, англис тили (тереңдетилген).
  7. Чернышов Максим, Бишкек шаарындагы №74 мектеп-лицейи, тарых.
  8. Абдижамилов Эрлан, Кызыл-Кыя шаарындагы Д.Карбышев атындагы №1 орто мектеби, география.
  9. Аманов Айбар, Ош шаарындагы «Олимп» мектеп-гимназиясы, математика (базалык).
  10. Иманбеков Кубан, Талас шаарындагы Р.Я.Рысаков атындагы №2 орто мектеби, математика (базалык).
  11. Болотбеков Адильхан, Токмоктогу Ж.Баласагын атындагы лицейи, математика (тереңдетилген).
  12. Исаев Бексултан, Бишкек шаарындагы №69 окуу-тарбиялык комплекс-гимназиясы, Физика (база)
  13. Мырзабеков Азамат, Ысык-Көлдөгү Х.Карасаев атындагы лицейи, Физика (тереңдетилген)
  14. Диров Ислам, Токмок шаарындагы №2 орто мектеби, химия (базалык)
  15. Базарбаев Баяман, Кадамжайдагы «Семетей» лицейи, химия (тереңдетилген)
  16. Севитова Калича, Ч.Иманкулов атындагы орто мектеби, Ысык-Көл району, биология (базалык).
  17. Эминов Тилек, Оштогу «Сема» лицейи, биология (тереңдетилген).
  18. Батыркулов Шабдан, Бишкектеги Ч.Айтматов атындагы лицейи, информатика.

4-орун

     1. Доронбекова Айзирек, Джалал- Абаддагы З.Нурматова атындагы кыздар лицейи, кыргыз тили жана адабияты (кыргыз тилдүү мектеп).

2. Ишенбаева Мээрим, Ысык-Көлдөгү Х.Карасаев атындагы лицейи, кыргыз тили жана адабияты (орус тилдүү мектеп).

  1. Мавлянкулова Айпери, Баткен облустук гимназиясы, орус тили жана адабияты (кыргыз тилдүү мектеп).
  2. Жакшыбаева Бермет, Кызыл-Кыя шаарындагы Д.Карбышев атындагы №1 орто мектеби, орус тили жана адабияты (орус тилдүү мектеп).
  3. Жакыпбеков Актан, Ж.Мавлянов атындагы мектеп-лицейи, Аксы району, англис тили (базалык).
  4. Сыдыкова Индира, Бишкек шаарындагы №13 мектеп-гимназиясы, англис тили (тереңдетилген).
  5. Даруда Максим, Токмок шаарындагы №2 орто мектеби, тарых.
  6. Бактыбеков Адилет, Бишкек шаарындагы №69 окуу-тарбиялык комплекс-гимназиясы, география.
  7. Жадиева Адинай, Турусбеков атындагы №16 орто мектеби, Ноокен району, математика (базалык)
  8. Алчымбаев Атахан, Бишкек шаарындагы №67 окуу-тарбиялык комплекс-гимназиясы, математика (тереңдетилген).
  9. Вищенсев Александр, Бишкек шаарындагы №9 окуу-тарбиялык комплекс-гимназиясы, физика (базалык).
  10. Тагаев Манас, Кадамжайдагы «Семетей» лицейи, физика (тереңдетилген).
  11. Жолдошбек уулу Алтынбек, «Кут билим» окуу-тарбиялык комплекси, Жети-Ɵгүз району, химия (базалык).
  12. Сайткулов Шаршенали, Джалал-Абаддагы Курманбек баатыр атындагы балдар лицейи, химия (тереңдетилген).
  13. Орозакунова Амаль, Кант шаарындагы Д.Зубков атындагы №1 мектеп-гимназиясы, биология (базалык).
  14. Таалайбек кызы Афина, Бишкек шаарындагы КММАга караштуу лицейи, биология (тереңдетилген).
  15. Мадаминов Акбар, Оштогу «Сема» лицейи, информатика.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер