ЖҮЗДӨН АШУУН ОКУТУУЧУ РОССИЯНЫН ЖОЖУНАН КЕСИПТИК ЧЕБЕРЧИЛИГИН ЖОГОРУЛАТТЫ

  • 25.04.2022
  • 0

Россиянын Элдердин достугу университетинен (РУДН) Кыргызстандын ЖОЖдорунан жүздөн ашуун окутуучу кесиптик чеберчилигин  жогорулатты.  

ЖҮЗДӨН АШУУН ОКУТУУЧУ РОССИЯНЫН ЖОЖУНАН КЕСИПТИК ЧЕБЕРЧИЛИГИН ЖОГОРУЛАТТЫ

Курс И.Арабаев атындагы  КМУнун өтүнүчү менен  өтүп, Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын журналистика жана текст менен иштеген лингвист окутуучулары катышты. Алар беш күн бою «Медиатекст жана санариптик чөйрө: көйгөйлөр жана өз ара аракеттенүүнүн келечеги» аттуу темада лекцияларды угуп, практикалык иштерине катышышты.

Курс онлайн форматта И.Арабаев атындагы КМУнун платформасында болуп, аны уюштурууга Россиянын Элдердин достугу университетинин массалык коммуникация кафедрасынын  окутуучусу К.Касмалиева жана КМУнун эл аралык иштер бөлүмүн жетекчиси А.Борубаева, Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин деканы З.Алымкулов, журналистика кафедрасынын башчысы Ш.Искендерова катышты.

Курска  Кыргыз улуттук, Бишкек мамлекеттик, Ош мамлекеттик, Ысык-Көл мамлекеттик, Кыргыз-Өзбек жана Кыргызстандагы эл аралык университеттеринин окутуучулары катышты.

Курс 19-апрелден 23-апрелге чейин өтүп, 72 саатты түздү. Санарип медиачөйрөдөгү текстология жана дискурс, техника,  технология, медиатексттин формалары, форматтары, контент жана риторика маселеси, жанрдык регламент сыяктуу заманбап медиатекст жана медиатекстти анализдөө сыяктуу учурдагы эң актуалдуу маселелер боюнча лекциялар окулду.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер