Ж.БАЛАСАГЫН АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ УЛУТТУК УНИВЕРСИТЕТИ

  • 08.06.2022
  • 0

БИЛИМ – АКЫЛДЫН ЖҮЗҮ

Абитуриент — 2022, туура тандоо жаса!

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети Кыргызстандагы эң ири жогорку окуу жайлардын бири катары билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, илимий потенциалды өнүктүрүү жана мезгилдин талабына жооп берген адистерди даярдоо боюнча максаттуу жана толук масштабдуу иштерди жүргүзүп келет. Биздин окуу жай, окуу процессине окутуунун жаңы технологияларын эффективдүү киргизүү үчүн, жетишерлик деңгээлде инновациялык мүмкүнчүлүктөр жана техникалык ресурстар менен камсыздалган.

Эл аралык долбоорлордун алкагында (МНЕЦ, INTAS, IREKS, TEMPUS, ж. Б) Европадагы, АКШдагы, Канададагы эл аралык долбоорлор жана 50дөн ашык ири чет өлкөлүк университеттер, борборлор, программалар менен илимий кызматташууну караган келишимдер түзүлдү жана ишке ашырылып жатат. Университеттин дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүнүн алдыңкы университеттеринин ассоциациясына интеграциясы күч алды. Университет КМШнын тармактык университетин, Евразиялык университеттердин ассоциациясын жана Шанхай кызматташтык уюмунун университетин түзүү боюнча консорциумдун мүчөсү болуп саналат. Жогорудагы долбоорлордун алкагында КУУнун эң мыкты студенттери чет өлкөдөн билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Ж.Баласагын атындагы КУУнун бүтүрүүчүлөрү керектүү кесиптик компетенцияларга ээ, иш берүүчүлөрдүн заманбап талаптарын толугу менен канааттандырат. Алар Кыргызстандын гана эмес, чет өлкөлөрдүн эмгек рыногунда да суроо-талапка ээ. Бүтүрүүчүлөр бизнес компанияларда, мамлекеттик башкаруу органдарына, Кыргыз Республикасынын алдыңкы ЖОЖдорунда ишке орношуу мүмкүнчүлүгүнө ээ

МАТЕМАТИКА ЖАНА ИНФОРМАТИКА ФАКУЛЬТЕТИ

510100 – Математика (бакалавр, магистр);

510200 – Колдонмо математика жана информатика (бакалавр, магистр);

710300 – Колдонмо информатика (бакалавр, магистр).

 

ФИЗИКА ЖАНА ЭЛЕКТРОНИКА ФАКУЛЬТЕТИ

510400 – Физика (бакалавр, магистр);

690100 – Электроника жана наноэлектроника (бакалавр, магистр);

700800 – Техникалык физика (бакалавр, магистр).

БИОЛОГИЯ ФАКУЛЬТЕТИ

520200 – Биология (бакалавр, магистр);

720200 – Биотехнология (бакалавр, магистр);

520900 – Биоэкология (бакалавр, магистр);

Экспер. Лабораториялык иш (бакалавр).

 

ХИМИЯ ЖАНА ХИМИЯЛЫК ТЕХНОЛОГИЯ ФАКУЛЬТЕТИ

520100 – Химия (бакалавр, магистр);

720100 – Химиялык технология (бакалавр, магистр).

 

ГЕОГРАФИЯ, ЭКОЛОГИЯ ЖАНА ТУРИЗМ ФАКУЛЬТЕТИ

520400 – География (бакалавр, магистр);

520800 – Экология, жаратылышты пайдалануу (бакалавр);

600200 – Туризм (бакалавр, магистр).

 

ТАРЫХ ЖАНА ЧӨЛКӨМ ТААНУУ ФАКУЛЬТЕТИ

531500 — Чөлкөм таануу (бакалавр, магистр);

530400 – Тарых (бакалавр, магистр);

571200 – Музеология жана маданий табигый мурастар объекттерин коргоо (бакалавр).

 

МААЛЫМАТТЫК ЖАНА ИННОВАЦИЯЛЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР ФАКУЛЬТЕТИ

710200 – Маалыматтык системалар жана технологиялар (бакалавр, магистр);

590100 – Маалыматтык коопсуздук (бакалавр);

710100 – Информатика жана эсептөө техникасы (бакалавр);

510300 – Маалыматтык технологиялар (бакалавр, магистр);

580500 – Бизнес-информатика (бакалавр, магистр);

710400 – Программалык инженерия (бакалавр, магистр).

 

КЫРГЫЗ-КЫТАЙ ФАКУЛЬТЕТИ

531100 – Лингвистика (кытай тили) (бакалавр, магистр);

550300 – Филологиялык билим берүү (кытай тили);

532300 – Кытай таануу (бакалавр, магистр);

530003 – Котормо жана котормо таануу (кытай тили) (адистик);

580100 – Экономика (бакалавр, магистр);

510300 – Маалыматтык технологиялар (магистр).

 

ЧЕТ ТИЛДЕР ФАКУЛЬТЕТИ

531100 – Лингвистика (англис, немец, француз, корей тилдери) (бакалавр, магистр);

530003 – Котормо, котормо таануу (англис, немец, француз тилдери), (адистик);

531800 – Европа таануу (бакалавр).

 

ЖУРНАЛИСТИКА ФАКУЛЬТЕТИ

530600 – Журналистика (бакалавр, магистр);

530700 – Жарнама жана коомчулук менен байланыш (бакалавр, магистр);

571100 – Телевидение (бакалавр).

 

ОРУС ЖАНА СЛАВЯН ФИЛОЛОГИЯСЫ ФАКУЛЬТЕТИ

531000 – Филология (орус) (бакалавр, магистр);

531100 – Лингвистика (орус тили чет тили катары) (бакалавр, магистр);

550300 – Филологиялык билим берүү (орус тили жана адабияты, поляк тили) (бакалавр).

 

КЫРГЫЗ ФИЛОЛОГИЯСЫ ФАКУЛЬТЕТИ

531000 – Филология (кыргыз) (бакалавр, магистр);

550300 – Филологиялык билим берүү (магистр);

550001 – Мамлекеттик тил кыргыз тилинде окутулбаган билим берүү мекемелеринде (адис-
тик);

530003 – Котормо жана котормо таануу (кыргыз тил) (адистик);

531100 – Лингвистика (түрк тили) (бакалавр).

 

СОЦИАЛДЫК-ГУМАНИТАРДЫК ИЛИМДЕР ФАКУЛЬТЕТИ

530100 – Философия (бакалавр, магистр);

530001 – Клиникалык психология (адис);

540200 – Социалдык жумуш (бакалавр, магистр);

530300 – Психология (бакалавр, магистр);

550700 – Педагогика (бакалавр, магистр);

531400 – Дин таануу (бакалавр, магистр);

541000 – Социология (магистр).

 

ЭКОНОМИКАЛЫК ФАКУЛЬТЕТи

580100 – Экономика (бакалавр, магистр)

Профилдер:

— бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит;

— финансы жана насыя (кредит);

— банк иши;

— эл аралык бизнес;

— салык жана салык салуу;

— ишкананы башкаруунун экономикасы;

— экономикалык коопсуздук.

 

КЫРГЫЗ-ЕВРОПА ФАКУЛЬТЕТИ

Индив. – Экономика жана башкаруу (бакалавр, магистр)

580700 – Бизнести башкаруу (бакалавр, магистр)

 

ЭЛ АРАЛЫК МАМИЛЕЛЕР ЖАНА ЧЫГЫШ ТААНУУ ФАКУЛЬТЕТИ

520800 – Эл аралык мамилелер (бакалавр, магистр);

530900 – Чыгыш таануу, Африканистика (бакалавр).

 

БАШКАРУУ ЖАНА БИЗНЕС ФАКУЛЬТЕТИ

580200 – Менеджмент (бакалавр, магистр);

581000 – Маркетинг (бакалавр, магистр);

580600 – Логистика (магистр);

700400 – Сапатты башкаруу (бакалавр, магистр).

 

ЮРИДИКАЛЫК ФАКУЛЬТЕТи

530500 – Юриспруденция (бакалавр, магистр):

530002 – Сот экспертизасы (адис);

530004 – Бажы иши (адис).

 

КАДРЛАРДЫ КАЙРА ДАЯРДОО ЖАНА КВАЛИФИКАЦИЯНЫ ЖОГОРУЛАТУУ ФАКУЛЬТЕТИ

580100 – Экономика (бакалавр);

530500 – Юриспруденция (бакалавр)

Индив. – МВА (магистр)

530300 – Психология (бакалавр);

550700 – Педагогика (бакалавр);

580200 – Менеджмент (магистр).

 

МАМЛЕКЕТТИК ЖАНА МУНИЦИПАЛДЫК БАШКАРУУ ФАКУЛЬТЕТИ

580900 – Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу (бакалавр, магистр).

 

ПЕДАГОГИКАЛЫК ФАКУЛЬТЕТи

550300 – Филологиялык билим берүү (кырг. тили) (бакалавр);

550300 – Филологиялык билим берүү (чет тилдер) (бакалавр);

550700 – Педагогика (профилдер: мектепке чейинки билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы; баштапкы билим берүүнүн педагогикасы менен методикасы; педагогика жана психология (мектепке чейинки билим берүү) (бакалавр);

550100 – Табигый-илимий билим берүү (география, биология) (бакалавр);

550200 – Физика-математикалык билим берүү (информатика, математика) (бакалавр);

550700 – Педагогика (баштапкы билим берүүнүн педагогикасы менен методикасы) (магистр).

 

ГУМАНИТАРДЫК-ТАБИГЫЙ ИЛИМДЕР ФАКУЛЬТЕТИ

(ОШ шаары)

550700 – Педагогика (бакалавр) ;

530300 – Психология (бакалавр);

532000 – Дене тарбия жана спорт (бакалавр).

 

Ж.Баласагын атындагы КУУнун орто кесиптик билим берүү бөлүмдөрүндө ишке ашырылуучу адистиктердин тизмеси (9-11-класстар базасындагы бюджеттен тышкаркы негизде)

МААЛЫМАТТЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР БӨЛҮМҮ

220206 – Маалыматты жана башкарууну иштеп чыгуунун автоматташтырылган системасы (тармактар боюнча);

230109 – Эсептөө техникасы менен автоматташтырылган системаларды программалык камсыздоо;

090109 – Колдонмо информатика.

 

ЭКОНОМИКАЛЫК БӨЛҮМҮ

080110 – Экономика жана бухгалтердик эсеп (тармактар боюнча);

080106 – Финансы (тармактар боюнча);

080108 – Банк иши;

080107 – Салык жана салык салуу.

 

ЮРИДИКАЛЫК БӨЛҮМҮ

030505 – Укук таануу.

 

КЫРГЫЗ-КЫТАЙ БӨЛҮМҮ

050720 – Котормо иши.

 

КЕСИПТИК-ПЕДАГОГИКАЛЫК БӨЛҮМҮ

050709 – Баштапкы класстарды окутуу;

050704 – Мектепке чейинки билим берүү;

040101 – Социалдык жумуш;

050711 – Социалдык педагогика.

 

Жусуп Баласагын атындагы КУУнун гуманитардык-табигый илимдер факультетинин орто кесиптик билим берүү бөлүмү (Ош шаары)

080108 – Банк иши;

050704 – Мектепке чейинки билим берүү;

080106 – Финансы (тармактар боюнча);

080110 – Экономика жана бухгалтердик эсеп (тармактар боюнча);

030503 – Укук таануу;

230109 – Эсептөө техникасы менен автоматташтырылган системаларды программалык камсыздоо.

ГИМНАЗИЯ

Окутуу: 10-11-класстар базасында

ДОКУМЕНТТЕРДИ КАБЫЛ АЛУУ

Дареги: Абдымомунов көч. 328,
КУУнун №6 окуу имараты

Тапшыруу үчүн төмөнкү документтер зарыл:

  • Жалпы жана орто кесиптик билими жөнүндө аттестат (түп нускасы);
  • 6 сүрөт (3х4 өлчөмүндө);
  • Паспорттун (ID) же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
  • Жалпы тестирлөө (ОРТ) жөнүндө күбөлүк (түп нускасы);
  • Аскердик каттоо жөнүндө күбөлүк же аскердик билет.

 

Телефондор: +996 (312) 34-01-68,

 0778 863959, 0706 423223, 0700623908.

 web-site: https://www.knu.kg

Бөлүшүү

Комментарийлер