Ж. БАЛАСАГЫН АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ УЛУТТУК УНИВЕРСИТЕТИ КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ

  • 15.09.2023
  • 0

Ж. БАЛАСАГЫН АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ УЛУТТУК УНИВЕРСИТЕТИ КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ

Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети

КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы №346 токтому менен бекитилген КР жогорку окуу жайларында профессордук-окутуучулук курамынын бош орун кызматтарына кабыл алуунун тартиби жөнүндө Жобого жана кафедра башчыларын шайлоонун тартиби жөнүндөгү Жобого ылайык, Ж. Баласагын атындагы КУУ 2023-жылдын 15-сентябрынан тартып окумуштуулук даражага ээ талапкерлерге кафедра башчылык бош кызмат ордуна конкурс жарыялайт:

Математика жана информатика факультети

— Математикалык анализ кафедрасы

— Акад. А.А.Бөрүбаев атындагы алгебра, геометрия, топология жана жогорку математиканы окутуу кафедрасы

Физика жана электроника факультети

— Физиканы окутуу технологиялары жана табият таануу кафедрасы

— Теоретикалык физика жана жалпы физика кафедрасы

— Техникалык физика кафедрасы

— Электроника жана наноэлектроника кафедрасы

География, экология жана туризм факультети

— Экология жана жаратылышты пайдалануу кафедрасы

— Физикалык география кафедрасы

— Туризм жана рекреационалдык география кафедрасы

Биология факультети

— Ботаника жана өсүмдүктөрдүн физиологиясы кафедрасы

— Зоология, адамдын жана жаныбарлардын физиологиясы кафедрасы

— Жалпы биология, экология жана лабораториялык иш кафедрасы

Химия жана химиялык технология факультети

— ЮНЕСКОнун физикалык жана коллоиддик химия кафедрасы

— Органикалык химия жана билим берүү технологиялары кафедрасы

— Органикалык эмес химия жана химиялык технологиялар кафедрасы

Орус жана славян филологиясы факультети

— Орус жана чет элдер адабиятынын теориясы жана тарыхы кафедрасы

— Орус тилинин теориясы жана практикасы кафедрасы

Чет тилдер факультети

— Англис тили, котормо жана котормо таануу кафедрасы

— Француз тили кафедрасы

— Германистика жана маданият аралык коммуникация кафедрасы

— Англистика жана маданият аралык коммуникация кафедрасы

Социалдык-гуманитардык илимдер институту

— Жогорку мектептин педагогикасы кафедрасы

— Психология кафедрасы

— Философия, маданияттын теориясы жана тарыхы кафедрасы

— Дин таануу жана теология кафедрасы

— КУУнун факультеттер аралык кафедралары

— Факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасы

— Факультеттер аралык орус тили кафедрасы

— Факультеттер аралык чет тилдер кафедрасы

— Факультеттер аралык дене тарбия жана спорт кафедрасы

Экономиканын жогорку мектеби

— Финансы кафедрасы

— Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит кафедрасы

— Экономика кафедрасы

П.и.д., проф. Исамидинов И.Ч. атындагы педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институту

— Мектепке чейинки, мектеп педагогикасы жана билим берүү технологиялары кафедрасы

Юридикалык институт

— Кылмыш-жаза укугу жана криминология кафедрасы

— Ишкердүүлүк жана процессуалдык укук кафедрасы

— Граждандык жана эмгек укугу кафедрасы

— Кылмыш-жаза процесси жана соттук экспертиза кафедрасы

— Мамлекет менен укуктун теориясы жана тарыхы жана эл аралык укук кафедрасы

— Укук таануу жана бажы иши кафедрасы

— Конституциялык жана муниципалдык укук кафедрасы

— Административдик, финансылык жана маалыматтык укук кафедрасы

— Экологиялык жана жер укугу кафедрасы

— Гуманитардык жана табигый илимдер кафедрасы

Тарых жана чөлкөм таануу институту

— Археология, этнология, булак таануу жана тарыхнаама кафедрасы

— Европа жана Америка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасы

— Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасы

— Кыргызстандын тарыхы кафедрасы

— Чөлкөм таануу жана кыргыз таануу кафедрасы.

Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

  1. Ректордун наамына жазылган арыз.
  2. Паспорттун көчүрмөсү.
  3. Резюме.
  4. Нотариус же кадрлар бөлүмү тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү.
  5. Нотариус же кадрлар бөлүмү тарабынан күбөлөндүрүлгөн билими, окумуштуулук даражасы, наамы тууралуу документтердин көчүрмөсү.
  6. Университеттин Окумуштуулар кеӊешинин окумуштуу катчысы тарабынан белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн акыркы 5 жылда жарыяланган илимий жана окуу-методикалык иштердин тизмеси.
  7. 5 жылга түзүлгөн кафедраны өнүктүүнүн перспективдүү планы.
  8. Иштеген жеринен мүнөздөмө.
  9. Документтердин тизмеси.

Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтер менен маалыматтарды тапшырган жарандар конкурска киргизилбейт.

Конкурска катышуу үчүн бардык каалоочуларга документтерди А4 форматындагы конвертке салып, чаптап, бетине факультет менен кафедраны көрсөтүп, “Конкурстук комиссияга” деп даректеп, кулактандыруу жарыяланган учурдан баштап 30 күн ичинде Фрунзе көч. – 547, 118-каб. (жалпы бөлүм) дарегинен каттоодон өтүп, тапшыруу керек.

Маалымат үчүн телефон:

32-32-39

Бөлүшүү

Комментарийлер