ӨЗГӨНДӨ ЖАҢЫ БАЛА БАКЧА АЧЫЛДЫ

  • 24.01.2023
  • 0

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Жылалды айылында 75 орундуу “Саадат эне” бала бакчасы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу «Кабар» маалымат агенттигинен билдиришти.

ӨЗГӨНДӨ  ЖАҢЫ БАЛА БАКЧА АЧЫЛДЫ

Маалыматта айтылгандай, иш-чарага президенттин өкүлү Зиядин Жамалдинов, Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Шабдан Абыкаев жана жергиликтүү тургундар катышты.

Аталган балдар бакчасында учурда 55 бала тарбияланууда. Курулуштун баасы 30 миллион сомду түзүп, республикалык бюджеттен каржыланды.

Бөлүшүү

Комментарийлер