ӨЗГӨНДӨ 180 МЛН СОМГО 225 ОРУНДУУ ЖАҢЫ МЕКТЕП КУРУЛАТ

  • 20.10.2025
  • 0

Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Эски-Покровка айылында 225 орунга эсептелген жаңы мектептин курулушу башталат. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

ӨЗГӨНДӨ 180 МЛН СОМГО 225 ОРУНДУУ ЖАҢЫ МЕКТЕП КУРУЛАТ

Маалыматка ылайык, долбоор Президенттин Иш башкармасына караштуу “Кыргызстройсервис” мамлекеттик ишканасы тарабынан ишке ашырылат.

Курулушка керектелүүчү каражат Турукташтыруу фондунан бөлүнгөн.

Белгилей кетсек, бул демилге УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин Өзгөн районундагы сапарынан кийин көтөрүлгөн. Ал жергиликтүү тургундардын өтүнүчүн угуп, жаңы мектеп куруу сунушун колдогон.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер