ӨЗГӨЧӨ ТАЙМАШ САБАК

  • 02.03.2023
  • 0

Ат-Башы районундагы Анварбек Чортеков атындагы орто мектебинде кыргыз тили усулдук бирикмесинин мүчөсү Насира Сыдыкова 5-класстын окуучуларына кыргыз адабияты сабагынан  Чыңгыз Айтматовдун «Атадан калган туяк» чыгармасы боюнча өткөн көрсөтмөлүү ачык сабагында классты эки топко бөлүп, таймаш сабактын баалоосун жаздын алгачкы күнү менен байланыштырып,  гүлдөрдү топтоо менен баалады.

ӨЗГӨЧӨ ТАЙМАШ САБАК

— Эженин бул ачык сабагындагы өзгөчө кульминациясы алтын эрежени макалдар менен бергенинде жана кыргыз лексикасында чоң орду бар, бирок азыркы тапта пайдаланылбай калган сөздөрдүн маанилерин ачып берүү болду. Алар: жүн кыркын, кашар, телефонист, пулемёт, замбирек, танк жана башка ушул сыяктуу сөздөрдүн топтомунан турду. Ошону менен бирге каармандарга кластер түзүп, синквейн аркылуу кыргыз тили сабагында өткөн темалары менен байланыштыра кетишти, — дейт Айдай Кубанычбекова.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер