ӨЗГӨЧӨ БАЛДАРДЫН ОКУУДАГЫ ӨКСҮГҮ

  • 16.10.2020
  • 0

2020-2021-окуу жылынын башында окууга тартылбаган үч миң ге жакын балдардын жарымынан көбү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар болсо, 0,5 пайызы окууга эмес, ата-энелеринин оокатына тартылып, талаада иштеп жүргөн балдар. Жалпы окууга тартылбаган балдардын 42 пайызын 11-15 жаш курактагы өспүрүмдөр түзөт.

КР Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматынан алынган маалыматка ылайык, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын арасында болжол менен 69 пайызга жакыны акыл-эсинин өнүгүүсү жетишпеген жана 25 пайызы — дене боюнун өнүгүүсүндөгү кемчиликтери бар балдар. Алардын көпчүлүгү (70 пайыздан ашыгы) айыл жерлеринде жашайт. Мектепке барбагандыгынын негизги себептеринин бири —  мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар үчүн аймактарда адистештирилген мектептердин жетишсиздиги.  Өзгөчө балдар үчүн адистештирилген мектептердин көпчүлүгү Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жайгашкан.

ӨЗГӨЧӨ БАЛДАРДЫН ОКУУДАГЫ ӨКСҮГҮ

“Бала кыялы” эмнени кыялданат?

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ленинское айыл аймагында ачылган “Бала кыялы” коомдук бирикмеси ошол аймактагы ден соолугунан жабыркаган балдардын башын кошуп, аларды коомго аралаштыруу, окутуу аракеттерин көрүп келет. Анын жетекчиси Тамара Балкибекованын айтымында, үйдө оорулуу бала баккан үй-бүлөлөр өтө оор абалда калышат. Адатта алар балдарынын физикалык ден соолугу менен алектенип, акыл-эсин өстүрүү, билим берип окутууну эске алышпайт.

— Мен “Бала кыялы” деген коомдук бирикме ачып, ден соолугунан жабыркаган балдардын маселеси менен алектенгениме беш жылдын жүзү болду. Алардын көйгөйлөрүн абдан жакшы түшүнөм, анткени өзүмдүн да оорукчан балам бар. Аймактардан колум жеткен, үнүм жеткен жерден кабарлашып, азыр 25 бала менен иштеп жатабыз. Учурдун талабына ылайык, аралыктан окутуудабыз. Биздин коомдо ден соолугунан жабыркаган адам үйдө отурушу керек деген көз караш калыптанып калган. Бул тап-такыр туура эмес мамиле деп эсептейм. Тагдырдын жазган жазмышы менен, ден соолугунан жабыркаган баланы башка балдардай эле бирдей кабыл алуу керек. Мында айрыкча, мугалимдердин ролу чоң . Эгерде класс жетекчи кабыл алса, классындагы балдарга жакшылап түшүндүрсө, сөзсүз түрдө туура көз караш калыптанат. Анан дагы, мен баса белгилеп кетким келген нерсе, үйдөгү ата-энелер да эч качан тартынбай, жаап-жашырбай ошондой балдарынын коомго аралашуусуна жакындан жардам берүүгө тийиш. Айрыкча айыл жергесинде ден соолугунан мүчүлүштүгү бар балдарга боор ооруп мамиле кылышат. Биздин милдет – андай өзгөчө балдарды өгөйлөбөй, кандай болсо ошондой кабыл алуусуна жетишүү. Коомубузда калыптанып калган көз карашты бузуп, алар деле башкалардай эле адамдар  экендигине ынандырышыбыз, керек болсо, далилдешибиз керек, — дейт Тамара Балкибекова.

Коомдук бирикменин директорунун айтымында, коомчулук, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү коомдун тең  укуктуу мүчөсү болгон ошондой ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга колдоо көрсөтүү керек. Мындай колдоо адатта, жергиликтүү бийликтегилерден эмес, сырттан, донорлордон келет. Жөнөкөй мисал, “Бала кыялы” уюшулгандан тартып, ижарага имарат алып иштейт. Ошол өздөрү жайгашкан аймактан 5-10 сотых жер тилкесин бөлүп беришсе,  аларга ылайыктап имарат куруп берүүгө даяр курулуш компаниясы бар.

— Биз үч жылдан бери жергиликтүү бийлик органдарынан биздин борбор үчүн жер тилкесин бөлүп берүү өтүнүчү менен кайрылып келатабыз. Тилекке каршы, ал өтүнүчүбүздү угаар киши жок, балким аларды тагдырдын оор сыноосуна кабылган балдардын келечеги кызыктырбайт чыгар, болбосо биздин үнүбүздү эбак угушмак. Ошондон улам коомчулук деле бирдей тең  мамиле жасабай жатса керек. Биз балдарыбыз жарык дүйнөгө кандай жаралса, ошондой кабыл алууга тийишпиз. Биздин мекеме — майыптар үйү эмес, окууга, окутууга, жылуу сөзгө муктаж балдарды окутуучу, өнүктүрүүчү борбор болуп саналат. Андыктан, үйүндө ден соолугунан жабыркаган балдары бар ата-энелерге айтаарым, аларды эртерээк коомго аралаштыргыла, окуткула. Балким балдарың ардын колу-бутунан өмүр бою кемчилик болоор, бирок акыл-эси өөрчүп, билимдүү, өзүнө ылайыктуу кесиптин ээси болсун. Мен өзүмдүн балам азыр 35ке чыкты, убагында туура эмес мамиле кылган экенмин, буту-колун кыймылдатып, бастырам деп, бардык күч-аракетимди жумшадым, аны менен катар эле кандайдыр бир кесипке окутуп, өзүнө ылайыктуу иш менен камсыз кылуу жагын такыр ойлобоптурмун. Азыр балким өз нанын өзү таап жегенге жарамак, — дейт борбор жетекчиси, турмуштук тажрыйбасы менен бөлүшүп.

ӨЗГӨЧӨ БАЛДАРДЫН ОКУУДАГЫ ӨКСҮГҮ

Ден соолугунан жарды болсо да, жан дүйнөсү жардыланбасын

Статистика далилдегендей, ден соолугунан мүчүлүштүгү бар кичинекей жарандарыбызга кандайдыр бир шарт түзүп, жардам колун сунууга умтулган атайын мекемелер адатта борборго жакын аймактарда жайгашкан. Мунун объективдүү да, субъективдүү да себептери бар. Өзгөчө балдарга колдоо көрсөткөн мекеме-уюмдар көпчүлүк учурларда сырттан келген донорлордун эсебинен иш алып барышат да, мөөнөтү аяктаганда, ишин токтотууга аргасыз болушат.

Чүй облусунун Сокулук районунда убагында ачылган “Өзгөчө бала” коомдук бирикмеси райондогу ар кандай диагноздор менен ооруган мектепке чейинки курактагы, орто билим берүү мекемелерине кирбей калган төрт жаштан он жаштагы 20 баланы окутуп баштаган. Уюштуруучулардын айтымында, жумасына бир жолу бир жарым сааттан сабак өтүшчү. “Өзгөчө бала” коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү Салтанат Төрөбекова, өзгөчөлүгү бар балдарды окутууда дидактикалык материалдар, атайын программалар тартыш экендигин айтат.

— Биздин бирикме Улуу Британиянын Хелспром уюмунун майып балдары бар үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү долбоорунун алкагында иштеген. Ошол каражатка ар бир балага ылайыкташтырылган окуу куралдарын сатып алып, эгерде угуу жагынан кыйналса, карталар менен, эгерде церебралдык шал оорусу бар бала болсо, анда да ар биринин жеке өзүнө ылайыктуу башкача мамиле жасап иш алып бардык. Балдар сабактарга абдан кубанышып, колуна оюнчуктарды алганда да чексиз бактылуу болушаар эле.

Тилекке каршы, аз камсыз болгон, өзгөчө балдары бар 20 үй-бүлөнүн ичинен эки-үч үй-бүлө гана оюнчук сатып ала алышкан. Мындан тышкары, ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар үчүн дидактикалык материалдар өтө эле аз, абалы оор балдар үчүн программалар өтө аз иштелип чыккан, окуу, логика, арт-терапияны өнүктүрүү боюнча окуу материалдарын өзүбүз түзгөнбүз, — дейт.

Адистердин айтымында, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдары менен дайыма үйдө отурушкан энелер да ар дайым колдоого муктаж. Аларга биринчи кезекте туура кеп-кең ештерди берип, психологиялык терапия көрсөтүү керек. Жогоруда аталган долбоордун алкагында энелер өз укуктарын коргоо боюнча тренингдерден өтүшүп, психологдордон сабак алышкан.

Өзгөчө балдарды өгөйлөбөйлү

Аламүдүн районундагы Ленинское айлында жайгашкан мектепте иштеген Айзуура Рысалиеванын үч баласы бар. 11 жаштагы кызы өзгөчө төрөлгөндөн баштап, тигүүчүлүк кесибин педагогдук кесипке алмаштырган. Кызына мүмкүнчүлүгүнө жараша билим берүүгө умтулган эне азыркы кесибин өтө аздектеп сүйөөрүн айтат.

— Менин кызым сүйлөчү эмес, догдурлардын кайдыгер мамилесиненби, айтор адегенде ага туура эмес диагноз коюшуп, көп убара тартып калдык. Азыр адистештирилген мектепте билим алат. Үйдөгүлөрдүн баары кезектешип мектебине ташып окутабыз. Мен болсо учурда Ленинское айылындагы мектепте катталып, бирок ушундай ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген үч баланы үйүнө барып окутчумун, учурдагы шартка байланыштуу аралыктан окутуп жатам. Эгерде кандайдыр бир себептер менен кечигип барсам, аябай тынчсызданышып, жол карап күтүшчү. Мен эшиктен киргенде көздөрү жайнап, кубанып кабыл алышат. Мен кесибим аркылуу аларга кубаныч тартуулап жатканыма бактылуу болом. Кудайдын жазганы экен, балдар жарык дүйнөгө ар кандай жаралат тура, аларды коом өгөйлөбөй, кадыресе балдардай кабыл алышы үчүн баардыгыбыз бирдей аракеттенип, колдоо көрсөтүшүбүз керек деп ойлойм. Алардын кабыл алуусу кыйыныраак болсо да, умтулуусу ушунчалык күчтүү!

Андай балдар жалпы мектептин программасын кабыл ала алышпайт, ошондуктан, атайын жең илдетилген программа иштеп чыгышса жакшы болмок, балким ушул өтүнүчүм тиешелүү жетекчилерге жетип калаар. Анан дагы ушундай тагдырга байланган балдарга коомчулук жакшылап көң үл бурса, жер-жерлерде окуу борборлору ачылса жакшы болоор эле. Чындыгында ата-энелер балага мугалим үйрөткөндү үйрөтө алышпайт. Ал балдар эле эмес, алардын ата-энелери да окутууга муктаж, — дейт Айзуура Сатаркуловна.

Айнагүл Кашыбаева, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер