ӨЗБЕКСТАНДЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ АБДУЛЛА АРИПОВ САДЫР ЖАПАРОВДУ ЖОГОРКУ КЫЗМАТКА ДАЙЫНДАЛЫШЫ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ

  • 16.10.2020
  • 0
ӨЗБЕКСТАНДЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ АБДУЛЛА АРИПОВ САДЫР ЖАПАРОВДУ ЖОГОРКУ КЫЗМАТКА ДАЙЫНДАЛЫШЫ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ

Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Ариповдун жана Премьер-министри Садыр Жапаровдун телефон аркылуу сүйлөшүүсү орун алды.

Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн башчысы Премьер-министр Садыр Жапаровду жогорку мамлекеттик кызматка дайындалышы менен куттуктады.

Абдулла Арипов эки өлкө бакубаттуулугу үчүн бир катар багыттар боюнча өз-ара пайдалуу өнөктөштүктү кеңейтүүгө жана чыңдоого ишеним билдирди.

Садыр Жапаров өз кезегинде жылуу куттуктоосу үчүн ыраазычылык билдирип, бир тууган эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты мындан ары карай өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү 

 

 

Поделиться

Комментарии