ЗАМАНБАП БИЛИМГЕ ӨНӨКТӨШТҮК ЗАРЫЛБЫ?

  • 21.02.2020
  • 0

ЗАМАНБАП БИЛИМГЕ ӨНӨКТӨШТҮК ЗАРЫЛБЫ?

Жарандарыбыздын билимге болгон көз карашы өзгөрө баштады

Бүгүнкү күндө билим берүү тармагынын өнүгүшүнө кош көңүл караган жарандар  жокко эсе десек да болчудай. Жарандарыбыз мейли гезит бетинде болсун, мейли социалдык желелерде болсун билим берүү системасын жаңылоого байланышкан макалаларга, маалыматтарга кайдыгер карабай, өз пикирлерин калтырып, бул тармактын чыныгы күйөрмандарына айланып баратканы бекеринен эмес. Себеби ата-энелер билим адамдын келечегин аныктай турган негизги барометрге айланганын, татыктуу кесипкөйлүк гана балага жаркын келечек, бакубат жашоо тартууларын терең түшүнүү менен бирге тийиштүү тармактардан реформаларды, жаңы багыттарды, натыйжалуу ишти  күтүп жатышат. Бул жагдай КРнын Билим берүү жана илим министрлиги жарандык коомдун эксперттери менен биргеликте   Кыргыз Республикасында билим берүүнү 2021-2040-жылдарга өнүктүрүү стратегиясы иштелип чыгып, элдин талкуусуна коюлган шартка  дал келгени бекеринен эместир.

2040-жылга чейин коюлган стратегияда мектепке чейинки билим берүүнү кеңейтүү, билим берүү сапатын жогорулатуу, PISA эл аралык рейтингинде окуучулардын жетишкендиктерин жакшыртуу белгиленген. Баштапкы, орто жана жогорку билим берүү тармагында жумуш ордунда окутуу усулун колдонуу аркылуу улуттук квалификациянын талаптарына жооп бере турган адистерди даярдоо үчүн комплекстүү реформаларды жасоо каралган. Ошондой эле Кыргызстан жана башка мамлекеттердин жумуш берүүчүлөрү менен байланышты бекемдөө маанилүүлүгү көрсөтүлгөн. Билим берүү тармагындагы жеке сектордун өнүгүүсүндө жаралган тоскоолдуктарды жоюу жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү да пландалган.

Ошондой стратегиялык талкуу жүрүп жаткан мезгилге тушташ Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз билим берүү академиясы жана Республикалык педагогикалык кадрлардын билимин жогорулатуу жана кайра даярдоо институту “Билим берүүнү башкарууну жана өнүктүрүүнү модернизациялоонун философиясы” деген темада тегерек үстөл уюштурду. Бул иш-чарага билим тармагынын эксперттери,  айрым мектеп директорлору, окутуучулар катышты.

Өнөктөшүү өргө сүрөйбү?

Алгач билим тармагына өнөктөштүктүн түрдүү формаларын киргизүүнү көптөн бери министрликке сунуш кылып, бул багытта “Кут Билим” газетасы да сандан санга бир нече макалаларды жазып келе жаткан окумуштуу, публицист, жазуучу Дүйшөн Султанкулов аталган темада кыскача баяндама жасап, өзү сунуш кылган идеясы жөнүндө кыскача түшүнүк берип өттү.

— Биз билим берүү системасында кызматташуудан өнөктөштүккө өтүшүбүз керек. Өнөктөш десе эле базарды түшүнгөн болбойт. Өнөктөштүктө милдеттер коюлуп, келишим түзүлөт. Кызыкчылыктар болот. Ал эми кызматташтыкта адамдар бир идеянын үстүндө эле иштеп калышат. Ошондуктан биз өнөктөштүккө өтүүгө тийишпиз. Өнөктөш болмоюнча эч ким натыйжалуу иштебейт. Мында максаттар бир болот. Билим берүүнү өнүктүрүү менен гана биз социалдык көйгөйлөрдү чечип, өлкөбүздү өнүктүрө алабыз, — деди Дүйшөн Султанкулов.

Андан соң өнөктөшүүнүн билим берүү үчүн зарылдыгы барбы, эмне максат үчүн өнөктөшүү керек, коом алдында өнөктөшүүнүн актуалдуулугу, максаттары жана милдеттери кайсылар деген суроолордун тегерегинде талкуу болду. Тегерек үстөлдө мектеп жетекчилери менен өнөктөшүү боюнча семинар-тренингдерди уюштуруу жана аны турмушка ашыруунун жоболору, механизмдери айтылды.

— Өнөктөштүк дегенибиз — эки же бир канча адамдардын же мекеме ишканалардын келишимдин (контракт) негизинде өзүнө  таандык болгон максат, милдеттерди аткаруу үчүн кызматташып жасаган иш-аракеттери. Ар бир тарап ортого коюлган максаттын ичинен өзүнө тиешелүү милдеттерди келишимдин негизинде бөлүп алышат. Андан соң келишимди турмушка ашыруу үчүн кызматташышат. Өнөктөштөр кызматташуунун кырдаалында көйгөйдү чечүүнүн аракетинде болушат. Жалпы максаттары бир, бирок ар тараптын функционалдык милдеттери ар башка. Расмий келишим түзүлгөн соң,  өнөктөштөргө милдеттер конкреттүү бөлүштүрүлөт жана ага жооптуу болушат. Бир тарап тарабынан келишим бузулса, милдеттерди аткарбагандыгы үчүн соттошууга чейин барышы мүмкүн. Билим берүүдө да так ушул процесс сакталышы керек. Коомдо өнүгүү процесси өнөктөшүү принциби менен жашайт, өнүгөт. Билим берүүдө да ошол принцип сакталышы ылайыктуу. Азыр билим берүүнүн сапаты, натыйжасы үчүн эч ким жоопкер эмес (мектеп, ата-эне, мамлекет). Билим чыныгы товарга айлана элек. Билим берүү тармагында  жалпы, чыныгы рыноктук мамиле принциптери  боюнча  козголуу бар (менчик мектептер). Бирок, ички кадр конкуренциясын, билимдин сапатын көзөмөлдөөчү көз карандысыз эксперттер жок. Бүгүн бардык мектепте рыноктун мыйзамын киргизүү мүмкүн эмес. Ал эволюциялык процесс.Реформанын табияты революцияга окшош, мүнөзү да ошондой. Ал эми билим берүүдө жогорку   интеллигенция идеология жүргүзгөнү менен, мугалимдер турмушка ашырышат. Аларды багыттоо гана керек, — дейт Д.Султанкулов.

— Мугалимдин билими натыйжа бериши керек. Натыйжалуу иштеген менен натыйжасыз иштеген мугалим бирдей айлык маяна ала берсе, өсүш болбойт. Билимдин маңызын социалдаштыруу зарыл. Бала өзүн-өзү тааныса дүйнөнү да тааный алат. Ошондуктан биз баланы изилдеген институттарды ачышыбыз парз, -деди Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Алмазбек Токтомаметов.

Андан соң Республикалык педагогикалык кадрлардын билимин жогорулатуу жана кайра даярдоо институтнун  директору Н.Дюшеева   өнөктөшүүнүн     механизмдери, критерийлери, турмушка ашыруунун жолдору жөнүндө долбоордун авторуна суроо салып, өнөктөшүүнүн моделин түзүүнү сунуштады.

— Азыркы ата-энелердин турмуш, билим боюнча түшүнүктөрү,   көз караштары кыйла жогору экенин тегерек үстөлдүн катышуучулары баса белгилешти.  Бул тенденция айылда да башталды. Газпромнефть мектебине окутуу үчүн ата-энелер ай сайын 23 миң сом төлөшөт. Кезекте тургандары дагы канча.     Андыктан билим берүү тармагында өнөктөшүүнү жетекчиликке алуу боюнча мыйзам актыларды кабыл алуу бышып жетилди. Дагы бир айта кетчү жагдай, сырттан таңууланган программалардан абайласак. Башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын туура келсе, келбесе деле бизде апробация жасоону токтотсок. Буга ”Курикулумду” мисал катары айта кетейин, — деди    Бишкектеги №69 гиманзия мектебинин директору С.Атаева.

Мезгил өзгөрдү, коомдун азыркы абалын түшүнө албай турганыбыз да чын. Турмуш көрсөткөндөй КРнын конституциясында билим берүү бекер деген түшүнүк практикада өзүн жоготуп баратат. Албетте, бардык мектептерди бүгүн эле өнөктөшүүгө өткөрүү керек деген демилге  эртелик кылаар. Бирок, демилгени көтөргөн ата-энелерди,  турмушка ашырам деген мектеп жетекчилерин  колдогонубуз оң болоор.  Азыркы замандын билим берүү саясаты көп кырдуу, а бирок түпкү натыйжага умтулуубуз туруктуу дээр элек. Учурда    билимдин социалдык маңызын, окуучунун көп кырдуу ой-жүгүртүүсүн, адам болуу максаттарын өнүктүрүүнү эстен чыгарбашыбыз керек. Албетте, талаш-тартыштан чындык жаралат. Тегерек үстөл көп кырдуу пикирлерди жаратты, сунуштар айтылды. Катышуучулар жалпысынан өнөктөшүү зарыл деген ой-бүтүмгө келишти.

Мезгил койгон талаптар

Талкуунун жүрүшүндө КР билим берүү жана илим министринин кеңешчиси Расул Абазбеков сөз алып, айтылган идеянын тегерегиндеги пикирлерди жыйынтыктады.

— Бизде билим берүүнү алдыга жылдырууда бардык аракеттер болууда. Мугалимдердин айлык маянасы көбөйдү. Мектептер 99 пайызга Интернет менен туташтырылып,   инфраструктурасы оңолууда. Азыр 624 мектеп кайрадан жогорку ылдамдыктагы Интернет менен иштеп жатат. Калгандары да буга өтөт. Биз сиздер айткан Сингапур, Финландиядан динамикалык өсүшүнөн кайсы бир деңгээлде артта калып жаткандырбыз. Андагы идеалар бизде жашап, кыртышыбызга сиңеби, бул башка маселе. Бирок,  бүгүн сиздер козгоп жаткан ой-пикирлер, сунуштар билим берүүнүн стратегиялык багыттарында негизинен камтылган,-деди Расул Абазбеков өз сөзүндө.

Мугалимдердин статусун көтөрүү багытында өткөн жылы мамлекет тарабынан бир топ жакшы аракеттер болду. Ага мисал, мугалимдердин айлык маянасы 30 пайызга көтөрүлдү. КР бюджетинен Билим берүү секторуна 37,2 млрд. сом бөлүнүүдө. Бүгүнкү күндө республикалык бюджеттин 20,7 пайызы билим берүү тармагына жумшалууда. Албетте, мугалимдердин айлыгын эки эселетип көбөйтсө да аздык кылар эле. Бирок, мамлекеттин дарамети ушуга жеткенине да сүйүнүшүбүз керек. Министрликтин аракети менен мугалимдердин көтөрүлгөн айлыктарын эсептөө автоматташтырылды. Жаңы система-эмгек акынын кол менен эсептөөсүн токтотот. Мындай ыкма финансылык тартип бузуунун көлөмүн кескин төмөндөтө алат. Бул министрликтин мугалимдердин коомдогу беделин көтөрүүнүн дагы бир аракеттеринин бири десек жаңылышпайбыз. Экинчиден, министрликте жакында мугалимдердин квалификациялык категорияларын кайрып берүү маселеси каралып жатат. Бул максатта мектептерде үч этаптан турган конкурс өткөрүлөт. Министрлик бул өнөктүктүн ачык-айкын өткөрүлүшүн камсыздоону өз мойнуна алууда. Мындан тышкары билим берүүнүн стратегиялык багыттарында «Акылдуу мектептин» алкагында ата-энелердин өздөрүн окутуу зарылдыгы бары эске алынып, «Тарбия» деген программа сунушталууда. Тарбия дагы билим берүүнүн бир өзөгү катары каралат. Бул стратегиялык программада «Акылдуу мектеп-келечек мектеби» добоору өзгөчө оорунду ээлеп турат.

Мектептерде профилдешүү багыттары да министирлик тарабынан өзгөчө көңүлгө алынууда. Бул тар мааниде болбоого тийиш. Мугалимдин дагы бир компетентүүлүгү —  балдар кайсы багытка жөндөмдүү экендигин көрө билгендигинде, ошого багыттап окутууда турат. Ата-энелер кайсы бир деңгээлде   мектептен алыстап кеткенин моюнга алганыбыз жөн. Ошондуктан «Ата-энелер» мектебин тузүү зарылдыгы келип чыгууда. Бул долбоорду министрлик колдоп жатканы бекеринен эмес.

Биз татаал теориялар менен баланы негизги билимден үркүтүп жатабыз. Билим турмушка керектүү болушу керек. Мисалы, музыкага жөндөмү жок баланы ал тармакта тереңдетип окутуунун зарылдыгы барбы? Баланын жөндөмүн изилдебей туруп кантип билимдин сапаты көтөрүлмөк. Бул да терең ойлончу маселе. Ошондуктан аталган стратегиялык программада баланын дараметин ачуу, жөндөмүнө жараша окутуу да негизги маселелердин бири  экендигин айта кеткенибиз жөн. КББАнын президенти А.Токтомаметовдун балдарды изилдөө институтун ачуу идеясын мен кош колдоп колдодум.

Мугалимдин статусу демекчи, биз көп айтчу Фин өлкөсүндө мугалимдик адистикке бир орунга 30 абитуриент туура келсе, бери жактагы Грузияда эле мугалимдерди ишке кабыл алуу конкурсуна 15 миңден ашуун адам катышкан. Бул мугалимдик кесиптин эң кадырлуу экендигинен кабар берип турат. Алдыда талкууга коюлуп жаткан стратегиялык программа келечекте ушундай көрсөткүчтү камсыз кылса деген изги тилекти айта кеткибиз келет. Андыктан программаны талкуулоодо биз кайдыгер карабаганыбыз жөн. Балдарды ата-эне, мектеп ары-бери түрткүлөп, акырында милдеттин баарын мамлекетке жүктөй качкан учурду токтотуунун мезгили келди.

— ЖОЖ менен мектептин ажырымы азыр чоң. Ар кимиси өз казанында кайнап жаткандай.  Педагогикалык адистерди даярдаган окуу жайларды алсак, предметтик стандарттар 2015-жылы бир алмашылып, 2020-жылы бул стандарттар дагы алмашыла тургандыгын кээ бир ЖОЖдордун профилдик кафедраларынын окутуучулары билбейт. Ал студенттер мектепке практикага барганда оркоюп билинип калууда. Мектеп директорлору методикалык кафедранын окутуучуларына силер үйрөтө турган нерселерди биз үйрөтүп жатабыз деп айтып жатышат. Мындай ажырымды жоюу үчүн эки тарап тең биргелешип иштөөгө тийиш,-деди министрдин кеңешчиси Р.Абазбеков.

— Мугалим колдоого эле эмес, коргоого да муктаж экенин баса айта кетели. Өткөн кылымда мугалимдин кадыры бийик болсо, азыр аны желкесинен кармап коридордо сүйрөгөн учурлар кездешүүдө. Ушундан улам Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков   ар бир мугалимдин кадыр- баркы  үчүн күрөшүүгө даяр экендигин айтып жатат. Экинчиден, мамлекеттин каржысы толук жетпегендиктен сиздер айтып жаткан өнөктөштүккө барабыз. Биз азыркы учурда эл аралык уюмдар менен өнөктөшүп, ошолордун көмөгү менен иштеп жатабыз. 2024-жылы ПИЗАдан өтөлү деген аракетибиз популизм менен эмес, реалдуу аракеттерден чечилет, -деди  министрдин кеңешчиси өз сөзүндө.

Министрдин кеңешчиси ЖОЖдорду аккредитациядан көз карандысыз аккредитациялык уюмдар өткөрүп жатканын, бул практиканы мектептерге да колдонуу керек экендигин  айтты.  Аталган министрлик буга чейин такыр ачыла элек 500 жерге балдарды мектепке даярдоо багытындагы борборлорду ачуунун үстүндө иштеп жатат. Бул дагы эл аралык өнөктөштүктүн натыйжаларынын бири десе болот.

Өнөктөштүктүн оош-кыйышы

Мектепте мугалим ата-энелерден акча чогулткан учур өтүп кетти десек аша чапкандык болбос. Министр Каныбек Исаков жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерине, администрацияларына окуучулардан, ата-энелеринен   акча каражатын талап кылууга тыюу салган буйрукка кол койгону коомчулукка жакшы тааныш. Буйрукка ылайык, маданий-массалык жана башка иш-чараларга да каражат чогултууга тыюу салынган.

Мындан сырткары, камкорчулар кеңештеринин жана ата-энелер комитеттеринин каржы маселелерине педагогикалык жамааттын жана административдик кызматкерлердин катышуусуна тыюу салынган. Эгер жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери же педагогдору тарабынан мыйзамсыз каражат топтоо же окуучуларга, алардын ата-энелерине моралдык-психологиялык жактан басым көрсөтүлгөн факты аныкталса, тартиптик жаза чараларын көрүү менен кызмат орундарынан бошотуу жазасы колдонулат.

Ата-эненин макулдугусуз бир да акча каражаты чогултулбайт. Учурда ата-энелер комитети өздөрүнүн демилгелери менен мектептин муктаждыгына карап көмөк көрсөтүшүп жатышат. Көрүнүп тургандай, буйрукка ылайык мектептин бир да кызматкери кийлигише албайт. Бул да биз сөз кылып жаткан өнөктөштүктүн бир багытына кирет. Ал эми мурда болуп келгендей, ата-энелерден мугалимдердин акча чогултуусу,  түшкөн каражаттын  ачык айкын болбошу — бул өнөктөшүүгө кирбейт.

Ушундан улам министрлик ачык айкындуулуктун инстурментин мектептерге жайылтууда. Анын айкын бир мисалы, электрондук каттоо болуп эсептелет. Бул система  республикабыздын алты аймагында ишке кирет.  Мындай система балдарды 1-класска кабыл алууда коррупциялык схемалардан коргойт. Ошондой эле ата-энелерге балдарын мектепте каттатууну жеңилдетет. Буга ылайык атайын сайтта «Финансылык каржылоо» деген модул ачылган. Ата-энелер фонду эсепчиси менен бирдикте мектепке демөөрчү болгон ата-энелерден чогулган каражаттын кириш-чыгышын, сарпталышын так, ачык көрсөтүп турушат. Бул да өнөктөштүктүн чыныгы жакшы жолу эмеспи.

Эскерте кетсек, мектепке электрондук каттоо боюнча пилоттук долбоор 2019-2020-окуу жылында борбор   шаарыбызда башталган. Бул ыкма аркылуу Бишкектеги   мектептердин биринчи классына 19 126 окуучу кабыл алынганын да айта кетели.

Өнөктөштүк ишенимдин негизинде куралат. Министрликтин негизги милдети коомчулукту угуу, алар менен иштешүү,  ишенимди кайтарып берүү, укуктук-нормативдик базасын түзүп берүү. Бул багыттын  үстүндө тынымсыз иш  жүргүзүлүүдө.   Жогоруда айтылгандар өнөктөштүктүн баштапкы белгилери. Ал эми андан ары социалдык долбоорлор ишке кирип, кеңейип кете бериши керек.

Билим берүү жана илим министрлигинин дагы бир заманбап кадамдарынын бири-окуу китептерин чыгаруу боюнча жаңы жобону иштеп чыгып, талкууга койгондугунда. Окуу китептерин чыгаруу боюнча жаңы жобонун негизги айырмасы-окуу методикалык комплекстерди даярдап, басып чыгаруучу тарапты аныктап жана анын жоопкерчилигин күчөтүү болуп саналат. Билим берүү жана илим министрлиги китептерди басып чыгаруу боюнча тематикалык пландарды даярдайт жана ар беш жылда жаңылап турат.

Билим берүү жана илим министрлигинин мезгилге танапташ, келечекти көрө билген саясаты коомчулукту ыраазы кылып турган чагы. Биз аталган министрликтин аткарган иштеринин бир эле тарабы туурасында азыноолак сөз кылдык.

Майрамбек ТОКТОРОВ,
«Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер