ЮРИСТАНБЕК ШЫГАЕВ: «БАЛДАРЫБЫЗ КӨРКӨМ ДӨӨЛӨТТӨРДҮН БАРКЫНА ЖЕТСЕ ДЕЙМ»

  • 31.08.2018
  • 0

ЮРИСТАНБЕК ШЫГАЕВ:  «БАЛДАРЫБЫЗ КӨРКӨМ ДӨӨЛӨТТӨРДҮН БАРКЫНА ЖЕТСЕ ДЕЙМ»

Ысык-Көлдүн жээгинде «Балажан» «Балажан» Эстетикалык тарбия боюнча республикалык окуу-усулдук борбору уюштурган «Ысык-Көл балдардын көзү менен – 2018» эл аралык слёту болуп өткөнү жөнүндө гезиттин мурдагы сандарынан окудуңуздар. Ошол жерден Кыргыз Республикасынын Эл сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаев менен маектешкен элек:

 

— Менин билишимче, сиз балдарга сүрөтчүлүк өнөрдү үйрөтүү жагынан «Балажан» борбору менен көптөн бери кызматташып келесиз.

— Ооба. Бул мага абдан жагат. Айрыкча сүрөтчүлүккө шык-жөндөмү, техникалык жактан анча-мынча даярдыгы бар балдар менен иштеген кыйла оңой. Алар менин айткандарымды дароо түшүнүп, туура иштейт. Бул жакка келгендер пейзаж жанрында тартканы баарынан кызыктуу, анткени табияттагы көрүнүштү: тоо, суу, дарак ж.б. – карап, ага аралашып, көркөм чагылдыруу үчүн түстөрдү кантип орду менен туура колдонуу, палитрага айкалыштыруу, кандай көркөмдөш керектигин, биринчи, экинчи, арткы пландарды кантип берүүгө болорун үйрөнүшөт. Жаш балдарга буларды баарын үйрөтүп жатканда, өзүмдүн балалыгымды эстейм. Балдар айтканыңды абдан кунт коюп угат да, анан өздөрү каалагандай жасайт (жылмаюу). Испаниялык улуу сүрөтчү Пабло Пикассонун: «Мен неберелеримдин тарткандарын көчүрүшүм керек, себеби алар бир кагаз бетинде төрт-беш мейкиндикти берет, — дегени бар. Чоңдор нерсени бир жагынан караса, балдар эки-үч тегиздиктен көрө билет. Балдар чын ыкластуу, кыялы учкул, жан дүйнөсү таза, тунук келет. Алар күтүүсүз иштерди жасап ийишет. Мисалы, бет маңдайындагы тоону тартып жатып, жан жагынан бир чымчыкты көрө калса, ошону апкелип кошуп тартып коёт.

Бул жерден мага жыйырмадай баланы беришкен. Мына азыр натурадан гүлдү тартып жатышат. Гүлдүн өзүнүн конструкциясы, психологиясы, аны бериштин атайын ыкмалары бар, ошолорду эске алып, адегенде карандаш менен чийип, белгилеп алышат да, анан боёк менен иштешет. Эртең портрет тартышат, бири-бирин карап. Лагерден угуп-билгендерин, үйрөнгөндөрүн мектепке барганда колдонушат. Булардын ичинен жок дегенде бир-экөө кийин Айтиев же Чуйковдой чоң сүрөтчү болуп чыгышы ыктымал деп ойлойм.

Көпчүлүгү башка кесиптерди тандашы мүмкүн. Бирок баары бир эстетикалык таалим адамдын жан дүйнөсүн байытат, рухий азык берет, табитин өстүрөт. Октябрь революциясына чейин ак сөөктөрдүн жана колунда барлардын балдары гимназиядан окушканда, аларга музыкадан, көркөм сүрөттөн, муз бийден ж.б. милдеттүү түрдө сабак беришкендиги бекеринен эмес.

— Демек, оригиналдуу чыгарма жаратпаса да…

ЮРИСТАНБЕК ШЫГАЕВ:  «БАЛДАРЫБЫЗ КӨРКӨМ ДӨӨЛӨТТӨРДҮН БАРКЫНА ЖЕТСЕ ДЕЙМ»

— Ооба, чыныгы көркөм дөөлөттөрдү кабылдаганга даяр инсан болушу керек. Ар бир адам сөзсүз эле сүрөтчү, композитор же чыгаан спортчу болбосо да, дене-бою чың, көркөм табити жетик болуп өсүп-жетилсе, чыныгы көркөм чыгармаларды кабылдай билсе, албетте, жакшы. Мисалы, опера, балет искусствосунун сырларын, терең мазмунун түшүнүп кабылдай, өзүнүн жан дүйнөсүн байыта, рухий азык ала билген адамдарды интеллигент дейбиз.

— Сиздин байкашыңызда, сүрөт сабагы мектептерде кандай окутулуп жатат?

— И. Арабаев ат. университетте чийме, эмгек, сүрөт сабагынан окутканга мугалимдер даярдалат. Менимче, бул жетишсиз, анткени балдарды көркөм сүрөт дүйнөсүнө бала бакчадан баштап эле аралаштыруу керек. Бала көркөм дөөлөттөргө канчалык эрте аралашып, табитин ырааттуу өнүктүрө берсе, анын инсан катары өсүп-жетилишине жакшы. Бирок мектепте сүрөткө сааттар аз бөлүнгөн. Ленинградда, азыркы Санкт-Петербургда, бир эле натураны тартыш үчүн 30-40 саат берилчү. А мектепте жумасына 45 мүнөт ажыратылат, бул өтө аз. Мына азыр гүлдү тартканга бир саат бердим, ошол деле аздык кылат.

Бул балдардын баары сүрөтчү болобуз дешет. Атайын сүрөт боюнча студияларга, ийримдерге барып жүргөндөр келишти. Сүрөтчү болуш үчүн көп убактыңды жумшап, Леонардо да Винчинин трактаттарын окушуң керек. «Чыныгы көркөм чыгарма жаратуу үчүн бир пайыз талант, 99 пайыз эмгек керек», — деген сөз бар эмеспи.

— Сүрөт сабагына саат аз бөлүнгөнүн эске алганда, педагогикалык факультеттерде окуган студенттерге шык-жөндөмүнө карай негизги предметине кошумча иретинде сүрөт, музыка ж.б. боюнча курстар окутулса жакшы болор? Анткени айылдагы чакан мектепте бир гана сүрөт сабагын алган мугалимдин айлыгы такыр аз болуп калат эмеспи?

— Абдан туура коюлган суроо. Анан да ошол эле сүрөт, чийме сабактары боюнча даярдалып жаткан студенттерди эмне үчүн Г. Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейине апкелишпейт? Университеттердин ректораттарынын кайдыгерлигине таң калам – контрактка акчасын төлөтүп алган студенттерин музейге алып келишсе, алар үчүн белет он эле сом! Париждеги Луврга же Нью-Йорктогу Метрополитенге музейге 12 евро менен киришет. Биз Айтиевдин өзү, Чуйков, Репин, Суриков жана дагы башка улуу сүрөтчүлөр жөнүндө, алардын чеберчилик сырлары жөнүндө, музейдеги картиналар жөнүндө бекер эле кеп куруп бермекпиз. Студенттер картиналарды туурап, көчүрүп тартса, көптү үйрөнмөк. Бизде лекторий залдар бар. Билим берүү жана илим министрлиги ушул жагына да көңүл буруп, келечектеги сүрөт мугалимдерин даярдаган факультеттерге талап койсо жакшы болмок.

Окутуу жөнүндө жакшы айттыңыз. Эми Кыргызстандагы сүрөт өнөрүнүн абалы тууралуу, өзүңүз менен катарлаш азыркы сүрөтчүлөр тууралуу сөз кылсаңыз.

— Биздин Сүрөтчүлөр союзунун 450гө жакын мүчөсү бар. Аймактарда союздун филиалдары бар. Кыргыздын көркөм сүрөт өнөрүнүн башатындагы турган Гапар Айтиев, Семён Чуйковдой аксакалдарыбыздын таалимин алдык. Мен Айтиевди көрүп, кол алыша учурашканым үчүн тагдырыма ыраазымын. Аспирантурада анын кол алдында болгонмун. Чуйков менен кездешпей калсам да, эмгектерин жакшы билем.

Союз убагында биздин сүрөтчүлөр чоң байгелерди алып келишкен, мисалы, биздикилердин картиналарын Третьяков галереясына сатып алышчу. Союздук, эл аралык конкурстарда биздин кино сыяктуу эле сүрөт өнөрүбүз да дайым алдыңкы орундарды жеңип келген. Ырас, Маданият министрлиги бүгүн деле колдоого аракет кылууда, бирок Союз мезгилиндегидей атайын заказдар жок азыр. Сүрөт музейинин фондуна республикалык көргөзмөлөрдөн эң мыкты картиналарыбызды сатып алып турушчу, азыр буга акча бөлүнбөйт. Ошондуктан бүгүнкү күндө сүрөтчүлөрдүн абалы кыйла эле оор. Базарда картөшкө сатып тиричилигин өткөрүп жаткандар, бирөөлөрдүн жеке портретин тартып акча тапкандар бар. Интернеттен ар кандай эл аралык сынактардын жарыясын көрүп калып, байге уткандар бар. Биз пайдаланган боёк, чүпүрөк ж.б. абдан кымбат, Россиядан сатып алабыз. Композиторлордун, киночулардын да абалы ушундай. Эл, мамлекет көңүл буруп, жакшыраак колдоп турса жакшы болмок.

ЮРИСТАНБЕК ШЫГАЕВ:  «БАЛДАРЫБЫЗ КӨРКӨМ ДӨӨЛӨТТӨРДҮН БАРКЫНА ЖЕТСЕ ДЕЙМ»

Замандаштарыбыздан Жакыпов, жаш агымдын өкүлү Эркин Салиев, жаштардан Рахат Рысалиев, менин шакиртим, көчмөн руху темасындагы картиналардын, Бишкектин гербинин автору Майрамкул Асаналиев бар. Мамлекет карабаса деле, ачка калса деле чыныгы өнөр адамы чыгармачылыгын таштабай иштей берет. Медиктер Гиппократтын антына бекем тургандай, биз деле колубузда кагаз, карандаш турганда, кыйынчылыктарга, эч ким кам көрбөгөндүгүнө карабай, сүрөттү тарта беребиз. Бирок өкмөт колдосо, эч бир жаман болбос эле.

— Шакирттерге мамилеңиз кандай? Таланты бар, бирок атайын билим албай калган жаштар келсе, кеп-кеңеш берип, туура багыт көрсөтө аласызбы? Мисалы, Токмокко бараткан айланма жолдогу «Гаваи» эс алуу жайындагы айкелдердин кыйласын тургузган Канимет аттуу жигит бар Кочкордон. Ага мен акча табыш үчүн утурумдук заказдар менен иштегениң деле жаман эмес, бирок чоң өнөргө киришти да унутпа, устаттарга жолугуп, насаатын ук дедим эле.

— Келсин, мен өзүм колумдан келишинче жардам берем, Чуйков атындагы окуу жайга, керек болсо, Тургунбай Садыковго алпарайын. Мен көп  эле жаштарга көмөк көрсөтүп келем. Телевизордон мени көргөндөр тарткан сүрөттөрүн алып келишет кеңеш сурап. Көңүлүмө толгондоруна акыл-насаат айтам, училиңенин деректирине, Сүрөт академиясынын ректоруна телефон чалып өтүнөм, ушул баланы же кызды кабыл алгыла деп.

ЮРИСТАНБЕК ШЫГАЕВ:  «БАЛДАРЫБЫЗ КӨРКӨМ ДӨӨЛӨТТӨРДҮН БАРКЫНА ЖЕТСЕ ДЕЙМ»

— Сөзсүз эле 4-5 жыл студент болбосо да, атайын курстардан окуса…

— Ооба, ошолорго кирсе болот, тийиштүү адабияттарды таап, өз алдынча окуса, интернеттен видеолекцияларды укса, интерактив сабактарга катышса болот.

— Бир жолу «Ала-Тоо» кинотеатрынын жанындагы жайкы галереядан бир пейзажды таанып, жанында турган сүрөтчүдөн автору ким деп сурадым. Ал өзүм тарттым деди. Жылмайып койсом, кызарып-татарып кетти да, көзүн ала качты. Плагиатка каршы кандай чара көрүш керек деп ойлойсуз?

— Бир жолу чет өлкөлүк элчини узатып жатканыбызда, бир сүрөтчү келип, пейзаж сүрөтүн тартуулап кетти, Сары-Челекти тартыптыр. Анан жарым сааттан кийин дагы бирөө ошол эле сүрөттү апкелип калса болобу! Ошентип, бир күндө үч Сары-Челек келди! «Буларды эмне кылам?» — дейт белек алган конок. «Бирин тандап, калганын таштаңыз», — дедим. Бул кеңири пайдаланылуучу товардын деңгээли. Кайсы сүрөт көп сатып алынса, ошону эле кайталай беришет.

— Жети-Өгүздөгү аскалар, «Жараланган жүрөк»…

— Ооба, чуркап бараткан аттар, тоо этегиндеги боз үй ж.б.у.с. Юбилейлерге, ар кандай мааракелерге тартуулаганга сата беришсин 15-20 миң сомдон. Студенттер ошентип оокат кылышат, бирок авторбуз дешпейт. А биздин кесипкөй картиналарыбыз кымбат, ар ким эле сатып ала албайт. Биз колдонгон кездеме, боёк да кымбат. Бирок өкмөт колдосо, атайын заказ болуп турса, нукура көркөм туундулар келечекке калар эле.

Жокчулуктун айынан азыркы айрым сүрөтчүлөр сапаты начар чүпүрөккө сүрөт тартат. 1-2 жылда эле боёгу оңуп калат. Технологияны сакташ керек – күтүүсүздөн ажайып шедевр жаралып калган болсо, убал!  Эгер 16-кылымда ушинтишсе, Леонардо да Винчинин, Микеланджелонун, Рафаэлдин жана башка залкарлардын шедеврлери бизге жетмек эмес. Мына азыр Ван Гогдун, Рембрандттын сүрөттөрү Италиянын музейлеринде сакталып келет, себеби алар алысын ойлогон.

— Модернисттик, постмодернисттик, сюрреалисттик ж.б. эмес, эзелки салттуу живописти деле жетик кабылдоо үчүн көрүүчүнүн даярдыгы болушу керек го, кандай дейсиз?

— Албетте. Пикассо: «Менин көргөзмөмө келген 100 кишиден ону бир эле картинамды түшүнө алса, мен үчүн жеңиш болмок», — дептир. Биз кесипкөй жазуучу-акын, сүрөтчү, композитор, архитектор, скульпторлорду өстүрүштү эле эмес, алардын мыкты чыгармаларын баалап-барктай билген окурмандарды, көрөрмандарды, угармандарды тарбиялашты, эстетикалык табитти өнүктүрүүнү, коомдогу жалпы маданиятты жогорулатышты да ойлоого тийишпиз. Сүрөтчүлүк, ырчылык ж.б. боюнча эле эмес, башка кесиптерге окуп жаткан студенттер да театрга, музейге, музейдеги лекторийлерге келип, рухий азык алышы, инсан катары ар тараптуу өсүп-жетилиши керек. Лермонтов, Маяковский, Есениндер сүрөттү да жакшы тартышкан, муз үстүндө бийлешкен. Федерико Феллини, Ален Делон да сүрөт тартканды жакшы көрчү экен.

 

Маектешкен Жолдош Турдубаев, «Кут Билим».

Бөлүшүү

Комментарийлер