ЮНИСЕФТЕН ЖАРДАМ

  • 05.09.2022
  • 0

ЮНИСЕФ уюму Бишкек жана Ош шаарларынын жаңы конуштарында, айыл жерлеринде жайгашкан мектептерди компьютердик жабдуулар менен жабдып баштады. Бул тууралуу ЮНИСЕФ уюму билдирди.

Аталган долбоордун алкагында өткөн жумада Бишкектеги №88 К.Бобулов атындагы орто мектепте IT-кабинет ачылды.

Маалыматка ылайык, ЮНИСЕФ уюму ишке ашырып жаткан долбоордун негизинде Кыргызстандагы 100 мектеп компьютердик жабдуулар, 460 мектеп санитардык-гигиеналык каражаттар менен камсыздалат.

Маалыматка ылайык, компьютердик жабдыктар үчүн 600 миң АКШ доллары, санитардык-гигиеналык каражаттарга 800 миң АКШ доллары сарпталган.

— Бул демилге эки бөлүктөн турат: биринчиси — окутуунун коопсуз жана гигиеналык чөйрөсүн камсыздоо үчүн мектептерге санитардык-техникалык жабдууларды сатып берүү; экинчиси — мектептер жабылган маалда онлайн сабакка катыша албай калган 20 миң баланын билиминдеги үзгүлтүктөрдү толтурууга багытталган программа. Мунун баары билимдеги боштуктарды болушунча азайтып, билимдин сапатын жакшыртат, —  дейт Жапониянын Кыргызстандагы Атайын жана  Ыйгарым укуктуу Элчиси Шигеки Маэда.

Долбоор 2024-жылдын августуна чейин уланмакчы. Ал инклюзивдүү жана адилеттүү билим берүүнү камсыздоого жана бардык адамдардын өмүр бою билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.

А.Кашыбаева,

«Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер