ЫСЫК-КӨЛДӨГҮ МУГАЛИМДЕРДИН ПАНСИОНАТЫНДА ҮЧ КОТТЕДЖ ОҢДОЛУУДА

  • 20.12.2018
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигине тийиштүү Ысык-Көл районундагы пансионаттын үч коттеджинде капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

ЫСЫК-КӨЛДӨГҮ МУГАЛИМДЕРДИН ПАНСИОНАТЫНДА ҮЧ КОТТЕДЖ ОҢДОЛУУДА

ЫСЫК-КӨЛДӨГҮ МУГАЛИМДЕРДИН ПАНСИОНАТЫНДА ҮЧ КОТТЕДЖ ОҢДОЛУУДА

Пансионаттын директору Акжол Атаев билдиргендей, пансионаттын аймагы 12 гектарды түзөт. Жеринде 11 коттедж бар, анын сегизи жаңыланып, ушул жылдын жай мезгилинде пайдаланууга берилген. Бүгүнкү күндө калган үч коттеджде оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

  • Учурда үч коттеджде капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат. Ал республикалык казынанын эсебинен каржыланды. Аймакта ошондой эле, ар кандай кызмат көрсөтүүчү беш кабаттуу имарат курулуп жатат. Эгерде долбоор ишке ашса, пансионат жайы-кышы иштеп баштайт. Бирок азыр ал ишке аша элек, — деди ал.

Г.А., “КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер