ЫСЫК-КӨЛДӨГҮ ЭЛ АРАЛЫК КАРНАВАЛ ЖАШ ТАЛАНТТАРДЫ ЧОГУЛТТУ

  • 17.07.2018
  • 0

Көл жээгиндеги «Барчын» эл аралык балдар лагеринде «Ысык-Көл досторун чакырат» этно-карнавалы өтүп жатат. Бул жылкы фестиваль Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналды.

ЫСЫК-КӨЛДӨГҮ ЭЛ АРАЛЫК КАРНАВАЛ ЖАШ ТАЛАНТТАРДЫ ЧОГУЛТТУ

Көл жээгиндеги «Барчын» эл аралык балдар лагеринде жыл сайын өтүүчү фестивалдын быйылкы өзгөчөлүгү тууралуу бизге бул маанилүү маданий иш-чаранын уюштуруучусу, «Балажан» республикалык окуу-методикалык борборунун директору Д.С.Мусина айтып берди.

— Биздин фестивалга тоолуу өлкөбүздүн бардык аймактарында кошумча билим берүү жаатында эмгектенген чыгармачыл топтор катышууда. Фестиваль катышуучуларынын арасында Россиядан, Казакстандан, Өзбекстандан келишкен конокторубуз бар. Алдыдагы алты күндө алар мыкты устаттардан ыр, бий,сүрөт өнөрү, ошондой эле англис тилинен мастер класстарды алышып, кайсы бир деңгээлде чыгармачылык шыгын өнүктүрүшөт деген ойдомун. Биздин фестивалда 90 жылдык мааракеси белгиленип жаткан Чыңгыз Айтматовго бөтөнчө орун берилген. Балдар классик жазуучубуздун чыгармаларынан көркөм айтуу менен Айтматов ааламына саякат жасашат. Мындан тышкары, фестивалдын алкагында жалаң илим докторлорунан турган топ балдар менен алар кызыккан темаларда баарлашып, өспүрүмдөр менен ачык-айкын пикир алышмакчы, — дейт Дария Сапарбековна.

Айтмакчы, Билим берүү жана  илим министрлигинде аймактардан жана алыскы жана жакынкы өлкөлөрдөн келген делегация өкүлдөрүн кабыл алып жатып, министрдин орун басары Надира Жусупбекова фестивалдын түрдүү улуттагы, ишенимдеги балдарды табыштырган, достоштурган өзгөчөлүгүнө жогору баа берди.

— Ысык-Көлдүн суусу, таза абасы, тоолуу райондордон, алыскы, жакынкы өлкөлөрдөн келген балдардын ден соолугун чыңдап,алардын өз ара түшүнүүсүнө, достошуусуна жол ачат деп ишенем, -деди Надира Сынташовна делегация өкүлдөрүнө министрликтин эстелик белектерин тапшырып жатып.

Баса, достук, тилектештик, өз ара ынтымак, өз ара түшүнүшүү бул этно-карнавалдын эң башкы постулаттарынан болуп калды. Фестиваль катышуучулары борбор шаардын «Россия» кинотеатрынан борбордук аянтка чукул жайгашкан Чыңгыз Айтматовдун эстелигине  чейин жөө басышып, муңдуу музыканын коштоосунда Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүл коюшту.

Арген үндүү балдар

Фестивалдын биринчи күнүндө арген үндүү балдар-кыздар эстрадалык ырдоо жана дастан айтуу жанрында күч сынашты.

Ыр сынагы башталганга чейин мен көрүүчүлөрдүн арасында олтурган бир катар чыгармачыл топтордун өкүлдөрү менен аңгемелешкенге үлгүрдүм. Менин жанымдагы баарлашым – Невзгода Анатолий коңшулаш Казакстандын Караганда облусунан. Ал беш окуучудан турган «Рондо» элдик аспаптар ансамблинин жетекчиси. Чү дегенде эле менин жаңы таанышым кепти Ысык-Көлгө болгон сүйүүсүнөн баштады.

— Ысык-Көлгө алгач 1971-жылы келгем. Канча жерде болсом да, мындай кооз жерди көргөн эмесмин. Жыл сайын мында үй-бүлөбүз менен эс алабыз. Фестивалга болсо, экинчи ирет катышуудабыз. Өткөн жылы немец композитору Генрих Гендельдин «Пассокальиясын» аткарып биринчи орунду алганбыз. Окуучуларым дагы барабыз дешти. Бул жолу «Маш ботойду» гитарада ойноп беребиз, — дейт Анатолий Станиславович.

Көрүүчүлөрдүн арасынан Каракалпакстандын «Хурлиман» ансамблинин жетекчиси Бекимбетов Медетбайды жолуктурдум. Ал Ысык-Көлдөн алган таасирлерин айтып берүүгө ашыкты.

— Ысык-Көлдүн сулуулугу сөз менен айтып бере алгыс экен. Ушундай кооздукка бөлөнүп жашаган эл эң бактылуу эл деп ойлойм. Фестиваль тууралуу айтсам, 10 окуучумду ээрчите келдим. Шакирттерим ала мойнок дүтар менен элдик күүнү аткарып беришмекчи, — дейт каракалпакстандык конок.

Ушул эле жерден мен Өзбекстандын Сыр-Дарыя облусунан келген Рустамова Нигораны кезиктирдим. Нигора бийчи кыздары Бишкектин борбордук аянтында себет менен бийлегенин айтып олтурду.

— Өзбектердин күнүмкү турмушу себетсиз өтпөйт. Дандырда жаңы бышкан нанды да себетке салабыз. Аш-тойго да себет менен барабыз, — дейт Гулистан шаарындагы №1 балдардын музыка жана искусство мектебинин директору Нигора Рустамова.

Эми өзүбүздүн өлкөбүздүн ар кайсы аймактарынан ат арытып келишкен чыгармачыл топтор жөнүндө дагы айта кетейин. Алардын айрымдары менен бетме-бет кезигип, сүйлөшө алдым.

ЫСЫК-КӨЛДӨГҮ ЭЛ АРАЛЫК КАРНАВАЛ ЖАШ ТАЛАНТТАРДЫ ЧОГУЛТТУ

— Биздин топ 30 окуучудан турат. Алар ыр, бий,көркөм окуу жанрында биринчи орунга ат салышмакчы, — дейт Талас райондук Балдарга билим берүү борборунан Мирбек Рахматильдеев.

Мирбектин сөзүнө кошумчалай кетсек. Талас облусунан бул ирет фестивалга Кара-Буура райондук Балдар билим берүү борборунан 25, Талас шаарындагы «Баластан» Балдар билим берүү борборунан 15, Манас райондук Балдар билим берүү борборунан 2 жаш талант катышууда.

Мындан кем эмес сандагы жаш таланттар  — Ош, Жалал-Абад облустарынан келишкен. Фестивалда Жалал-Абад шаарындагы «Ариет» Балдар чыгармачылыгы борборунан 32, Сузак райондук балдар чыгармачылыгы борборунан 19, Ош шаарындагы «Келечек» балдар чыгармачылыгы борборунан 17 жаш  талант өз күчүн сынап көрүшкөнү жатат.

Ошентсе да, бул фестивалдын эң урунттуу окуясы – Россиянын Яраславль шаарынын Балдар жана өспүрүмдөр борборунан 33 адамдан турган чоң делегациянын келиши болду. Фестивалдын ачылыш салтанатында  Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин кеңешчиси Андрей Сургаев өз мекендештерин көргөнгө чын дилинен кубанганын айтпай кое албайм.

— Сиздер дүйнөлүк масштабдагы улуу жазуучунун мекенине келдиңер. Чыңгыз Айтматов өз чыгармаларын орус тилинде жазганы менен бир жагы сыймыктанышыңар керек. Фестивалга катышуу менен сиздер Айтматовдун чыгармалары менен жакындан тааныша аласыңар, -деди ошондо Россия элчилигинин кеңешчиси мекендештерине кайрылып.

Ошентип, ыр жана дастан сынагы башталды. Балдардын өнөрүнө Кыргыз Республикасынын Эл артисттери Улукмырза Полотов менен Саламат Садыкова жана «Балажан» борборунан директордун орун басары Замиргүл Молдалиева калыстык кылышты. Жеңүүчүлөргө келсек, эстрадалык ырдоо жанрында 12 жашка чейинкилердин арасында биринчи орунду келечегинен көптү үмүттөндүргөн кара-балталык жаш талант Белек Муктарбеков, экинчи орунду Казакстандын Караганда шаарынан №2 искусство мектебинин окуучусу Понамаренко Елизавета, үчүнчү орунду Талас райондук билим берүү борборунан Жакшылыков Адил «Мен кыргыздын уулумун» аттуу ыры үчүн ээледи. Ушундай эле орундар эстрадалык ырдоо жана дастан жанры боюнча 13 жаштан улууларга берилди.

Менин жеке баамымда бул жолку фестивалда эки катышуучунун таланты алыстан байкалып турду. Бул экөө келечекте кыргыздын Димашы болорунда шек жок. Алар – Белек Муктарбеков менен Аскат Байышов. Болот Миңжылкиевди идеал туткан Аскат жакында улуттук консерваторияга кабыл алыныптыр.

— Мен буга чейин чоң сахналарда ырдаган эмесмин. Быйыл Нарындагы кыргыз-түрк лицейин аяктадым. Музыкага болгон сүйүүм мени сахнага алып чыкты. Ырчылык өнөрдү тандаганыма аябай кубанам, — дейт Аскат.

Кылым карыткан элдик күүлөр

Фестивалдын экинчи күнү элдин жүзү, улуттун сыймыгы болгон элдик күүлөргө арналды. Бул күнү эл аралык этно-карнавалдын алкагында элдик аспаптарда күүлөрдү чебер аткаруу боюнча сынак өттү. Катышуучулар курактык топторго бөлүнүп, милдеттүү жана тандоо жолу менен алынган күүлөрдү мыкты ойноого аракеттенишип, алдыңкы орундар үчүн ат салышты.

Жеке аткаруучу болсун, же айрым-айрым топ болсун, бул күнкү сынакка жакшы даярдык менен келишкенин сөз башында айтып коелу. Мисалы, Казакстандын Караганда шаарынан «Рондо» элдик аспаптар ансамбли милдеттүү аткарылуучу «Маш ботой» күүсүнө чыгармачылык мамиле кылышкан. Гитарист балдар «Маш ботойду» гитарага салып ойноп беришти. Ушул эле күүнү Каракалпакстандан «Курлиман» элдик аспаптар ансамбли кызыл мойнак дүтардын жардамында созолонтушту. Тандоо жолундагы программада Кара-Көл шаарынан «Келечек» ансамблинин «Паровоз» күүсү калыстар тобу менен көрүүчүлөрдүн купулуна толду. Ал эми алыскы Алай районунун Сатар Карыев атындагы орто мектебинин Замирбек Сарыбаев жетектеген элдик аспаптар ансамбли «Манас» эпосун күүгө салып, айрым жеринде эки жигити манас  айтып, ортодогу кызы чынылардан күү чыгарып, дагы бир жеринде жалпы хор ырдап, мыкты аткарышты.

Кечке жуук Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, Карамолдо Орозов атындагы элдик аспаптар оркестринин дирежеру Боронбай Кулахматов башында турган калыстар тобу жеңүүчүлөрдү аныктап, сынактын жыйынтыгын чыгарды. Жеңүүчүлөргө  алтын, күмүш, коло медалдар, кызыктыруучу сыйлыктар, мактоо баракчалары, грамоталар, эстелик белектер салтанаттуу музыканын коштоосунда тапшырылып жатты. Калыстар тобунун чечими менен элдик аспаптарда  жеке аткаруу номинациясында биринчи орун Казакстандын Караганда шаарынан Сабит Акнур менен Бишкек  шаарынан Турдакунова Элинага ыйгарылды.

Улуу курактагылардан биринчи орунду Кара-Көл шаарынан Мамытбеков Дастан, экинчи орунду Каракалпакстандын Тухтакупыр районунан Сейтова Шахсанам, үчүнчү орунду Ош шаарынан Алмазбекова Айгерим алды. Элдик аспапты жеке аткарууда казакстандык Мукашова Сабина кызыктыруучу сыйлыкка ээ болду.

Сынакта ушундай эле орундар  элдик аспаптар ансамблдерине каралган. Кенже курактагылардын арасынан калыстар тобу биринчи орунду бир добуштан казакстандык «Тумар» добрачылар ансамблине, экинчиликти Кыргызстандан «Үч муунак» комузчулар ансамблине, улуу курактагылардан Гран-прини Кара-Көл шаарынан «Келечек» комузчулар ансамблине, биринчи орунду Каракалпакстандан «Курлиман» ансамблинин дүтарчы кыздарына, экинчиликти «Ариет» ансаблине, үчүнчү орунду Караганда шаарынан «Рондо» гитаристер ансамблине ыйгарды. Алай районундагы Сатар Карыев атындагы орто мектебинин элдик аспаптар ансамбли чыгармачылык табылгасы үчүн калыстар тобунун кызыктыруучу сыйлыгына татыды.

А.Алибеков, «Кутбилим» (Ысык-Көл району, Сары-Ой айылы, «Барчын» эл аралык балдар лагери)

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер