ЫСЫК-КӨЛ РАЙОНУНУН КОШ-КӨЛ АЙЫЛЫНДАГЫ №85 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙИ

  • 15.07.2018
  • 0

ЫСЫК-КӨЛ РАЙОНУНУН КОШ-КӨЛ АЙЫЛЫНДАГЫ №85 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙИ

9-11-класстын бүтүрүүчүлөрүн  чакырат!

Районубуз курорттук аймак болгондуктан ден соолукту чыңдоочу, эс алуучу жайларда иштей турган замандын талабына ылайык келечекте өз кесибин мыкты билген кесипкөйлөрдү даярдайбыз!

Лицейдин негизги максаты — жалпы билим берүү менен бирге кесиптик багытта теориялык жана өндүрүштүк окуунун негизинде кесипкөйлөрдү даярдоо.

№85 кесиптик лицейге окуучулар 9-класстын базасында 3 жыл окуп, жалпы билим берүү боюнча аттестат жана төмөндөгүдөй кесиптерди алып чыгышат.

Даярдалуучу кесиптер:

Бюджеттик негизде: 9-класстын базасында:

  1. ”Ашпозчу — кондитер — официант” — окуу мөөнөтү 3 жыл (лицей тайпасына)
  2. ”Ашпозчу — кондитер”- окуу мөөнөтү 2 жыл (реабилитация тайпасына)

11-класстын базасында:

  1. ”Ашпозчу — кондитер” — окуу мөөнөтү 10 ай
  2. «Электр газ менен ширетүүчү” – окуу мөөнөтү 10 ай

Көгүлтүр көл жээгинде туризм күндөн-күнгө өсүп жаткан мезгилде көл кылаасынын экономикасынын башкы тармагы туризмди тейлөөгө багытталган адистерге суроо-талап көп болгондуктан акы төлөө аркылуу кыска мөөнөттөгү кесиптик окууларды дагы окутуп, кесипкөйлөрдү даярдап келебиз.

Акы төлөө аркылуу кыска мөөнөттөгү окутулуучу кесиптер:

  1. ”Ашпозчу-кондитер”, окуу мөөнөтү – 3 ай
  2. “Ашпозчу-официант”, окуу мөөнөтү – 3 ай
  3. ”Электр газ менен ширетүүчү”, окуу мөөнөтү — 3 ай
  4. ”Мейманкана комплексинин кызматкери”, окуу мөөнөтү -3 ай

Кабыл алынуучу  документтер:

  1. Директордун наамына жазылган арыз
  2. Билимин тастыктоочу күбөлүк, аттестат
  3. Медициналык справка (форма №86 )
  4. Жашаган жеринен маалымдама
  5. Үй-бүлөсү тууралуу маалымат
  6. Туулгандыгы тууралуу күбөлүк, паспорттун копиясы
  7. Аскерде кызмат кылган билетинин копиясы
  8. 34 өлчөмүндөгү 4 сүрөт (баш кийимсиз түшкөн)
Бөлүшүү

Комментарийлер