ЫМУНУН ОКУМУШТУУЛАРЫ БАК-ДАРАКТАРДЫ ДАРЫЛОО ҮЧҮН ТАБИГЫЙ ДАРЫ ОЙЛОП ТАБЫШТЫ

  • 01.06.2022
  • 0

Ысык-Көл мамлекеттик университетинин «ENACTUS iksu» командасы «Эколоджи» долбоору аркылуу бак-дарактарды жана өсүмдүктөрдү дарылай турган табигый минералдардан жасалган аралашманы ойлоп табышты.    

Учурда жеке эле Кыргызстанды эмес дүйнөнү кооптондуруп турган маселелердин катарында — өсүмдүктөрдүн  ар кандай ооруларга чалдыгуусу эң орчундуу болуп турат. Алар жөнүндө жанылыктардан 7-8 жыл мурун укканда бизге келбечүдөй сезилген. Бирок акыркы 2-3 жылдын ичинде дээрлик Кыргызстандын бардык аймактарында маданий өсүмдүктөрдүн жана жапайы өсүмдүктөрдүн ар кандай ооруларга мисалы: «черный ожог, рак коры, сильный солнечный ожог» жана башка ушул сыяктуу көптөгөн ооруларды кездештирүүдөбүз. Ошол эле учурда мол  түшүм алуу үчүн химиялык жер семирткичтерди колдонуу менен жер кыртышындагы  миңдеген жылдарда жаралган минералдарды өлтүрүп жатабыз. Ушул жана башка маселелерди эске алуу менен университеттин илимпоздору табигый дары ойлоп табышты. — Биз колдонуучуларга толугу менен табигый минералдардан жасалган аралашманы сунуш кылабыз. Биздин  дарынын курамы жөнүндө сөз кылсак, анда: бор кислотасы, көмүр күлү, агын суу, чопо. Көмүр күлү фосфор жана калий заттарынын запасы катары кошулду, бор  кислотасы антимикробдук зат катары, чопо бактын сыртында кабыкчаны пайда кылуу үчүн, ал эми суу болсо бардык заттардын аралашып, реакцияга өтүүсү үчүн кошулду. Бул дарыны жасоонун өзүнүн технологиясы, нормалары бар, бирок анын баарын ачыкка чыгаруу туура эмес. Дарыны жылына эки жолу бак-дарактарды актагандай  мүмкүн болгон жерлеринин баардыгын ушул дары менен актоо керек. Ошондой эле ушул дарыны жасоо учурунда пайда болгон дагы  бир өсүмдүктөргө кошумча азык берүү препарат чыгат аны өсүмдүктөрдүн бардык түрүнө кошумча азык катары берүүгө болот. Биздин долбоордун негизги максаты өлкөнүн ар кайсы аймагындагы өсүмдүктөр менен болгон оору маселесин чечүү. Эгерде баардыгыбыз ушул сымал табигый дарыларга өтсөк, жаратылышыбызды сактап калабыз деген изги үмүтүбүз бар.  Келгиле,  жаратылышты бүгүн коргоо менен эртеңки жаркын келечекти камсыз кылалы,  — дейт Кубанычбек уулу Таалай.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер