ҮЙ АЛУУГА ЖАҢЫ ЖЕҢИЛДИКТЕР

  • 28.05.2024
  • 0

Үй алууга баштапкы төлөмдү топтой албай жаткандарга жаңы мүмкүнчүлүктөр пайда болду. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын стратегиялык өнүктүрүү жана долбоорлорду өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Таалай Оморов расмий билдирди.

Мамлекеттик ипотекалык компания РСК банкы менен биргеликте «Топтолмо ипотека» аттуу уникалдуу социалдык долбоорун иштеп чыкты. Президенттин демилгеси менен ишке ашырылуучу бул долбоор боюнча кызматташуу келишимине тиешелүү жетекчилер кол койду.

Таалай Оморовдун айтымында, долбоор мамлекеттик турак жай менен камсыздоонун жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

— Өлкө башчысынын «Турак жайды үлүштүк куруу механизмин киргизүү жөнүндө» кабыл алынган токтому апрель айында күчүнө кирди. Механизм республиканын бардык жарандары, анын ичинде акыркы үч жылда турак жайы жок чет өлкөлөрдө иштеген мигранттар үчүн да жеткиликтүү. Ага ылайык, турак жайды ала турган адам үйдүн баасынын 50 пайызын баштапкы төгүм катары төлөш керек. Үйдүн баасы районго жана турак жайдын даярдыгына жараша болот. Үй алууга баштапкы сумманы топтой албай жаткандарга жаңы мүмкүнчүлүк ачуу чечими кабыл алынды. Кыргызстанда жашаган жана чет өлкөдө иштеп жаткан жарандар үчүн эң ыңгайлуу жана оңой, жеткиликтүү ипотекалык шарттарды түзүү максатында «Топтолмо ипотека» долбоору иштелип чыкты. Анын негизги артыкчылыгы — эң ыңгайлуу пайыздык чендер жана насыя алуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби. Бул программанын негизги шарты баштапкы төлөмдү топтоо болуп эсептелет. Алсак, жаран турак жайдын наркынын 30 пайызын графикке ылайык ай сайын толуктап, банкта топтойт. Андан кийин банк ага күрөөсүз турак жай баасынын 20 пайызын беш жылга 10 пайыздык үстөк менен насыя берет. Калган 50 пайызды сегиз пайыз менен Мамлекеттик ипотекалык компаниясынан 15 жылга алат. «Топтолмо ипотека» долбоорун расмий ишке киргизүү 2024-жылдын күз айларына пландаштырылган», — деди Оморов.

Маалымдагандай, жыл аяктаганча 12 миң батирдин курулушу башталмакчы. Тактап айтканда, республика боюнча 11 495 батир курулуп жатат, анын ичинен ушул жылдын аягына чейин 5503 батир кезекте тургандарга берилиши күтүлүүдө.

 

Айнагүл КАШЫБАЕВА,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер