ВИЦЕ-ПРЕМЬЕР-МИНИСТР МАМЫТКАНОВ ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУНУН ЖАҢЫ ДАЙЫНДАЛГАН ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮН ТААНЫШТЫРДЫ

  • 02.11.2020
  • 0
ВИЦЕ-ПРЕМЬЕР-МИНИСТР МАМЫТКАНОВ ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУНУН ЖАҢЫ ДАЙЫНДАЛГАН ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮН ТААНЫШТЫРДЫ

Вице-премьер-министри Максат Мамытканов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн борбордук аппаратынын жамаатына ыйгарым укуктуу өкүл Джантаев Эльчибек Нуржадыевичти тааныштырды.

Вице-премьер-министр Эльчибек Джантаев өкүлчүлүктүн ишин жакшыртууга колдон келген күч-арактин жумшарына ишеним билдирди.

Жыйынтыгында Максат Мамытканов ыйгарым укуктуу өкүлгө жоопкерчиликтүү кызматта ийгиликтерди жана жемиштүү ишти каалады.

Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Поделиться

Комментарии