ВИЦЕ-ПРЕМЬЕР-МИНИСТР КОРОНАВИРУСТУК ИНФЕКЦИЯГА КАРШЫ ТУРУУ БОЮНЧА ИШТИН ЖЕТИШСИЗ ДЕҢГЭЭЛДЕ ЖҮРГҮЗҮЛҮП ЖАТКАНДЫГЫН АЙТТЫ

  • 17.10.2020
  • 0

Саламаттык сактоо министрлигинде вице-премьер-министр Аида Исмаилованын катышуусунда облустардагы саламаттык сактоо боюнча координаторлор жана саламаттык сактоо мекемелеринин жетекчилери менен онлайн кеңешме өттү. 

Кеңешменин жүрүшүндө коронавирустук инфекция боюнча облустардагы абал талкууланды. Координаторлор республикадагы COVID-19 илдети боюнча жалпы абал, жеке коргонуучу жана дары-дармек каражаттары менен камсыздоо тууралуу маалымат беришти. Ош облусунда, Баткен облусунда жана Бишкек шаарында, ошондой эле медициналык кызматкерлердин арасында да ооруну жуктуруп алуу учуру өсүп жаткандыгы белгиленүүдө. Кеңешменин жүрүшүндө эпидемияга каршы чараларды сактабастан, адамдардын массалык түрдө чогулуусу орун алып жаткандыгы айтылды, өз кезегинде COVID-19 илдетин жуктуруп алуу кооптуулугу күч алып, анын жыйынтыгы эки жумалык инкубациялык мезгилде билиниши мүмкүн.

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова белгилегендей, бардык жетекчилер жеке коргонуу каражаттарынын, меджабдуулардын, дары-дармек каражаттарынын жетиштүү камсыздалышы тууралуу маалымат беришүүдө, бирок түшүп жаткан маалыматтарга ылайык, айрым мүчүлүштүктөр орун алууда.

«Штабдын жыйынында бардыгы жетиштүү деген маалыматты берип, учурда башка маалыматты берип жатасыздар. Туура эмес маалыматты берип жаткан жактар жоопкерчиликке тартылат. Бейтаптарды дарылоо маселесине тыкыр мамиле кылууну өтүнөм, себеби, вирустан каза болгондордун саны жогорулоодо. Медициналык кызматкерлердин арасында ооруну жугузуп алуу учуру көбөйүүдө. Мен инфекциялык көзөмөл боюнча ишти күчтөндүрүүнү талап кылам. Эгерде жеке коргонуучу каражаттар жетиштүү өлчөмдө болсо, ал эми окутуу онлайн режимде жана адистердин жер-жерлерге чыгуусу менен жүргүзүлүп жатса, медиктер эмне себептен ооруну жуктуруп алууда?» — деп белгиледи Аида Исмаилова.

 

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү

 

Бөлүшүү

Комментарийлер