ВИЦЕ-ПРЕМЬЕР-МИНИСТР БАЛА БАКЧАЛАРДЫН ЖАНА МЕКТЕПТЕРДИН ИШИН ЖАНДАНДЫРУУ МАСЕЛЕСИ БОЮНЧА ЖЫЙЫН ӨТКӨРДҮ

  • 27.10.2020
  • 0

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова мектепке чейинки жана жалпы билим берүү мекемелеринин ишин жандандыруу маселеси боюнча жумушчу жыйын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргыз Республикасындагы өкүлү Назира Артыкова, ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы өкүлү Кристин Жольм жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова маалымат беришти.

ВИЦЕ-ПРЕМЬЕР-МИНИСТР БАЛА БАКЧАЛАРДЫН ЖАНА МЕКТЕПТЕРДИН ИШИН ЖАНДАНДЫРУУ МАСЕЛЕСИ БОЮНЧА ЖЫЙЫН ӨТКӨРДҮ

 

Назира Артыкова Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун директору Т.Гебресиестин өлүмдүн алдын алуу, саламаттыкты сактоо тутумундагы маселелер жана мектептердин жабылышына жол бербөө үчүн шашылыш чараларды көрүү боюнча өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө кайрылуусун айтты. Ошондой эле вирус жуктуруп алгандар, обочолонуу жана карантин чаралары жөнүндө маалыматтарга объективдүү жана так талдоо жүргүзүү зарылдыгы баса белгиленди. Эгерде мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана калк биргелешип,  санитардык-эпидемиялык чаралардын сакталышын камсыз кыла алышса, анда мектептерди жабуунун кажети жок экени айтылды.

Муну менен катар ар бир калктуу конуштагы эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен мектептерди этап-этабы менен ачуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселе дагы каралды.

«Ар бир калктуу пункттун эпидемиологиялык абалына талдоо жүргүзүү шарт.
Бизде толук жана ишенимдүү маалымат болушу керек. Мектептер менен бала бакчалар ачылган учурда, биз эпидемиологиялык кырдаалдын ар кандай учуруна даяр болушубуз зарыл», — деди Аида Исмаилова.

Вице-премьер-министр А.Исмаилова мектептер ачылса, бардык мамлекеттик органдар жергиликтүү деңгээлде көзөмөлдү күчөтүү жана коронавирус инфекциясынын жайылуусунун алдын алуу боюнча иш-аракеттердин алгоритминин так аткарылышы үчүн жоопкерчиликти алышы керектигин баса белгиледи.

Аида Исмаилова Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, райондук мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тез арада аймактагы эпидемиологиялык кырдаалды талдоону, ошондой эле эпидемияга каршы чараларды сактоо үчүн мектептердин жана бала бакчалардын бардык жеке коргонуучу каражаттар менен камсыз болушун көзөмөлдөөнү тапшырды.

Бөлүшүү

Комментарийлер