Усулчу устат мугалим дүйнөдөн кайтты
- 29.04.2025
- 0
Теңир-Тоодогу агартуу тармагы оор жоготууга учурады. Чыгаан педагог, устат усулчу Кемелов Кадыр 83 жашында дүйнөдөн кайтты.
Кемелов Кадыр 1942-жылы 4-июлда Нарын районунда Жданов атындагы колхоздун Төш-Булак айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган.
Мектепти 1965-жылы бүтүп, ошол жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин химия факультетине тапшырып, 1970-жылы ийгиликтүү аяктаган.
Эмгек жолун Нарын шаарындагы Киров атындагы орто мектепте химия, биология мугалими болуп баштаган. 1974-жылы областтык билим берүү башкармалыгына метод кабинеттин башчысы болуп дайындалган. Бул кызматта 1988-жылга чейин жемиштүү иштеди. Андан кийин областтык мугалимдердин билимин жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунда усулдук кабинеттин башчысы болуп эмгектенип, мугалимдердин алдыңкы тажрыйбасын жайылтуу боюнча жыйырмадан ашык китепчелерди чыгарган.
1996-жылдан Нарын мамлекеттик университетинде методист болуп эмгек жолун улантып, 2013-жылга чейин каруусун казык, акылын азык кылып эмгектенди.
Кынтыксыз жүрүм-туруму, ак эмгеги, күжүрмөн ишмердиги менен кесиптештеринин алдында жүзү жарык, бедели бийик болду.
Билим берүү тармагындагы үзүрлүү эмгеги үчүн 1976-жылы эле «Билим берүүнүн отличниги» болгон. 1987-ж. «Эмгек ветераны» медалы менен сыйланган.
2015-ж. Кыргыз Республикасынын Ардактуу аксакалы наамы, 2919-жылы «Нарын шаарынын ардактуу атуулу» наамы берилген.
Үч уул, төрт кызды өстүрдү. 15 небереси бар, 13 чөбөрөсүн көрдү.
Сөөгү 28-апрелде Нарын шаарында жерге берилди.
Чыгаан усулчу устат мугалимдин эмгегин эл унутпайт, өрнөктүү өмүрү, ишмердиги жана жаркын элеси түбөлүк эсибизде болот.
Комментарийлер