УСТАТТЫН МУГАЛИМДЕРГЕ ҮЛГҮ БОЛОР ТАБЫЛГАСЫ

  • 27.01.2022
  • 0

Жакында Ноокат районундагы А.Абдуваитов атындагы орто мектебинде райондук жалпы билим берүүчү сырттан окуу мектебинин тажрыйбалуу мугалими Абдиназар Эргешовдун «Мугалимдин портфолиосу — кесипкөйлүк ачкычы» деген темада окуу семинары болуп өттү.

УСТАТТЫН МУГАЛИМДЕРГЕ ҮЛГҮ БОЛОР ТАБЫЛГАСЫ

Семинарда сөз сүйлөгөн Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкери Жусуп Молдобаев семинар учурдун талабы экенин айтып өттү. Тажрыйба үйрөнүү семинарында Абдиназар агайдын көп жылдардан бери чогулткан эмгектери: усулдук колдонмолору, илимий жыйнактары, мыйзамдар, токтомдор, класс жетекчилердин иштери, мугалимге жүз насаат ж.б эмгектери коюлду. Жаш мугалимдер кантип портфолио түзүүнү, мугалимге тиешелүү иш кагаздарды даярдоону үйрөнүштү.

— Эргешов Абдиназар агайдын семинары мугалимдердин мындан кийин мыкты  эмгектенүүсүнө өбөлгө түзөт деп ойлойм, — дейт мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Маманазар Молдобаев.

УСТАТТЫН МУГАЛИМДЕРГЕ ҮЛГҮ БОЛОР ТАБЫЛГАСЫ

Устаттын башкаларга үлгү болорлук табылгасын үйрөнүүгө көп жаш мугалимдер келишкен.

— Абдиназар агайдын узак жылдар бою жыйнаган тажрыйбасын көрүп, өзүмдү дал агайдай көрөгөч, улуу устат, акылман болууга максат койдум.  Ардактуу эс алууда болсо да, эмгектенип, жылдар бою изденип чогулткан эмгектери мен сыяктуу мугалимдик кесипти аркалаган жаш муундарды шыктандырды десем жаңылышпаймын, — дейт семинардын катышуучусу, жаш педагог Кочкорова Чынара.

Зайнабидин Мамасыдыков, Ноокат району

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер