УСТАТТЫН МААРАКЕСИНДЕ МУГАЛИМДЕР КУРУЛТАЙЫ БОЛОТ

  • 23.01.2022
  • 0

Кыргыз Республикасынын Эл мугалими, Эл аралык коомдук Айтматов академиясынын академиги, 54 жыл ичинде 56 илимий-педагогикалык эмгек жазган Бектур Исаковдун 80 жылдык мааракесине карата Талас облусунда “Мугалимдердин курултайы” уюштурулат.

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий — адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” 2021-жыл, 29-январдагы №1 Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасын жетекчиликке алып, Бектур Исаковдун мааракеси 4-февралда облустук Капар Медетбеков атындагы музыкалык-драма театрында өткөрүлөт.

Талас шаардык жана райондук жалпы билим берүү мекемелеринде китептер көргөзмөсү, ачык сабактар, университет, колледждерде улуу устат Бектур агай менен жолугушуу уюштурулуп жатат.

Мугалимдердин курултайы 4-февралда саат 11:00 до башталып, саат 15:30 да аяктайт. Ага Талас облусунун аймагындагы ар мектептен бирден жаш мугалим катышат.

Бектур Исаков агайдын мааракесин утурлай 19-январда Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты атайын жыйын өткөрдү. Ага шаардык жана райондук жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилери “Талас медиа” борборунун деректири, Талас мамлекеттик университетинин ректору жана башка мекеме жетекчилери катышып, тийиштүү иш-чараларды уюштуруу боюнча милдеттерди бөлүштүрүп алышты.

Салтанат Бейшенова, Талас облусундагы билим берүү усулдук борборунун усулчусу

Бөлүшүү

Комментарийлер