УСТАТТАРГА ТААЗИМ

  • 30.05.2020
  • 0
УСТАТТАРГА ТААЗИМ

УСТАТТАРГА ТААЗИМ

 

«Ар бир адамдын артыкчылыгын айтып турбаса, адамдар унутула берет», — деп жазат Билим берүү жана илим министри, филология илимдеринин доктору, профессор Каныбек ИСАКОВ «Устаттарымды аздектеп, досторумду кадырлап» аталыштагы жаңы китебинде.

Бул китепте анын инсандык, педагогдук, илимпоздук жетилүү жолунда жагымдуу таасирин тийгизген агай-эжейлери, үлгү туткан устаттары, пикирдеш-идеялаш замандаштары жөнүндө жазылган эссе-эскерүүлөрү топтолуптур.

Алардын кээ бирин буга чейин эле гезит-журналдардан, университеттин сайтынан окуй жүргөм. Окуган сайын адам жөнүндө жаңы аалам ачып алганымдай жүрөгүм эргип, ой-сезимим жаңылана түшчү.

Анткени бул эсселерде кечээ эле биз менен замандаш болуп жашап өткөн же бүгүнкү күнү да арабызда жүргөн адамдардын кайталангыс бейнеси, асыл дүйнөсү, өмүрдөгү изи жана жараткан баалуу эмгеги таасын жана өзгөчө жүрөк жылуулугу менен сүрөттөлгөн.

Каныбек Исаков мыкты педагог, таланттуу жетекчи, чыгаан илимпоз гана болбостон, баарынан да адамды кадырлоо боюнча башкаларга өрнөк боло турган кең пейил жана улуу гуманист экендигине ынангам.

Китептеги көп макалалар устаттарына арналыптыр: «Биз чындап эле залкар агай-эжейлерден билим алыптырбыз!» — деп сыймыктанат автор.

Ар бир сабагы, нуска сөздөрү аңызга айланган окумуштуу-педагогдор: Жээналы Шериев, Токтосун Ашырбаев, Пайзылда Ирисов, Булбул Суранчиева, Сүйүнбек Ибрагимов, Токтош Танаев ж.б. жөнүндө кийинки муундун эсине салып, аларды эскерип, даңктап туруу тирүүлөрдүн парзы экенин белгилейт.

Ошондой эле устаттары: академик Бектемир Мурзуибраимов, Абдылдажан Акматалиев, ОшМУдан чыккан чыгаан таланттар: Рыспай Абдыкадыров, Жолболду Алыбаев жөнүндө чын ыкластуулук менен баяндаса, достору-курсташтары: Абдымиталип Мырзакметов, Дүйшөн Шаматов,

мезгилсиз дүйнө салышкан курбалдаш акын Жыпар Умарова жана шакирти Кенжебү Паизова жөнүндө эсселеринде алардын инсандык жашоосунун бизге белгисиз жактары, өмүр-тагдыры, оригиналдуу жашоосу, жасаган эмгектери жөнүндө кызыктуу баян курат.

Жыйнактан Каныбек Исаковдун туулуп-өскөн айылы, айылдаштары, мектепте билим-тарбия беришкен агай-эжейлери, классташ-достору жөнүндө таанышабыз.

«Мектептерибиз эски, кыялдарыбыз бийик, мугалимдерибиз күчтүү болгон экен» деген эссесинин темасы эле жүрөктү булкуп өтөт.

Ал эскерүүнү окуганымда тээ 60 – 70-жылдардагы алыскы тоо койнундагы жупуну мектебиме, айылдык балдар-кыздар үчүн билим-маданияттын элчилериндей сезилчү мугалимдерибизге жана келечекке талпынган бийик кыялдарыбызга ностальгиям козголуп, көзүмө жаш алганым эсимде.

Баарынан да мезгилсиз көз жуумп, уулунун жүрөгүнө армандуу күйүттүн өчкүс тагын калтырган апасы Айзада Исакова жөнүндө эскерүүсү балалык терең сүйүү, уулдук таазим жана ачуу арман менен баяндалган. Каныбектей уул-кыздарды төрөп-чоңойтуп, жашоого жакшы из калтырган эненин эстелигине башыңды ийесиң.

Бул китептеги эссе-эскерүүлөрдүн баарын Каныбек Исаков ар кайсыл жылдары өзүнүн журөк деми менен жазгандыктан, тематикалык, көркөмдүк жана стилдик өзгөчөлүккө ээ экенин белгилегим келет. Окумуштуу-адабиятчы, публицист, акын, ой-таанымы бийик инсан, «идеялардын генератору» аталган жетекчи бул эскерүүлөрүн өзүнүн ой-сезим элегинен өткөрүп, кызыл кырманын иргеп туруп окурманга сунуп олтурат.

Жашоодо жарк этип күйгөн өмүрлөр жөнүндө өзгөчө стилде жазылган бул баяндардын тарбиялык мааниси чоң.

УСТАТТАРГА ТААЗИМ

Анткени, алар автор өзү айткандай, «тирүүлүктүн баркын билип, бири-бирибизди эстеп, эскерип, урматтап-сыйлап жашоого» үндөйт.

 

Зинакан Пасаӊова, жазуучу

Бөлүшүү

Комментарийлер