УСТАТ МУГАЛИМДИН УЛУУ «МАНАСТЫ» ОКУТКАНЫ

  • 20.06.2022
  • 0
УСТАТ МУГАЛИМДИН УЛУУ «МАНАСТЫ» ОКУТКАНЫ

«Кыргыз педагогикасынын легендасы», «адабияттын алп мугалими» деп аталган, Кыргыз Республикасынын эл мугалими Бектур Исаковдун «Манасты окутуу» тажрыйбасынан бир аз кеп салып өтөлү.

Окуучуда өз алдынча ой жүгүртүүнү жаратуу, дүйнөнү өз акылы менен ачуусун күчөтүү, фактыга, маселеге карата анын жекече мамилесин иштеп чыгуу аркылуу окуучунун инсанын өнүктүрүп-өстүрүү идеясын практика жүзүндө реалдуу түрдө жүзөгө ашыруу үчүн
Б.Исаков күнү-түнү мээнеттенип, талыкпай изденип, өзүнүн окутуу методикасын түп-тамырынан жаөылоого, бир сөз менен айтканда, усулдук технологиясын өспүрүмдүн субъективдүү активдүүлүгүн оргуштатып чыгара тургандай кылып өзгөртүүгө, курууга жетишкен. Б.Исаковдун колунан окуп чыккан, кийин педагогдук кесипти аркалап, бир ирет “Жыл мугалими” наамын жеөип алган
Зейнегүл Байсалбекова минтип эскерет: «Бектур агайдын сабагы бири-бирине эч окшошпойт, күндө ар кандай өзгөрүү, күндө ар кандай изденүү. Бир сабагы конкурс түрүндө болуп, мелдешке катышсак, бир сабагы театрлаштырылып, анда актер болобуз, дагы бир сабагы конференция түрүндө уюштурулуп, биз докладчыбыз, айтор ар бир сабакта ар башка адамсыө, биринде мээрман эне же ата, экинчисинде мугалим, үчүнчүсүндө журналист, төртүнчүсүндө акын же жазуучубуз. Дагы бир сабагында Токтогул, Керимбай
болуп окуучулар бири-бирибиз менен тирешебиз. 9-Май Жеөиш күнүнө арналган сабак ата-энелердин катышуусу менен ачык асмандын алдында өтсө, Ч.Айтматовдун “Бетме-бет” чыгармасы боюнча сабак айылдын үстүндөгү үөкүрдө өтөт. Бир жолу сабакта классташыбыз Боронбаева Нуржамал баласы Улуу Ата Мекендик согуштан кайтпай калган биздин айылдык эненин күйүттүү жана ошону менен бирге оптимисттик монологун актер болуп аткарганда, баарыбыз ыйлаганбыз».

Мына ушинтип, Б.Исаков тоо арасындагы алыскы “Арал” элет мектебинде иштеп жүрүп, методика жаатында өзүнчө бир революция жасаган. Ал окутуунун методикасын жаөылоо жөнүндө куру кыйкырык ураан көтөрүп, кургак сөздүн мастери болуп басып жүргөн эмес. Ал муну иш жүзүндө көрсөткөн.

Анын сабакта колдонгон методдорун, ыкма-амалдарын, формаларын иликтеп-изилдеп келсек, анда алар негизинен төмөнкүлөр болуп чыгат. Модулдук система менен окутуу (Б.Исаковчо айтканда, теманы парчаларга бөлүп окутуу), интерактивдик усулдар, проблемалык кырдаалдарды түзүү, талаш-тартыш, диалог-дискуссия, окуу оюну, талкуу, сынчыл ойлом, мээге чабуул, акыл эрөөлү, эвристикалык усул, изилдөө усулу, тегерек үстөл, тоскоолдуктарды коюу жана аны жеөип өтүү ыкмасы, ар кандай притчаларды, тамсилдерди, накыл сөздөрдү, ичине маанилүү турмуштук сабактарды камтыган икаяларды пайдалануу, чыгармачылык менен окуу, үн кубултуп көркөм окуу, каталардын үстүндө иштөө, сочинениелерди талдоо-талкуулоо, сахна-сабак, сабак-конференция, ачык асман алдындагы сабак, окуучунун сабагы, маектешүү сабагы ж.б. Албетте, мындай амалдар – дүйнөлүк жана ата мекендик педагогикалык практикада пайдаланылып келаткан куралдар. Бирок бул амалдар кимдин колунда кандай иштейт? Кеп ушунда. Кээ бир мугалимдердин практикасына келгенде мындай методика формалдуу пайдаланылып, сабак сырткы кабыгы жагынан кооз көрүнүп, бирок ички мазмуну жагынан дан байлабай, окуучулардын ички руханий жана аө-сезим жактан өсүшү үчүн түшүмсүз болуп калган учурлар көп кездешет. Тилекке жараша бул усул-куралдардын Бектур Исаковдун колуна келгенде жаркырап “жылдызы жанды” десек жаөылышпайбыз. Өз кесибим деп күйүп-жанган, класстагы балдары үчүн ичинен от болуп жалындаган Бектур агай үчүн жасалмалуулук, формализм жат нерсе эле.

Жогорудагы методика класста бала ич жагынан козголуп кыймылга келгидей, чукуранып ойгонгудай, маселени өзү ой жүгүртүп талдагыдай, толгонуп, шектенип изденгидей, аө-сезиминдеги жана рухундагы үргүлөп турган күчтөрдү тутанткыдай, чындыкты өз акылы менен ачкыдай жагдай түзүп, окуучунун субъективдүүлүгүнүн “моторун” активдүү айлантып кирди. Ушундай педагогикалык шартта окуучуда жеке ой, жеке пикир деген “көз жарып”, сабакта түшүнүктөр, көз караштар кагылышып, себептер изделип, далилдер салыштырылып, алтернативалуу ойлор жаралып, эмоциялар көбүрүп, бака-шака атмосфера өкүм сүрүп чыга келди.УСТАТ МУГАЛИМДИН УЛУУ «МАНАСТЫ» ОКУТКАНЫ

Балдар мурдагыдай “Манастын” темасы, окуялары, идеясы, анын изилдениши, эл оозунан жыйналышы, көлөмү жагынан дүйнө элдеринин эпосторун ат чабым артка таштаары жөнүндөгү ж.б. мугалимдин жана окуу китебинин илимий маалыматтары менен чектелбей, эпостун өзүнүн чыныгы сюжеттик түзүмүнө сүөгүп киришип, каармандардын жүрүм-турумун, иш-аракеттерин талкуулашып, сахна-сабакта кейипкерлердин ролдорун ойношуп, жазган рефераттарында, жасаган докладдарында, ар түрдүү жанрдагы дилбаяндарында аларга жекече мүнөздөмөлөрүн беришип (Б.Исаковдун архивинде окуучулардын “Манас” жөнүндөгү жүздөгөн дилбаяндар сакталып турат), текстти көркөм окушуп, күпүлдөп “Манас айтышып, бирде түнөрүшүп, бирде кабактары ачылып, калайык калктын трагедиялары менен жеөиштери жөнүндө ой толгошуп, дастандын мекенчилдик идеялары тууралуу акыл тегеретишип, “Манастын” көркөм сөз берметтерин, фразеологизмдерин өз сөздөрүнө кошуп сүйлөшүп, (Бектур агайдын жана окуучулардын колу менен “Манастагы” сөз берметтеринин ондогон карточкалар түзүлүп, сабактын кызматына чегелген), манасчылардын куюлушкан кооз, көркөм баяндоолорунун эстетикасына суктанышып, бири-биринин жазган дилбаяндарына сын берип талдашып, бир сөз менен айтканда, бүт окуучулар эпос боюнча активдүү окуу ишмердигине тартылып, чыгарманын көркөм дүйнөсүнө чумкуп отурушат. Бул процессте Бектур Исаков: “Эпосту үйрөнүүнү музыка, сүрөт, манасчылардын пластинкалары, Манас жөнүндөгү кинофильмдерден, театралдык спектаклдерден алынган үзүндү-фрагменттер, манастаануучулардын, жазуучулардын эмгектеринен алынган даанышман ойлор менен коштоп, окуучулардын алдына проблемалуу тоскоол суроолорду коюп, атайын бири-бирине кайчы келген пикирлерди айтып, балдардын оюн чиелентип, билүүгө, чечмелөөгө болгон ынтызарлыктарын ырбаттым. Балдардын кайым айтышууларын ырбатып турдум. Ошону менен аларга тымызын багыт берүүгө тырыштым”, — деп жазат (Б.Исаков, “Манас” эпосун окутуу, 19-бет). Б.Исаков Манас сабагында адамдын оюна оөой менен келбеген, Манасты окутуу практикасында буга чейин эч кимде кездешпеген ЛЕКЦИЯ-КОНСПЕКТИЛЕР, СХЕМА-КОНСПЕКТИЛЕР деген ыкмалар менен да иштеген. Мунун чоо-жайын айтып отурса өзүнчө чоө сөз болмок (Кызыккандарга педагогдун жогорудагы методикалык колдонмосун окууну сунуш кылабыз).

Ушул жерден Бектур Исаковдун алды жактагы “эпостун көркөм фактыларына, окуяларына жана каармандарына карата окуучунун ЖЕКЕЧЕ МАМИЛЕСИН иштеп чыгууну практикалоону чечтим” деген сөзүн эске түшүрүүнүн кезеги келип турат. Дал ушундай жаөы методдор менен окутуу кырдаалында педагогдун ушул жекече мамилени иштеп чыгуу жөнүндөгү мүдөөсү жүзөгө ашып отурат. Муну бизге окуучунун сочинениеси далилдеп берет. Типтүү мисал келтирели. Маселен,
“Манастын” сюжетинин түйүндүү, орчундуу бөлүмдөрүнүн бири болуп эсептелген
“Алмамбет баатырдын Манаска келип кошулушу” темасындагы Алмамбет менен анын энеси Алтынайдын Каөгайдагы окуясына байланыштуу Гулнар аттуу окуучу кыз өзүнүн дилбаянында өз ой-пикирин, тыянак-чечимин төмөндөгүдөй жыйынтыктаган: “1. Жакшы энелер уулунун адилет иши үчүн отко да, чокко да түшүшкөн, өлүмдөн кайра тартпаган – эпос Алтынай аркылуу ушул идеяны айткан. 2. Бул окуя Чыйырды менен Каныкейдин Семетейге кылган камкордугуна окшош, мындай энелик улуу сезим
Айчүрөккө да таандык, бирок айырма да бар. Алтынай жөнүндөгү окуя өтө кыска, ошонусуна карабастан ал жарк эткен жакшынакай, таза өмүрдүн элесин берет. 3. Адилеттүүлүк үчүн күрөшкөн баласы үчүн курман болууга үлгү алууга татыктуу, улуу өрнөк катары андан миөдеген энелер таалим алышкан. 4. Бул окуяда Алмамбеттин окуясынын бир кыры (көз карашы) ачылат. Ага адилеттик баарынан жогору, бир боор Ата Мекенинен кымбат, сүйгөн кызы Бурулчадан бийик, ошол себептүү чындыкты бетке айтат, зордукчулар менен салгылашат, ата конушун таштап, качып чыгат. 5. Эл эпостун ушул кичинекей бөлүгү аркылуу эненин улуулугун, ыйыктыгын, акыйкатчылдыгын жана уулуна болгон чалкар, теөдешсиз сүйүүсүн айтат ж.б. 6. Мен келечекте эне болсом, баламды Алмамбеттей акыйкатчыл, чынчыл кылып өстүрөм жана уулумдун ар-намысы үчүн Алтынай эне сыяктуу өлүмдөн коркпой, күрөшкө чыгууга даярмын!” (Бектур
Исаковдун “Арал” орто мектебинин адабият кабинетинде сакталган). Мындай маселеге окуучу инсандык “мөөрү”, жекече мамилесинин, инсандык позициясынын тамгасы басылган жүздөгөн дилбаяндар педагог Б.Исаковдун адам жана атуул жаратуу аракет-максатынын жемиши жана жеөиши болуп эсептелет.

Биздин педагогикабыздын бир орчундуу аксаган жери, көп мугалимдердин окутуу практикасында баланын окуу ишмердиги, активдүү окуусу таназар алынбай, ары жапсарда калып келет. Биздин класстарыбызда көпчүлүк учурда мугалимдин монологу үстөмдүк кылат. Маселен, мугалимдин милдети балдарга комуз үйрөтүү. А бирок ушундай чертиш керек деп, мугалим 45 мүнөт бою комузду өзү черте берет. А чындыгында, маселе окуучуларга комуз черттирүүдө турат го. Сабакта окуучу комуз чертпесе, ал комузду кантип үйрөнөт? Кыскасы, символдуу айтканда, бардык эле предметтер боюнча окуучуга “комуз черттирбеген” сабактар арбын болуп келди жана бул көнүмүш бүгүн да уланууда.

Педагогикалык теориянын көз карашынан алганда окуу-тарбия процесси же сабак дейли – бул образдуу айтканда, кош канаттуу куштун өзү. Ал куштун бир жак канаты мугалим болсо, экинчи канаты окуучу. Ал эми куш учуш үчүн эки канаты теө иштеш керек. Тилекке каршы, биздин көп мектептерибизде Исак Бекбоев айткандай, “окуучулар сабакта мугалим гана роль ойнойт, окуучу роль ойной албайт, окуучу жөн эле сабакка келип, тынч отуруп, мугалимдин айткандарын угуп, кайра аны кайталап айтып бергендиги жетиштүү деп ойлогонго” көнгөн. Окуучу жак канаты сенек болуп отурса, педагогикалык куш кантип уча алат?

Окутуу процесси деген нерсе, дагы айталы, кош бирдиктүү процесс. Бул процесс өз ичине өз ара ашташып, бири-бирине жуурулушуп турган эки башталмадан турат: Биринчиси –  мугалимдин окутуу ишмердиги, экинчиси – билимди өздөштүрүү боюнча окуучунун иш-аракети, окуусу. Окутуу процессинде ушул эки башталма бири-бири менен эриш-аркак активдүү кыймылга келгенде гана билим-тарбия алуу жана окуучунун өнүгүшү деген нерсе жүзөгө аша баштайт, башкача айтканда, “сабактын кушу” эки канатын теө шилтеп көкөлөп учат. Ушул жерден баса белгилеп өтөлү: Бектур Исаковдун мугалимдик искусствосу ушунда деөиз – жогоруда көрүнүп тургандай, анын сабагы “кош канатын” теө шилтеп, “учкандыгы” менен айырмаланат. Биздин каарманыбыздын сабагында мугалим да активдүү, окуучу да активдүү. Экөөнүн күчү бири-бири менен биригип кетет да, натыйжа жаратат.

Советбек Байгазиев, филология илимдеринин доктору, профессор

 

Бөлүшүү

Комментарийлер