USAIDДИН КОЛДООСУ МЕНЕН ЖАРАНДЫК КООМ ГЕНДЕРДИК ЖАНА ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ЗОМБУЛУКТАН ЖАПА ЧЕККЕНДЕРГЕ ЖАРДАМ БЕРҮҮДӨ

  • 26.11.2020
  • 0

25-ноябрда АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) тарабынан каржыланган «Жигердүү жарандар» долбоорунун алкагында гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен 1,5 миңден ашык адамдарга жарандык коомдун уюмдары социалдык жана психологиялык колдоо көрсөтүштү.

Бул чаралар COVID-19-га байланыштуу карантиндик шарттарда Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк зомбулук фактыларынын көбөйүшүнө жооп катары иштелип чыкты. Алардын майнаптары менен жарандык коом өкүлдөрү 25-ноябрда «Үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу боюнча комитеттер, жетишкендиктер жана тыянактар» аттуу конференцияда бөлүшүштү. Бул конференция ошондой эле БУУнун «Гендердик зомбулукка каршы жигердүү иш-аракеттердин 16 күнү» эл аралык кампаниясынын башталышын да белгиледи.

USAIDдин атайын гранттарын алган он бир жарандык коом уюму үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккендерди жана аярлуу үй-бүлөлөрдүн мүчөлөрүн баш паанек жайлары, гигиена каражаттары, азык-түлүк, каржылык жардам менен камсыздап, ошондой эле психологиялык колдоо көрсөтүштү. Бул каржылоо акысыз юридикалык жардамды камсыздаган борборлордун, үй-бүлөдө зомбулуктун алдын алуу боюнча жергиликтүү комитеттердин, ошондой эле Эмгек жана социалдык камсыздоо министрлигинин алдында ачылган 111 тынымсыз байланыш кызматын күчөтүүгө жардам берди.

«Алдыдагы төрт жылда, “Жигердүү жарандар” долбоорунун алкагында USAID жарандык коомдун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн элге социалдык колдоо жана укуктук кызмат көрсөтүүнү жакшыртууга багытталган аракеттерин колдоону улантат. Бул жерде гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккендерге айрыкча көңүл бөлүнөт», — деп USAIDдин Кыргыз

Республикасындагы миссиясынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Алдер Бартлетт конференциядагы айтылган сөзүндө белгиледи.

2020-жылдын ноябрь жана декабрь айларында гранттык каржылоо алган он бир жарандык коомдун үчөө: «Абийир эл» коомдук бирикмеси (Ысык-Көл областы), «Демилгелүү ишкер аялдар» коомдук фонду (Ош областы), «Аялдарды колдоо борбору» коомдук бирикмеси (Чүй областы) өз долбоорлорун жүзөгө ашырышты. Алар 776 адамга жана 136 аярлуу үй-бүлөлөргө түздөн-түз колдоо көрсөтүштү. Жакынкы убакытта башка уюмдар да өздөрүнүн долбоорлорун аякташат. Жалпысынан бул он бир уюм гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен 1,580 адамга жардам бере алышты.

Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, COVID-19 илдетинин жайылуусуна байланыштуу киргизилген карантин учурунда, гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулук учурлары өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 60 пайыздан ашыкка көбөйгөн.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер