КЫРГЫЗСТАНДА АЛГАЧКЫ ЖОЛУ МАМЛЕКЕТТИК ҮЛГҮДӨГҮ PHD ДИПЛОМДОРУ ТАПШЫРЫЛДЫ

  • 17.04.2026
  • 0

2026-жылдын 16-апрелинде Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Исаматова өлкө тарыхында биринчи жолу философия доктору (PhD) окумуштуулук даражасынын мамлекеттик үлгүдөгү дипломдорун тапшырды.

Бул салтанат Кыргызстанда илимий кадрларды даярдоо системасын өнүктүрүүдөгү маанилүү этап болуп калды. PhD программалары боюнча адистерди даярдоо 2013-жылы пилоттук долбоор катары башталып, 2020-жылы жогорку кесиптик билим берүүнүн үч баскычтуу системасына өтүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдору менен бекитилген.

КЫРГЫЗСТАНДА АЛГАЧКЫ ЖОЛУ МАМЛЕКЕТТИК ҮЛГҮДӨГҮ PHD ДИПЛОМДОРУ ТАПШЫРЫЛДЫ

Ал эми 2023-жылы «Илим жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен PhD окумуштуулук даражасы расмий таанылган.

Салтанатта сөз сүйлөгөн министр бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, алардын өлкөнүн келечегиндеги ролун өзгөчө белгиледи.

“Илим — бул өнүгүүнүн негизги кыймылдаткычы. Ошондуктан сиздердин ар бириңиздердин эмгегиңиздер, изилдөөлөрүңүздөр жана демилгелериңиздер Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнө, атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн жогорулашына жана эл аралык деңгээлдеги аброюнун бекемделишине салым кошот деп ишенем”- деп белгиледи Гульзат Исаматова.

Белгиленгендей, 2025-жылдын январь айынан тартып PhD даражасына ээ болгон адистерге мамлекеттик бюджеттин эсебинен ай сайын кошумча төлөмдөр каралган.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 21 жогорку окуу жай PhD программалары боюнча илимий кадрларды даярдоодо.

Жалпысынан 80 бүтүрүүчү PhD даражасын алган, алардын 32 пайызы чет өлкөлүк жарандар.

Иш-чаранын алкагында министр тарабынан мамлекеттик үлгүдөгү алгачкы 12 PhD дипломдору тапшырылды.

Мамлекеттик үлгүдөгү документ санарип талаптарына жооп берет, документтин санарип форматы мамлекеттик портал «Түндүк» ААКы тарабынан иштелип чыккан.

Бөлүшүү

Комментарийлер