УНИВЕРСИТЕТТЕРДИН БОРБОРУ АЧЫЛДЫ

  • 28.11.2023
  • 0

И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде Кыргызстандын сегиз университети үчүн «Scopus» аймактык ресурстук борбору ачылды.

УНИВЕРСИТЕТТЕРДИН БОРБОРУ АЧЫЛДЫ

Бул борбордун ачылышында Elsevier компаниясынын глобалдык стратегиялык тармактар боюнча вице-президенти Марат Фатхуллин, Informascope компаниясынын башкы директору Киванч Чинар, Рабига Хожамкул — Elsevierдин Борбор Азия жана Азербайжан боюнча консультанты жана илимий иштер боюнча проректорлор катышышты.

Университеттердин жооптуу кызматкерлери, китепкана, илим жана рейтинг бөлүмү, IT адистери, жана профессордук-окутуучулар курамдарына  илимий макала жазуу үчүн Scopus жана SciVal куралдарын колдонуу  боюнча 23-24 ноябрда семинар-тренингдер өткөрүлдү.

УНИВЕРСИТЕТТЕРДИН БОРБОРУ АЧЫЛДЫ

Тренинг-семинарларга Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети, И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы, К. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети,  ADAM университети, Салымбеков университети жана Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин өкүлдөрү катышты.

Иш-чара сегиз жогорку окуу жайынын илимий кызматкерлерин методикалык жактан камсыз кылуу маселелери боюнча талкуу болду. Катышуучулар илимий изилдөөлөрдү колдоо жаатында пикир жана тажрыйба алмашып,  академиялык коомчулуктун алкагында илимий иштердин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатууга багытталган пландарды жана чараларды талкуулашты.

Айгерим Токтобаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер