БААТЫРЛАР БАЯНЫ

  • 30.04.2025
  • 0

9-майда белгилене турган Улуу ата мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата Кыргызстанда бир катар иш-чаралар бекитилип, өткөрүлүп жатат. Өлкөдө согуш ардагерлеринин катары жылдан-жылга кыскарууда. Ошол себептен аларды урматтап, жаштарга алардын эрдигин, баатырдыгын даңазалап, мектеп окуучуларына, студенттерге  бул жеңиштин маанилүүлүгүн жеткирип туруу зарыл.

БААТЫРЛАР БАЯНЫУлуу ата мекендик согуш ― 1941–45-жылы совет элинин фашисттик Германияга жана анын союздаштарына (ИталияВенгрияРумынияФинляндияЖапония) каршы Ата Мекенинин эркиндиги жана көз карандысыздыгы үчүн адилеттүү күрөшү.

Улуу ата мекендик согуш экинчи дүйнөлүк согуштун (1939–45) маанилүү жана чечүүчү бөлүгү болгон.

Согуш жылдары Кыргызстан 300 миңден ашык жаңы тургундарды кабыл алган. 30 миңден ашык кыргызстандыктар республикадан тышкары, аскердик өнөр-жай ишканаларына иштөөгө жөнөтүлгөн.

БААТЫРЛАР БАЯНЫУлуу ата мекендик согушта Украина, Россия жана Беларусиядан республикага отуздан ашык өнөр-жай ишканаларынан жабдуулар көчүрүлүп келген. Кыска мөөнөттүн ичинде фронт үчүн керектүү продукция көчүрүлүп келинген ишканалардын базасында чыгарып баштаган жаңы ишканалар курулган. Алар фронтко бардык жактан күчөтүлгөн жардам көрсөтүүнүн маанилүү фактору болуп калган. Алардын ичинде: «Красный швейник» фабрикасы, «Красный металлист» заводу, М.В. Фрунзе атындагы айылмашзаводу,  ОСОАВИАХИМ тигүү фабрикасы, Ош жибек комбинаты, Новотроицк, Кант, Беловодск кант заводдору, Кенафтык фабрикасы жана башкалар. Согуш жылдарынын ичинде өлкөдө 70тен ашык өнөр-жай ишкана ишке киргизилген. Машина курулушу, түстүү металлургия, көмүр өнөр-жайы, энергетика, айрым жеңил жана тамак-аш өнөр жай тармактары өнүгө баштаган.

Согуш жылдары республиканын колхоз-совхоздору коргоо фондуна 74 миң тоннага жакын буудай жана 8 миң тоннадан ашык эт өткөрүшкөн. 1943-жылы биринчи кезекте Чоң Чүй каналынын курулушу да аяктаган. Бул объекттердин бардыгы элдик курулуш ыкмасы менен курулган. 1942-жылы  Хайдаркан сымап комбинаты ишке киргизилген.

Айыл чарбасында механизатордук кадрларды даярдоо боюнча иштер жүргүзүлүп, 1941-жылы кыска мөөнөттүү курстарда 2812 тракторист, алардын ичинен 2787 –аялдар, жана  570 комбайнёрлор даярдалып чыккан. 303,6 миң тонна нан жана 22,3 миң тонна картошка камдалган. Армия колхоз, совхоздордон 54 миң тандалган жылкыларды алган.

БААТЫРЛАР БАЯНЫОшондуктан Улуу ата мекендик согушка канча кыргызстандык катышып, кандай эрдиктери, каармандыктарды жаратканы тууралуу  Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү журналист, акын-жазуучу Ысмайыл Кадыровдун “Кыргыз Гиннеси” китебинен алынган айрым маалыматтарды жарыялоону эп көрдүк.

БААТЫРЛАР БАЯНЫ-Улуу ата мекендик согушка Кыргызстандын 363 миң 144 жараны чакырылса, анын ичинен 1395и кыз-келиндер болгон. Гитлердин баскынчылары менен ар бир алтынчы кыргызстандык кан майданда кармашкан. 162 миң жоокер эрдик көрсөтүү менен каза болуп, ата журтуна кайтпай калган. Бул согушта баатырдыгы, эрдиги, каармандыгы жана туруктуулугу үчүн Кыргызстандын 150 миң жоокери орден-медалдар менен сыйланган. 73 жоокер Советтер Союзунун Баатыры деген жогорку наамга татыган болсо, анын ичинен 12си кыргыз жигиттери болгон. 29 адам Даңк орденинин толук үч даражасы менен сыйланса, анын сегизи кыргыздар эле. Булар дагы баатырга тете адамдар деп эсептелет.

БААТЫРЛАР БАЯНЫ-Улуу ата мекендик согушта кыргыз жоокерлеринен биринчи болуп 1941-жылы Ленин ордени менен сыйланган Садыгаалы Байбачаев (1910-1945) болгон. Ал орденге Ленинград блокадасында бир дивизия аскерди курчоодон куткаргандыгы үчүн татыган.

-Улуу ата мекендик согушта кыргызстандык жоокерлердин ичинен биринчи болуп Советтер Союзунун Баатыры деген ардак наам алган – Дмитриев Николай Михайлович (1917-1981) болгон. Ал наамды 1941-жылдын 10-июлунда Беларусиянын Борислав шаарынын жанында душмандардын эки танкасын талкалап, катуу жарадар болгонуна карабай үчүнчү танкасын жарактан чыгарган эрдиги үчүн алган.

БААТЫРЛАР БАЯНЫ-Жердешибиз генерал Иван Панфиловдун командачылыгындагы 316-аткычтар дивизиясынын 28 гвардиячы-панфиловчулары 1941-жылдын 16-ноябрында Москва шаарына жакын Дубосеково разъездинин жанында болгон салгылашууда теңдешсиз эрдик көрсөтүшкөн. Алар 4 саатта душмандын 4 танкасын талкалап, ондогон жоокерлерин өлтүрүп, баары курман болгон. Алардын баарына Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган. Алардын ичинен жети кыргызстандык, бир кыргыз жигити болгон. Алар: Н.Ананьев, Г.Конкин, И.Москаленко, И.Панфилов, Г.Петренко, Г.Шемякин, Д.Шопоков эле.

БААТЫРЛАР БАЯНЫ-Фашисттик душмандын ок жаап турган дзотунун амбразурасын денеси менен жаап, 1942-жылы 5-августта Чолпонбай Түлөбердиев өлбөс-өчпөс эрдик жараткан. Украинанын Воронеж обласындагы Дон дарыясынын боюнда болгон ошол салгылашта Чолпонбай болгону 20 гана жашта эле.

-Согуш мезгилинде танк куруу үчүн биринчилерден болуп өз каражаттарынын эсебинен чоң суммадагы акча бергендер Кочкор районундагы Арал айыл чарба артелинин мүчөсү Жого Жаңыбаев, Ат-Башы районундагы Жаңы-Күч колхозунун мүчөсү Алмакун Чагараков, Ош облусунун Совет районунан Батыйма Бегалиева, Зулия Өмүрзакова, Сурамбүбү Ибраимова, Түп районунун Өрнөк колхозунан Байзак Норузбаев жана башкалар болгон. Нарын облусунун Тянь-Шань районундагы Эчки-Башы айылынан жети жылдык  мектебинин окуучусу Алма Акунова берген каражатка “Кыргызстан пионери” деген танка жасалган.

-Бегилүү акын Тенти Адышева эженин айтуусу боюнча кыргыздардан биринчи танкист кесибине ээ болгон адам — Жаныбек Жоробаев.

БААТЫРЛАР БАЯНЫ-Улуу Ата мекендик согуштун баатырларына курулган биринчи эстелик-  Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Иван Панфиловго арналып, 1942-жылы Бишкекте курулган. Кийин бул эстеликтин жанында генералдын урматына эс алуу жайы курулуп, анын ысымы ыйгарылган.

БААТЫРЛАР БАЯНЫ-Улуу ата мекендик согушта Жумгалдан барган Акун Садырбаевдей эрдикти эч ким көрсөтүп, кайталай алган эмес. Ал 1942-жылдын 13-декабрында душмандар ыргыткан 16 гранатасын колу менен тосуп алып, кайра өздөрүн көздөй ыргыткан. Он жетинчи гранатаны тосуп алган учурда колунда жарылып курман болгон.

-Улуу Ата мекендик Согуштагы эрдиги үчүн Советтер Союзунун Баатыры наамын эң кеч 1991-жылы алган кыргыз учкучу Ысмайылбек Таранчиев болгон. Ал 1923-жылы туулуп, 1944-жылы эрдик көрсөтүү менен курман болгон. Ал согушта жеке өзү душмандардын 5 танкасын, 38 курал-жарак, жүк ташуучу автоунаасын, 29 жүк арабасын, 2 темир жол вагонун, 3 самолётун, 3 артиллериялык замбирегин, 200 аскерин жок кылган. АН-2 самолёту менен 1471 жолу өз алдынча каармандык көрсөтүп учкан. 1944-жылы Эстониянын асманында учуп жүргөндө душмандардын огунан курман болгон. Көзү өткөндөн  47 жылдан кийин эрдиги бааланган.

Президент Садыр Жапаровдун чечими менен Кыргызстанда Экинчи дүйнөлүк согуштун  көзү тирүү 32 ардагеринин ар бирине 100 миң сомдон бир жолку материалдык жардам көрсөтүлөт. Ал үчүн президенттин фондунан 3 млн 232 миң сом бөлүү тапшырмасы берилди.

Кабыл Макешов, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер