«УЛУУ ЖЕҢИШКЕ — 75 ЖЫЛ»

  • 27.04.2020
  • 0

Чүй районунун Балдардын, өспүрүмдөрдүн чыгармачылык борборунун ийрим жетекчилери “Улуу Жеңишке — 75 жыл” майрамына карата аралыкта окуучулар менен Улуу ата мекендик согуш күнүнө карата аңгемелешүүлөрдү өткөрүп, анда сүрөт жана сувенир буюмдарга, ошондой эле согуш мезгилиндеги ырларга сынактар уюштурулуп өттү. Сынакка ийрим окуучулар аткарган иштерин жана видеоырларын WhatsApp жана электрондук вариант аркылуу жөнөтүшкөн.

«УЛУУ ЖЕҢИШКЕ  - 75 ЖЫЛ»

«УЛУУ ЖЕҢИШКЕ  - 75 ЖЫЛ»

Борбордун директору Дамира Абдылдаеванын берген маалыматы боюнча, иш-чараны өткөрүүнүн максаты — Улуу ата мекендик согуш мезгилиндеги элдин эрдиги жөнүндөгү тарыхый эскерүүлөрдү сактоо, аң-сезимдүүлүктү бекемдеп, тарыхый окуялар жөнүндө окуучулардын билимдерин кеңейтүү жана өсүп келе жаткан жаш муундарды атуулдук-мекенчилдик жана руханий адептүүлүккө тарбиялоо.

«УЛУУ ЖЕҢИШКЕ  - 75 ЖЫЛ» «УЛУУ ЖЕҢИШКЕ  - 75 ЖЫЛ»

  • Борбордун ар тараптуу иш багытындагы ийрим жетекчилери иш-чарага карата ийрим окуучулардын чыгармачылыгын активдештирүү жана өзгөчө таланттуу балдардын чыгармачылык жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү максатта – кол менен жасалган иштерине сынак өткөрүп, окуучулардын кайтарым аткарган эң жакшы иштерин алышты. Бул сынакка жалпы 200дөн ашык 6 жаштан 17 жашка чейинки ийрим окуучулар өздөрүнүн аткарган сүрөт иштери жана Улуу ата мекендик согуш мезгилиндеги ырларды жатка айтуу менен активдүү катышты, — дейт борбордун директору.
  • «УЛУУ ЖЕҢИШКЕ  - 75 ЖЫЛ»
  • «УЛУУ ЖЕҢИШКЕ  - 75 ЖЫЛ»
  • «УЛУУ ЖЕҢИШКЕ  - 75 ЖЫЛ»

Сүрөт, ыр айтуу сынактардын максаты – ийримчилердин согуш жөнүндөгү билимдерин өнүктүрүү. Ошондой эле ырларды жеткиликтүү көркөмдөп окуусун калыптандыруу менен ырларды жаттап айтуусун, эс тутумун машыктыруу жана өнүктүрүү, Ата Мекенди сүйүү жана патриоттук сезимге тарбиялоону көздөдү.

«УЛУУ ЖЕҢИШКЕ  - 75 ЖЫЛ»

«УЛУУ ЖЕҢИШКЕ  - 75 ЖЫЛ»

— «Англис тили”, “Мектеп лидери”, “Хор”, “Балдарды эрте өнүктүрүү” ийримдери окуучулар үчүн WhatsApp аркылуу согуш жылдарындагы тасмалар жөнүндө киносабак, видеослайддарга сынак өткөрүштү. Сүрөт тартуу, ыр айтуу жана кол менен жасоо боюнча аткарылган иштердеги сынактын жеңүүчүлөрү грамоталар менен сыйланышат, — дейт Д.Абдылдаева.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер