УЛУУ УСТАТТЫН ТАБЫЛГАСЫНА АРНАЛГАН СЕМИНАР

  • 11.01.2022
  • 0

Жаңырган жылдын 7-январында Бишкек шаарындагы «Наима» жеке мектебинде устатыбыз Гапыр Мадаминовдун «Акыл эмгегинин маданияты», «Устаттык өнөрү» жана «Энелер мектебин уюштуруу» аттуу китептеринин негизинде мектептер аралык тажрыйба алмашуу семинары болуп өттү.

УЛУУ УСТАТТЫН ТАБЫЛГАСЫНА АРНАЛГАН СЕМИНАР

Семинарга Чүй районундагы Иса Үкүев атындагы орто мектебинин жана «Наима» жеке менчик мектебинин мугалимдери катышты. Аталган семинар улуу устаттын кызы Гүлсара Мадаминованын жана эки мектептин директорлору — Замира Мамбетованын, Абиба Маткасимованын жетекчилигинде өттү. 

— Бүгүнкү семинар заманыбыздын Дүйшөнү, мугалимдердин мугалими Гапыр Мадаминовдун иш-тажрыйбасын окуп-үйрөнүүгө арналды. Анткени, улуу устаттын жетишкен ийгиликтери кыргызэ элинин, мугалимдердин, окуучулардын, ата-энелердин арасында жайылтылып, кадыр-баркка ээ болуп жатат, — дейт Чүй районундагы Иса Үкүев атындагы орто мектептин директору Замира Мырзабековна.

Семинардын дагы бир уюштуруучусу өз пикирин төмөнкүдөй билдирди.

— Биздин эки шериктеш мектептин
мугалимдери онлайн түрүндө «Акыл эмгегинин маданияты» менен «Устаттык өнөрүнүн» эки айлык курсун окуп жатышат. Семинардын максаты онлайн курстун бүтүрүүчүлөрүнүн арасында өтүлгөн сабактар боюнча бир айдын жыйынтыгын чыгарып, тажрыйба алмашуу болуп саналат, — дейт «Наима» менчик мектебинин директору Абиба Маткасымова.

УЛУУ УСТАТТЫН ТАБЫЛГАСЫНА АРНАЛГАН СЕМИНАР

Мугалимдер үчүн пайдалуу бул семинар уюштуруучулардын жана устаттын кызы Гүлсара Мадаминова менен агайдын окуучусу Айнура Каландарованын таасирдүү кириш сөздөрү менен башталды.

УЛУУ УСТАТТЫН ТАБЫЛГАСЫНА АРНАЛГАН СЕМИНАР

Эки мектептин ар бир мугалими өзүнүн каалаган темасы боюнча көрсөтмөлүү кылып, презентация жасашты. Ар бир темага суроолор берилип, талкуу болуп турду. Гапыр агайдын мурунку окуучусу, педагог Айнура Каландарова мугалимдин ролунда болуп, мугалимдерге кызыктуу сабак өтүп берди.

УЛУУ УСТАТТЫН ТАБЫЛГАСЫНА АРНАЛГАН СЕМИНАР

Кыргыз кыртышынан жаралган ушундай зор эмгекти, тажрыйбаны жайылткан Гапыр Мадаминов агайыбызга каалоо-тилектерди айтуу менен семинар өз ишин аяктады.

Карачева Ырыс,
Чүй районундагы Иса Үкүев атындагы орто мектеби, башталгыч класстар мугалими

 

Бөлүшүү

Комментарийлер