УЛУУ МУРАС – «МАНАС» ЖАНА АБТАНДИЛ КУЛБАРАКОВДУН ӨЛКӨНҮН ПАТРИОТТУК-ТАРБИЯ СИСТЕМАСЫНА САЛГАН ИНВЕСТИЦИЯСЫ

  • 28.10.2022
  • 0

Жумгалдан чыккан кыргыздын мекенчил уулу, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Абтандил Кулбараков элдин турмуштук көйгөйлөрүн чечүү, калайык-калкынын жеңилин жерден, оорун колдон алып, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болгон гумандуулугу, кужүрмөндүүлүгү, жоомарттыгы менен айырмаланып, журттун алкоосуна татып, ак батасын алып келген инсан. Элге жасаган башка жүздөгөн жакшылыктарын айтпаган күндө да, бир эле өз каражатынан 10 миллион сомго Кызарт айылына 25 орундуу төрөт үйүн салдырып бергени эмне деген жоомарттык. Ал соңку жылдарда эле эл-журтка 200 миллион сомго жардам берген.

УЛУУ МУРАС – «МАНАС» ЖАНА АБТАНДИЛ КУЛБАРАКОВДУН ӨЛКӨНҮН ПАТРИОТТУК-ТАРБИЯ СИСТЕМАСЫНА САЛГАН ИНВЕСТИЦИЯСЫ

А.Кулбараковдун демөөрчүлүгү жана демилгеси менен Жумгалда республикалык алкактагы хоккей мелдеши уюштурулуп келе жатат. Бул спорт дүйнөсү үчүн өзүнчө эле бир жаңылык болду. Абтандил мырза илимди, адабиятты колдоосун улантып, 2016-жылы «Тарых жана маданият» жылында улуу «Манас» эпосунун руханий-адептик нарк-дөөлөттөрүн, мекенчилдик, патриоттук баалуулуктарын жайылтуу максатында «Улуу Манас баатыр – урпактардын патриоттук идеалы», «Каныкей – Ала-Тоолук кыздардын рухий адептик маягы» аттуу китептерди өз демөөрчүлүгү, демилгеси менен 1000дей нуска чыгарып, таалим-тарбия муктаждыгы үчүн Теңир-Тоо элине белек иретинде Нарын облусунун бардык мектептеринин китепканаларына акысыз таратып берген. Бул китеп патриоттук тарбиянын куралы катары 2016-жылы КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан мектептерге сунушталган эле. Мугалимдер А.Кулбараковго терең ыраазычылыктарын билгизишкен. Ушул эле китептер Жалал-Абад облусунун мектептерине да таратылган.

Биз идеалды чоочун жактардан издөөгө, башкаларды механикалык түрдө ээрчүүгө, бөлөк үлгүлөргө көзүбүздү жуумп алып сыйынууга тийиш эмеспиз. Өрнөк кыла турган нравалык идеал катары, маяк катары тутуна турган ак жаркын улуу үлгүлөр өзүбүздүн улуттук коломтобузда турат. Ошондой маяк – «Кулаалы жыйып куш кылган, куранды жыйып журт кылган», кыргыз элинин эркиндиги үчүн жанын курман чалган улуу Манас ата, Бакай, Кошой, Каныкей болуп саналат. Кечээгиден дагы мисал келтирели. «Ыйман. адеп жана маданият» жылында да эл депутаты теңиртоолук мугалимдерге, тарбиячыларга жардамга келди. 2017-жылы да облустук методикалык борбордун өтүнүч-кайрылуусун орундатып, «Манас» эпосунун борбордук каармандары-акылман Бакай жана даанышман Кошой жөнүндөгү илимий популярдуу таалим-тарбия китептерин дагы өз каражатына чыгарып, облустун бардык райондорунун бардык мектептерине акысыз таратып, маданий-педагогикалык эң зор ишти жасап олтурат. Бул китептер Чүй, Талас облустарынын мектептерине да таратылган болчу. Президенттин «Улуттук нарк жөнүндө» бүгүнкү Жарлыгынын өңүтүнөн караганда да бул тарбия куралдары мектеп үчүн зарыл. Манас менен Кошойдун Кытай ханы баскынчы Алоокенин алтын-күмүш казынасын өздөрүнүн менчигине басып албай, эзилген түрк-мусулман элдерине бөлүштүрүп таратып бериши – ааламда жок айкөлдүктүн белгиси болгон. Манас айкөл, берешен, боорукер («Карыган карып кезиксе, каралашып май бергин, жолоочу мискин, мусапыр, жолукса кенен жай бергин, минерине тай бергин, жесирине уй бергин» – Манастын насаатынан). Манастын мындай нравасы жалпы эле кыргыздын пейилинин гуманизмин мүнөздөйт. Бүгүнкү күндө Манас атанын насыятын орундап жаткан урпактардын бири дал ушул А.Кулбараков деп айтпай коё албайбыз.

Абтандилдин Жогорку Кеңешке депутат болуп турган кезинде берешендиги тууралуу төмөнкү элдик пикирлерге да көңүл буруп өтөлү: «Абтандил мырза Кыргыз мамлекетинде бир топ жакшы иштерди жасап келгенин, жасап да жатканын, жасай да берээрин айтпай коюуга болбос. Айрымдарын эле айта кетели. Билим дүйнөсүнө жакындыгынанбы, же билимдүүлөр коомдун кыймылдаткыч күчү экенин сезе билгендигиненби, Кулбараков 2001-жылдан тарта 2010-жылга дейре 29 мектеп арасында 100 (жүз) балага 500 (беш жүз) сомдон, 30 (отуз) мугалимге миң сомдон стипендия берип келген. Жумгал районунун ар бир айылындагы муктаж тургундарды жыл сайын көмүр менен камсыздоого алат. Абтандил мырза жайлоого багытталган жолдордо 7 көпүрө куруп, айрымдарын оңдоп-түзөтүп берген. Ал – мекенинин журт сүйөр патриоту. Ал коомдук тартип, мыйзамдуулук үчүн да колунан келген аракетин бир гана Жумгал жери эмес, Кыргызстандын кай аймагы болсун жумшап келет. Ага эки мисал жетээр. Панфилов жана Жайыл районунун милиция кызматкерлерине иштери жакшы жүрүшү үчүн бирөөсү 345000 сомдон турган атайын кызматтык автоунаа белек кылды. Ал эми мамлекетибизде жаңыдан өнүгүп келе жаткан хоккей оюнун көтөрүү максатында ушу тапта жылына 300000 сомдон ашуун каражатын бөлүп колдоп келет». (Амантур Мусагул уулу «Де-Факто», 18.08.2017-ж.)

«Абтандил Кулбараков өлкөбүзгө кирип келген таажы ылаңынын айынан жарыяланган карантин учурунда кичи мекени Жумгал районуна өз жардамын берди. Жардам сураган жеке жарандарга жардамын аябай келген эл өкүлү өзгөчө абал учурунда да жардамын аяган жок. Унчукпай жүрүп «үйдөй иштерди» үндөбөстөн бүтүрүүнү адатка айлантып алган Абтандил Илдузович берген жардамын башкалардай сүрөткө тартып, пиар кылбай, жеңил баадан алыс болду». («Де-Факто
22.05.2020-ж. Камчы Кадыров»).

«Жыл сайын 7-ноябрда касиеттүү Жумгал жергесинде «Дан майрамы» өткөрүлүп келет. Быйыл дагы салтка айланган саамалык уланып, райондун борбору Чаек айылынын «Байзак» aт майданында майрам жогорку деңгээлде белгиленди. Эр эңиш, кыз куумай, көк бөрү, жорго салыш, кунан чабыш, тайган агытыш сыяктуу улуттук оюндарды көрүүгө келген элдин маанайы жогору болуп, ар бир оюнга берилүү менен күйөрмандык кылышты. Майрамдык иш-чаранын башкы демөөрчүсү Жумгалдан чыккан Жогорку Кеңештин депутаты Абтандил Кулбараков болуп, жалпы байге фондуна жеке каражатынан 300000 сом бөлдү. Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлык менен кубок жана дипломдор ыйгарылды. Жалпы эки миңден ашык адамдын башын кошкон иш-чарага жеринде күбө болуп, репортаж жасап кайттык». («Де-Факто» 15.11.2019. Баян Кулова). «Жумгал жергесинде хоккей майрамын өткөрүү салтка айланып калды. Жыл сайын өзүбүздөн чыккан депутат Абтандил Илдузович бул майрамга чоң суммадагы байге коёт. Быйыл да жеке каражатынан 300 миң сом бөлүп берди.

Жумгал жергесинде өткөн бир гана хоккей эмес, кандай иш-чара, кандай көйгөй болбосун, дээрлик көбүнө депутатыбыз Абтандил Кулбараков өзү демөөрчүлүк кылып келет. Депутат уулуна Жумгал эли абдан ыраазы». (Адыл Сапаров, Жумгал районунун акими. «Де-Факто» 31-январь, 2020-ж.)

Кайрадан «Манас» эпосуна келели. Абтандил Кулбараков Жумгал районунун борбору Чаек айылында райондук билим берүү кызматкерлери менен жолугуп, таалим-тарбия боюнча кеңири маек курат. Жолугушуу учурунда Абтандил Жумгал районундагы бардык мектептердин тарбиячыларына, мугалимдерине жана мектеп окуучуларына «Айкөл Манастын адеп-ахлак кодекси» аттуу китебинин 1000 нускасын өз каражатына чыгарып, акысыз таратуу акциясын жүргүзгөн. «Манас» жөнүндөгү окуу-тарбия куралын мынчалык санда бекер таратуу буга чейин райондун тарыхында болгон эмес. А.Кулбараковдун бул демилгесин райондун билим берүү кызматкерлери, мугалимдер, мектеп жетекчилери өтө кубануу менен кабыл алышкан жана берешен уулга өздөрүнүн ыраазычылыктарын билдиришкен. Конференция өткөрүшкөн.

2020-жылы менин публицистикалык-философиялык, илимий-популярдуу 6 томдук эмгегиме демөөрчү болушу А.Кулбараковдун адабият менен искусствону колдоп келе жаткан далай меценаттык ишмердигинин айтарлык акцияларынан болду. Өлкөбүздүн билим тарбия системасы Абтандил мырза каржылаган бул окуу китебинен бай түшүм жыйнайт деген үмүттөбүз. Экс-депутат Президенттин «Манас» Жарлыгын аткарууда. 2022-жылы республиканын жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн эң зарыл болгон «Манастаануу» аттуу окуу китебин да каржылап отурат. 2022-жылы Кыргыз билим берүү академиясы чыгарган «Манас» эпосунун педагогикасы» аттуу китепти да өз каражатына чыгарып, бул китеп менен Жалал-Абад облусунун мектептери толук жабдылган. Азыркы күндө депутат болбосо деле элге жардам берүүсүн улантууда. Анткени ал табиятынан жоомарт, жүрөгү эл деп согот. Ата-энеси жөнөкөй, даанышман адамдардан болушкан. Алар элдик наркты жаш Абтандилдин көкүрөк-көөдөнүнө сиңирип коюшкан. «Тышкы механикалык революциялардан майнап аз. Ар бирибиз өзүбүздүн ичибизде революция жасашыбыз керек» — дейт А.Кулбараков. Ал ички рухий өзгөрүүлөрдүн фактору катары китепти, анын ичинде «Манас» эпосун эсептейт. Жогорудагы 6 томдуктун экөө «Манас» жана Ч.Айтматов», «Улутум – кыргыз, урааным – Манас!» деп аталат. Манас Атаны туу туткан Абтандил атуул дегенде, төмөнкү ыр саптары өзүнөн өзү көмөкөйүңдөн чубуруп чыгат:

Эл-журтуң кыйындыкта турган кезде,

Жол баштап, бороондорду жиреп бердиң.

Рахмат сенин жигер-кайратыңа,

Түндүктү уук болуп тиреп бердиң.

 

Алсыздарга каландың керегедей,

Алкышы тийсин сага калың элдин.

Тагдырдын күч сынаган жарышында,

Арыштап Тайторудай чуркап бердиң.

 

Атанын чын уулу деп сени айталы,

Бузулганды тургузуп, куруп бердиң.

«Көкөтөй ашындагы» Кошой сындуу

Калкымдын намысы үчүн туруп бердиң.

 

Акча, байлык кут эмес, өзүң үчүн —

Эл мүдөөсү тутунаар тумар болуп…

Рухтун туусун кармап көкөлөсөң,

Карайбыз бийигиңе кумар болуп…

 

 Советбек  Байгазиев,
Кыргыз эл жазуучусу,  филология илимдеринин доктору, профессор

Бөлүшүү

Комментарийлер