УЛУТТУК УНИВЕРСИТЕТ АККРЕДИТАЦИЯДАН ӨТҮП ЖАТАТ

  • 28.10.2020
  • 0

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттиги тарабынан  программалык жана институционалдык аккредитациядан онлайн өтүп жатат.

УЛУТТУК УНИВЕРСИТЕТ АККРЕДИТАЦИЯДАН ӨТҮП ЖАТАТ

Аккредитация 27-октябрда башталды. Иш-чаранын башында окуу жайдын ректору Канат Садыков КУУнун ишмердүүлүгүн текшерген бул процедуранын маанилүүлүгүнө токтолуп, жыйындын катышуучуларын аккредитациялоонун тартиби менен тааныштырды.

УЛУТТУК УНИВЕРСИТЕТ АККРЕДИТАЦИЯДАН ӨТҮП ЖАТАТ

Бул жолу университеттин жогорку кесиптик билим берүү боюнча 48 бакалаврдык, беш кесиптик, үч магистрдик жана орто кесиптик билим берүү боюнча бир кесиптик программасы өтөт. Ал үчүн түзүлгөн 31 адамдан турган эксперттик комиссияны Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин профессору, техника илимдеринин доктору, КР Инженердик академиясынын академиги Канатбек Кожобаев жетектөөдө.

УЛУТТУК УНИВЕРСИТЕТ АККРЕДИТАЦИЯДАН ӨТҮП ЖАТАТ

Ал эми институционалдык аккредитациядан өткөрүү үчүн алты адамдан турган эксперттик комиссияны Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттигинин директору, техника илимдеринин доктору, профессор Бактыбек Исмаилов жетектеп жатат.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер