УЛУТТУК УНИВЕРСИТЕТКЕ СЫЙМЫК АЛЫП КЕЛГЕН СТУДЕНТТЕР

  • 26.11.2020
  • 0

Ж. Баласагын атындагы КУУнун Педагогикалык факультетинин студенттери окуу жайга 1-байгени алып келди.

Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясынын  Кыргыз радиосу менен биргеликте өлкөбүздүн жогорку окуу жайларынын студенттеринин ортосунда бир жыл аралыгында уюштуруп келаткан  «Тилим менен улутмун » аттуу республикалык радиотаймашта 18 окуу жайдын ичинен Ж. Баласагын атындагы КУУ 1-байгени жеңип алган.

УЛУТТУК УНИВЕРСИТЕТКЕ СЫЙМЫК АЛЫП КЕЛГЕН СТУДЕНТТЕР

  • КУУнун Педагогикалык факультетинин студенттери Талантбек кызы Назира, Абылгазы кызы Кылым, Бекмуратова Кайырма финалдык оюнда Кыргыз мамлекеттик юридикалык университети, Кыргыз-Түрк «Манас» университети, И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы, Кыргыз экономикалык университети менен ат салышып, командалык оюнда өздөрүнүн интеллектуалдык бийик деңгээлин, терең билимин, жогорку даярдыгын көрсөтүү менен 1-орунду багындырып, университетке сыймык алып келди. Байгеге 20 миң сом акчалай сыйлык жана 1-даражадагы диплом менен бүгүн сыйланышты. Биз өз студенттерибиз менен сыймыктанабыз! – дейт факультеттин деканы, п.и.к. Рахат Сулайманова.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер