УЛУТТУК ИННОВАЦИЯЛЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР МЕКТЕП-ЛИЦЕЙИНЕ ЖАҢЫ ДИРЕКТОР ДАЙЫНДАЛДЫ

  • 03.04.2026
  • 0

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин 2026-жылдын 2-апрелиндеги №11-4/48 буйругуна ылайык, А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин директору болуп Ибрагимов Жайнак Усенович дайындалды.

Жаңы дайындалган жетекчи билим берүү тармагында тажрыйбалуу адис катары белгилүү. Ал информатика мугалими болуп эмгектенип, англис тилинде эркин сүйлөйт. Мындан тышкары, республикалык директорлор сынагында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинде эң жогорку упай топтоп, кесиптик даярдыгы жана лидерлик сапаттары менен айырмаланган.

УЛУТТУК ИННОВАЦИЯЛЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР МЕКТЕП-ЛИЦЕЙИНЕ ЖАҢЫ ДИРЕКТОР ДАЙЫНДАЛДЫ

Жайнак Ибрагимов буга чейин мигранттардын балдары жана мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулар үчүн түзүлгөн “Тунгуч” онлайн мектебинин ачылышына зор салым кошуп, аны ийгиликтүү ишке киргизген. Ошондой эле көп жылдар бою окуу иштери боюнча директордун орун басары болуп иштеп, уюштуруучулук жөндөмү жана билим берүү тармагындагы тажрыйбасы менен таанылган.

Агартуу министрлиги жаңы жетекчиге жооптуу кызматында ийгиликтерди каалап, мектеп-лицейдин өнүгүшүнө жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууга олуттуу салым кошоруна ишеним билдирет.

Бурулкан КЕНЖЕБЕКОВА, «Кут Билим» 

Бөлүшүү

Комментарийлер