УИАГА ПАКИСТАНДЫН ЭЛЧИСИ КЕЛДИ

  • 03.12.2018
  • 0

28-ноябрда УИАнын президенти, академик М.Джуматаев Пакистандын Кыргызстандагы элчиси  Файсал Нияз Тирмизини кабыл алды.

Жолугушууда М.С.Джуматаев УИАнын илимий-изилдөөчү мекемелери жана анда аткарылып жаткан иштер менен тааныштырды. Эки тарап Пакистандын жана Кыргызстандын илимдеги жетишкендиктери, алдыдагы көйгөйлөр, аларды чечүүдө эки мамлекеттин илимпоздорунун кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү, жаш окумуштууларды тарбиялоо жөнүндө ой бөлүшүштү.

М.Джуматаев өз сөзүндө: “Биздин саясий, территориялык, гуманитардык, диний, каада-салттык, кыргыз жана урду тилинин окшоштуктары ж.б. жагындагы чектешип кеткен жагдайларыбыз бар. Мына ушул жактан иш баштасак жакшы ийгиликтерге жетише алабыз”, – деген пикирин билдирди.

Бөлүшүү

Комментарийлер