ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРИ КАЗАКБАЕВ ТҮРКИЯГА ИШ САПАР МЕНЕН БАРДЫ

  • 11.11.2020
  • 0

Түркия Республикасынын Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун чакыруусу менен Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 9-10-ноябрь күндөрү Түркияга иш сапары менен барды.

ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРИ КАЗАКБАЕВ ТҮРКИЯГА ИШ САПАР МЕНЕН БАРДЫ

Эки өлкөнүн Тышкы иштер министрлеринин өз ара достук жана түшүнүшүү алкагында өткөргөн жолугушууларында министрлер, Түркия-Кыргызстан мамилелеринин учурдагы абалын жана эки өлкөнүн мамилелерин ар тармакта дагы да өнүктүрүүгө багытталган мүмкүнчүлүктөрдү талкуулашып, эки өлкөнүн кызыкчылыгында болгон регионалдык жана эл аралык деңгээлдеги маселелер боюнча пикир алмашышты.

Бул алкакта;

Түрк тарабы Кыргызстандын саясий стабилдүүлүгүнө, коомдук тынчтыгына жана экономикалык бейкутчулугуна маани берерин ырастоо менен бирге, 2020-жылдын 14-октябрында түзүлгөн Кыргыз Өкмөтүнө ийгилик каалап, алдыдагы мезгилде өтө турган Президенттин жана парламенттик шайлоо процесстерин Конституциянын алкагында коомдук консенсус жана инклюзивдүү мамиле менен ишке ашырылуусуна маани берерин баса белгиледи.

ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРИ КАЗАКБАЕВ ТҮРКИЯГА ИШ САПАР МЕНЕН БАРДЫ

Тараптар тышкы саясат, коопсуздук жана коргоо, эконмика, соода, илим жана өнөр жай, байланыш, энергетика, айлана-чөйрө жана шаар куруу, саламаттык сактоо, дыйканчылык жана мал-чарбачылык, туризм жана спорт тармактарында кызматташтыкты тереңдетүү, бул максатта эки тараптуу жана ар тараптуу механизмдерди колдонуу боюнча макулдашышты.

Тараптар, бул алкакта, Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда саясий, консулдук, дипломатиялык билим берүү программалары,  маалыматты иштеп чыгуу / архивдөө боюнча тиешелүү бөлүмдөрдүн ортосунда алдын-ала макулдашылган графиктин алкагында консультацияларды өткөрүү жана кызматташтыкты улантууга макулдашышты.

Тараптар, өз ара пайдалуулукка багытталган эл аралык авто, аба жана темир жол транспортун, анын ичинде инфраструктура жаатында кызматташууну мындан ары бекемдөөгө жана Транскаспий Чыгыш-Батыш эл аралык коридорун куруу демилгеси боюнча конкреттүү кызматташуу кадамдарын жасоого макулдашышты.

Тараптар, эки өлкөнүн жетекчилери белгилеген 1 миллиард АКШ долларын түзгөн эки тараптуу соода жүгүртүү максатын кыска убакыттын ичинде ишке ашыруу үчүн керектүү күч-аракетти жумшай тургандыктарын билдиришти.

Бул алкакта Кыргыз тарабы, Кыргызстандагы Түрк инвесторлорунун юридикалык жана жеке коопсуздугун камсыздоо үчүн бардык чаралары көрүүгө милдеттенди.

Тараптар, эки өлкө ортосундагы аскердик билим берүү, коргоо өнөр жайын жана коопсуздук тармагындагы кызматташтыкты керектүү укуктук негизде дагы алдыга жылдыруу жана эки өлкөнүн тиешелүү мекемелеринин ортосунда аскердик даярдык жана коопсуздук боюнча бирдиктүү түшүнүктү иштеп чыгуу менен иш-чараларды ишке ашырууну макулдашышты.

Тараптар, Ыйман Руханий Өнүктүрүү Фондунун иш-аракеттерин арттыруу үчүн Түркия тарабынан көрсөтүлгөн колдоого байланыштуу тийиштүү мекемелердин ортосундагы ишти улантуунун конкреттүү натыйжасына негизделген иштерди аткаруу жаатында сүйлөшүштү.

Тараптар, Түрк тилдүү мамлекеттердин Кызматташтык Кеңеши (Түрк Кеңеши) баш болгон, аймактык жана эл аралык деңгээлде түзүлгөн уюмдардын учурдагы кызматташтыктыгын жана өз ара мамилелерин тереңдетип, алардын тилектештигин күчөтүү боюнча макулдашышты.

Тараптар терроризмдин жана экстремизмдин бардык түрлөрүнө каршы чечкиндүү күрөшүүгө, эки өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирген бардык түзүмдөргө каршы күрөштү күчөтүүгө жана коопсуздук жаатында кызматташууну тереңдетүүгө макулдашышты.

Түрк тарабынын ФЕТӨ террордук уюму жөнүндө берген ар тараптуу маалыматы жана конкреттүү мисалдарын эске алуу менен,  ар кандай террористтик иш-аракеттерге каршы туруу жаатында эки тараптын тыгыз кызматташтыкта ​​иш алып баруусу, ушул тармактардагы укуктук жардамдын конкреттүү натыйжаларына жана терроризмди каржылоонун алдын алуу иш-чараларына токтолушту.

Тараптар COVID-19 пандемиясы менен биргелешип күрөшүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Бул алкакта кыргыз тарап эпидемияга каршы күрөшүүдө көрсөткөн жардамы үчүн түрк тарапка ыраазычылыгын билдирди. Түркия тарап Кыргызстан менен саламаттыкты сактоо жаатында кызматташууну улантаарын жана боордош кыргыз элине COVID-19 эпидемиясына каршы күрөшүүдө керектүү жардамдарды берүүгө даяр экендигин дагы бир жолу билдирди.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р. Казакбаев Түркия Республикасынын Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглуну Стратегиялык пландаштыруу тобунун кийинки жолугушуусу үчүн ыңгайлуу учурда расмий иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасына чакырды. Түркия Республикасынын Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу ыраазычылык билдирүү менен чакыруусун кабыл алды.

Түркиянын КРдагы Элчилиги
Басма сөз кеңеши

Бөлүшүү

Комментарийлер